АГАРТУУ МАЙДАНЫНЫН ЖООКЕРИ ЭЛЕ
- 20.03.2025
- 0
Токтогул районундагы Чолпон-Ата айылынын тургундары ошол айылда 40 жылдан ашык мугалим болуп иштеп, жаш муундарды тарбиялоого эбегейсиз эмгек сиңирген Калича Жунусованын ысымын №20 “Ак-Тилек” бала бакчага ыйгаруу жөнүндө демилге көтөрдү.
Айылдаштарынын мындай демилгеси бекеринен чыккан жок. Алар жердеши Улуу Ата мекендин согушта өрт аралап кан кечип, атуулдук милдетин абийирдүүлүк менен өтөгөн жоокердин жесири Калича Жунусованын басып өткөн өтөлгөлүү өмүр жолун жаш муундарга таберик сымал тартуулап сактап калуу мүдөөсүн көздөшүүдө.
Жунусова Калича 1923-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Кара-Суу районунда жарык дүйнөгө келген. 1935-1942-жылдар аралыгында Киров атындагы мектепте билим алган. Ал окуусун аяктаган мезгилде Батышта кан төгүлгөн каардуу согуш башталып калган эле. Ошол 1942-жылы мектепти жакшы баалар менен аяктаган тың кызды Киров мектебинде башталгыч 2-класстарга окутуучу катары дайындаган. Мындай шарт согуш жылдары жаңылык деле эмес эле. Мугалимдердин тартыштыгынан мектепте мыкты окуган алдыңкы окуучуларга ушундай ишеним артылып, өзүнөн кийинки балдарга мугалим катары сабак өтүшө турган. 1944-жылы Кайырма мектебине 3-класстарга мугалим болуп которулган. Балким ошондо мугалимдик кесипке шыгы ойгонсо керек, ал билимин жогорулатуу максатында Жалал-Абад шаарындагы педагогикалык училищеден билим алат. 1954-жылы окуусун ийгиликтүү аяктаган соң, жогорку билим алуу мүдөөсүн көздөп ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек) В.Маяковский атындагы кыз-келиндердин педагогикалык институтуна кирип, башталгыч класстардын мугалими кесибине ээ болот. 1960-1968-жылдары Карл Маркс атындагы мектепте башталгыч класстардын балдарына сабак берип жүрүп, 1968-жылы Ж.Бөкөнбаев атындагы мектепке которулгандан тартып, ардактуу эс алууга чыкканга чейин ошол мектепте эмгектенген.
Маңдайына жаңыдан мектеп босогосун аттаган бөбөктөргө “а” тамгасын үйрөтүү менен билим дүйнөсүнүн сырдуу эшигин ачуу таалайы жазылган педагог, мектепте окуучу балдарды, үйүндө өз балдарын окутуп-тарбиялоого болгон күч-дараметин жумшап иштеп, кесиптештеринин, айылдаштарынын арасында урмат-сый, аброй топтоп, эл кызматына жараган татыктуу уул-кыздарды тарбиялап өстүрдү. Эненин аруу тилеги орундалып, балдары эл алкышына арзыган эр азаматтардан болуп чоңойгонуна айылдаштары да сыймыктанат.
Чолпон-Ата айылындагы №20 “Ак-Тилек” бала бакчасынын башчысы Аниса Мырзамамытова аталган бала бакчага Жунусова Каличанын ысымын ыйгарууга арналган чогулушта сүйлөгөн сөзүндө Калича апанын өмүр баянына токтолуп, анын эл арасында кадыр-баркы өтө жогору болгондугун жана бала бакчанын атын атоого толук татыктуу адам экендигин белгиледи.
— Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, 2014-жылы Туратбек Абдыгулов айыл өкмөт башчысы болуп иштеп турган кезде өзү демилге көтөрүп, ушул бала бакчаны курдурган. Ошол мезгилден тартып ар тараптуу демөөрчүлүк колдоолорду көрсөтүп келе жатат. Биз бул жерде агартуу тармагында жарым кылымга жакын эмгектенип, бир нече муундун өкүлдөрүнө татыктуу билим-тарбия берген мугалим Жунусова Каличанын баатырдык эмгегин жана анын уулу, ушул бала бакчанын түзүлүшүнө түздөн-түз тиешеси бар Туратбек Абдыгуловдун кошкон салымын эске алуудабыз. Туратбек Абдыгулов бала бакча курулгандан бери үзбөй жардам берип келатат. Алсак, бала бакчага бут кийим чечип кирүүчү жай курууга инвестор таап салдырып берди. Андан сырткары, бала бакчага барчу жолду тегиздеп, кум, шагыл түшүрүп оңдотту. Мындан ары да өз жардамын аябайт деп ишенебиз, — деди.
Бала бакчанын дагы бир кызматкери Сырга Бекмуратова бала кезинен Жунусова Калича апанын дарегине өтө көп жылуу сөздөрдү угуп жүргөнүн эскерди.
— Менин апам Калича Жунусованын колунан билим алган. Апам бизге ал кишиден окуган сабактары, алган тарбиясы тууралуу көп айтып берер эле. Ошондой эле Калича апанын уулу Туратбек Абдыгуловдун бала бакчага көрсөткөн көмөгүн айтпай кетсек болбос. Ал быйыл бала бакчага кошумча корпус куруу идеясын көтөрүп, 2,5 млн сомдук долбоорду өтө тездик менен иш жүзүнө ашырганга жардам берди. Турат аке өзүнүн эсебинен курулуш иштерине керектүү кум-таш, шагыл сыяктуу курулуш материалдарын сатып алууга демөөрчүлүк көрсөттү, — дейт.
Калича Жунусованын жердештери анын согуш маалында чоңдор менен теңтайлашып мектепте балдарга билим эле бербестен, оорукта эмгектенгендерге да дем-күч берип, жаштыгына карабай жеңишти жакындаткандардын алдыңкы сабында турган каармандыгын унутпай айтып келет.
— Калича апаны согуш убагында оорукта мугалим болуп иштеген каарман жоокер десек жарашат. Ал Улуу Ата мекендик согуш маалында, согуштан кийинки чарбаны калыбына келтирүү мезгилинде ар бир окуучунун үйүнө барып, алардын жашоо шартына көңүл буруп, болгон көйгөйлөрүн чечип, окуусун улантууга көмөктөшкөнү жөнүндө көп эле укканым бар. Калича ападан билим-тарбия алган окуучуларынын дээрлик баары жогорку билимдүү, элине, айылына ак эмгек өтөгөн көрүнүктүү инсандар, — дейт бала бакчанын дагы бир кызматкери Чынара Алиева.
Бала бакчада тарбиячы болуп иштеген Сезим Токтаалы кызы Калича апаны кошуна катары жакындан жакшы таанычу. Анын айтымында, ал адам окуткан билими эле эмес, баскан-турганы, башкаларга жасаган мамилеси менен үлгү болгон.
— Биз Калича апа менен кошуна турчу элек. Анын жөнөкөйлүгү, окуучуларына, айыл тургундарына жасаган мамилеси бир башкача жан эле. Апанын тарбиялаган уул-кыздарынын баары жогорку билимдүү, жөнөкөй, адамгерчиликтүү, эл үчүн кызмат кылган үлгүлүү инсандар. Тун уулу Туратбек Алыкулович бала бакчанын түптөлүшүнөн азыркы учурга чейин кол үзбөй келет. Кеп чындыгында анын материалдык жардамында эле эмес. Биз, жердештери Калича Жунусованын өзү, басып өткөн жолу, ал тарбиялап өстүргөн балдары башкаларга да оң таасир берип үлгү болсо, жакшы адамдын ысымы өчпөсө дейбиз. Мурда баарыбыз каармандарды китептерден, кинолордон издесек, азыр ошол эл камын көргөн уул-кыздар ушундай эл сыйына татый тургандыгын, алардын эмгеги унутулбай тургандыгын, эң негизгиси, ошондой каармандар катарыбызда эле жүргөнүн көрүп-билип, алардан үлгү алып үйрөнсөк деп ойлойм. Ошондо тарбиябыз да татыктуу, көрсөтмөлүү болмок, — дейт.
Тээ алыскы Токтогул өрөөнүндөгү бир кыштакта мугалимдик кесипти тагдырына согуш жазып койгон карапайым мугалимдин өмүр баянына сереп салсаң, бир караганда анын өзгөчөлүгүн деле көрө албайсың, а бирок эне сүтү оозунан кете элек тестиер кезинен тарта чоң милдетти, ого эле жогорку жоопкерчиликти мойнуна алып, балдарга билген билимин үйрөткөн секелек кыздын эмгеги кан күйгөн алааматта жанын оозуна тиштеген эр-азаматтардын эрдигине тете экендигин да тана албайсың, андыктан жогорудагы жердештери айткан каармандыгына, үлгү экендигине, ысымын бала бакчага ыйгаруу сунушу туура экендигине ынанбай кое албайсың.
К.Жунусованын ысымын Токтогул районунун Чолпон-Ата айылындагы №20 бала бакчага ыйгаруу тууралуу айылдаштарынын сунушу тиешелүү инстанцияларындын баарына жеткирилди. Бала бакчанын чогулушунда талкууланып, кызуу колдоого алынган Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын VII сессиясынын 2024-жылдын 9-августундагы №40 токтомунун чечими Токтогул районунун акимине, КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана ошондой эле КР Билим берүү жана илим министри Д.Кендирбаевага жиберилген. Андыктан жердештеринин өтүнүчү орундалып, жогоруда айтылган бала бакчага Калича Жунусованын ысымы ыйгарылат деп ишенебиз.
Атактуу акын Аалынын “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” деген учкул сөзү Калича Жунусова сындуу элет жеринде карапайым, а бирок каадалуу өмүр сүрүп, эмгеги элине сиңген, муундан муунга унутулбай уланып келаткан баяндуу адамдарга арналса керек.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер