АГАРТУУ МИНИСТРИ МАНАС ШААРЫНДА

  • 05.02.2026
  • 0

5-февралда Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Жалал-Абад облусунун Манас шаарында мектеп директорлору менен жолугушту.

АГАРТУУ МИНИСТРИ МАНАС ШААРЫНДА

АГАРТУУ МИНИСТРИ МАНАС ШААРЫНДА

АГАРТУУ МИНИСТРИ МАНАС ШААРЫНДА

Жолугушууга Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунун жана Манас шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, ошондой эле аймактагы мектеп директорлору катышты.

Иш-чарада билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер, мектептердин ишмердүүлүгүн жакшыртуу, башкаруу сапатын жогорулатуу жана билим берүүнүн сапатын көтөрүү багытындагы сунуш-пикирлер талкууланды.

Министр билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин суроолоруна жооп берип, тармакты өнүктүрүүгө багытталган бир катар тапшырмаларды берди.

Г.А., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер