АЭУнун СТУДЕНТИ 3-ОРУНДА

  • 23.10.2024
  • 0

«Ала-Тоо» Эл аралык университетинин студенти BRICS Future Skills & Tech Challenge- 2024 сынагында “Киберкоопсуздук” компетенциясы боюнча 3-орунду ээледи.

АЭУнун СТУДЕНТИ 3-ОРУНДА

Кадырмамат Момунов окуу жайдын IT факультетинин 3-курсунун студенти.  Учурда Германияда кош диплом программасынын алкагында билим алууда. Студенттин айтымында, бул сынакка практикалык көндүмдөрүмдүн тастыктоочу документ алуу максатында катышкан.

 

— Биздин команда Кыргызстандын атынан чыкты, бирок менин шеригим Елнур Нурмуханов Казакстандан болчу. Ал Кыргызстандын атынан чыкканга макул болуп, мындай масштабдуу иш-чарага биринчи жолу катышканына карабастан мелдешке тез көнүп кетти. Тапшырмалардын көбүн мен аткардым, бирок анын колдоосу абдан пайдалуу болуп, биргеликте жакшы натыйжаларга жетише алдык. Бул чемпионатка катышуу биз үчүн баа жеткис тажрыйба болду жана келечекте бизге пайда алып келет деп ишенем. Мелдештин жыйынтыгында биз үчүнчү орунду ээлеп, ар бирибиз Киберкоопсуздук боюнча компетенциябызды тастыктаган расмий Skills Passport алдык. Ошондой эле мен үчүнчү орун үчүн диплом алдым, бул биздин BRICS Future Skills & Tech Challenge — 2024 катышуубуздун жагымдуу жыйынтыгы болду, — дейт.

 Аталган сынак төрт модулдан: сценарий боюнча коопсуз тармакты түзүү, Jeopardy форматындагы CTF, виртуалдык серверге кол салуу, чабуулчунун чабуулун иликтөө, чабуулда колдонулган ыкмаларды жана куралдарды талдоодон турдлу.

 Эске салсак, BRICS Future Skills & Tech Challenge — 2024 эл аралык чемпионатына 30дан ашык өлкөнүн 1000ден ашык студенти 20дан ашык компетенция боюнча катышты.

Иш-чара Орусиянын жана башка БРИКС+ өлкөлөрүнүн динамикалуу өнүгүп жаткан аймактарындагы алдыңкы өнөр жай компетенттүүлүк борборлорунда жана өндүрүш аянтчаларында бетме-бет жана бөлүштүрүлгөн форматта өттү.

Бөлүшүү

Комментарийлер