АФГАН СОГУШУНА 37 ЖЫЛ: ОШТУДА КОНОК ЛЕКЦИЯ ӨТТҮ

  • 16.02.2026
  • 0

Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин Коомдук жана табигый илимдер борборуна караштуу Коомдук илимдер предметтик-циклдик бирикмеси афган согушуна 37 жыл толушуна карата тарбиялык маанидеги конок лекция уюштурду.

Иш-чаранын негизги максаты — тарыхый окуяларды эске салуу, жаш муундарга тынчтыктын баалуулугун түшүндүрүү жана мекенчилдик, патриоттук сезимди калыптандыруу болду.

Лекцияга афган согушунун ардагерлери Курманбек Токтосунович, Беделбай Бургобаевич жана Райимжан Кадырович катышып, согуштун тарыхы, анын оор сыноолору жана жоокерлердин кайратмандыгы тууралуу студенттерге таасирдүү баяндама жасашты. Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер суроолорун берип, ачык пикир алышуу болду.

Иш-чаранын соңунда ардагерлерге жаш муундарды тарбиялоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык баракчалар ыйгарылды. Мындай жолугушуулар студенттерди мекенчилдикке, патриоттуулукка жана тарыхты урматтоого үндөйт.

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер