АЭУ ICOM 2025 конференциясында: Дүйнө жүзү уккан ойлор
- 02.12.2025
- 0
2025-жылдын ноябрь айынын аягында Кыргызстандын делегациясы эл аралык музей адистеринин эң ири аянтчасы болгон International Council of Museums (ICOM) уюштурган эл аралык конференцияга катышты. Бул конференция тарыхта биринчи жолу Жакынкы Чыгыш, Африка жана Түштүк Азия региондорунда өткөрүлдү.

Дубай бул эл аралык иш-чара өтө турган региондогу алгачкы аянтча болуп, музей тармагындагы алдыңкы адистерди бириктирди. Конференциянын ачылышына Дубайдын башкаруучу үй-бүлөсүнүн өкүлдөрү – Дубайдын мураскер ханзаадасы, БАЭнин вице-премьери жана коргоо министри Шейх Хамдан бин Мохаммед бин Рашид Аль Мактум, ошондой эле Dubai Culture and Arts Authority’нин төрайымы Шейха Латифа бинт Мохаммед бин Рашид Аль Мактум катышты. Шейха Латифа саламдашуу сөзүн сүйлөп, эмираттын маданий көрөгөчтүүлүгүн белгилеп өттү. Алардын катышуусу бул форумдун эл аралык макамынын жогору экенин жана региондогу музей коомчулугуна көрсөтүлгөн колдоонун масштабын айгинелейт.
Кыргызстандык делегациянын курамына 7 адам кирип, алардын арасында “Ала-Тоо” Эл аралык университетинин (АЭУ) профессордук-окутуучулук курамынын өкүлдөрү: Социалдык илимдер факультетинин “Жарнама жана коомчулук менен байланыш” кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Айнура Кабатай кызы, ошондой эле арт-куратор, тележурналист жана “Журналистика” кафедрасынын ага окутуучусу Жамбы Джусубалиева болушту. Окутуучулар панелдик талкуулардын алкагында илимий кластер бөлүмүндө доклад жасашты.

Дубайда ICOM Кыргызстан Улуттук комитетинин активдүү ишмердүүлүгү өзгөчө белгиленди. Аида Алымованын жетекчилиги алдында комитет эл аралык байланыштарды кеңейтип, кесиптик кызматташууларды чыңдап, Кыргызстанды дүйнөлүк музей коомчулугуна активдүү аралаштырууну күчөттү.
Жамбы Джусубалиева менен Айнура Кабатай кызынын адабият жана музыкалык музейлер комитети (ICLCM) алкагындагы доклады конференциянын катышуучуларынын көңүлүн өзгөчө бурду. Алардын “Living Literature: Reimagining the House of Kubatbek Jusubaliev as a Creative Museum Residence in the Alai Mountains of Kyrgyzstan” аттуу долбоорунун презентациясы эң көп талкуу жараткан темалардын бири болду.

Изилдөөчүлөр Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин үйүн заманбап чыгармачыл арт-резиденцияга айлантуу концепциясын сунушташты. Бул резиденция адабий мурасты, искусствону жана Алай аймагынын жергиликтүү маданий практикаларын бириктирген уникалдуу мейкиндик катары каралган. Эл аралык эксперттер долбоордун инновациялуулугун, терең иштелип чыкканын жана эл аралык кызматташуу үчүн жогорку потенциалын белгилешти. Кыргызстандык бул демилге журналистика, кураторлук жана медиа тармактарынын синтези аркылуу өзгөчөлөнүп, көңүл бурдурду. Кесиптик медиа-практикаларды пайдалануу музейлердин аудитория менен коммуникациясын күчөтүп, заманбап маданий продукттарды жаратууга өбөлгө түзөөрү белгиленди.
Талкуулардын жүрүшүндө музей тармагын өнүктүрүүдө коомчулук менен байланыштын (PR) жана журналистиканын маанилүү ролу белгиленди: заманбап коммуникациялар музейлерге аудиторияны кеңейтүүгө, маданий долбоорлорду күчөтүүгө жана Кыргызстанды эл аралык аренада таанытууга жардам берет. Бул долбоор адабий резиденциялар аймактардын маданий өнүгүшүнө кандай салым кошо аларын талкуулаган дүйнөлүк дискуссияга байкаларлык үлүш кошту.

Кыргызстандык делегация санариптештирүүгө, музейлердин туруктуу өнүгүүсүнө арналган негизги тематикалык сессияларга да активдүү катышты. Конференциянын жыйынтыгында Жакынкы Чыгыш жана Европа өлкөлөрүндөгү музей уюмдары менен мүмкүн болчу өнөктөштүктөр боюнча макулдашуулар каралды.
Кыргызстандын ICOM 2025ке катышуусу өлкөнүн эл аралык макамын бекемдеп, глобалдык музей дискурсуна кошкон салымын дагы бир жолу көрсөттү. Алынган билимдер жана түзүлгөн байланыштар өлкөнүн маданий инфраструктурасын жана музей тармагын өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоорлордун негизин түзөт.



Комментарийлер