АГАРТУУ МИНИСТРИ АЗИЗ ЖАНА НАЧАР КӨРГӨН БАЛДАР ҮЧҮН АТАЙЫН ЖАТАК-МЕКТЕПКЕ БАРДЫ

  • 03.02.2026
  • 0

Бүгүн, 3-февралда, Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкек шаарындагы Азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектебине барып, окуучулардын ата-энелери менен жолугушту. Жолугушууга министрдин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев, курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Бакай Турдугулов жана Бишкек шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Мозгачева да катышты.

АГАРТУУ МИНИСТРИ АЗИЗ ЖАНА НАЧАР КӨРГӨН БАЛДАР ҮЧҮН АТАЙЫН ЖАТАК-МЕКТЕПКЕ БАРДЫ

Жолугушуунун жүрүшүндө Таш-Дөбө айылында жаңы мектеп-интернат куруу боюнча пландалган долбоор талкууланды. Бакай Турдугулов курулуш долбоору менен тааныштырып, анда окуу корпусу, жатакана, спорт аянтчалары жана бассейн камтылары белгиленди. Бул заманбап комплекс балдардын коопсуз жана ыңгайлуу шартта билим алуусуна шарт түзмөкчү.

АГАРТУУ МИНИСТРИ АЗИЗ ЖАНА НАЧАР КӨРГӨН БАЛДАР ҮЧҮН АТАЙЫН ЖАТАК-МЕКТЕПКЕ БАРДЫ

Агартуу министри жаңы жатак-мектептин дарылоо мекемелерине жакын жайгашуусу окуучуларга өз убагында медициналык жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берерин белгиледи. Ошондой эле комплекс инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүүгө, заманбап технологияларды колдонууга жана көрүүсү начар балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрүн айтты.

АГАРТУУ МИНИСТРИ АЗИЗ ЖАНА НАЧАР КӨРГӨН БАЛДАР ҮЧҮН АТАЙЫН ЖАТАК-МЕКТЕПКЕ БАРДЫ

Жолугушууда ата-энелер менен мугалимдердин пикирлери угулуп, бардык сунуштар эске алына турганы, башкы приоритет катары балдардын кызыкчылыгы сакталары белгиленди.

Маалымат үчүн:

Аталган мектеп 1939-жылы курулган. Учурда анда Кыргызстандын бардык аймактарынан келген 220 окуучу билим алат. Окутуу 1–11-класстарда жүргүзүлүп, Брайль шрифтин колдонуу менен жалпы жана көмөкчү билим берүү программалары ишке ашырылат.

Бөлүшүү

Комментарийлер