Адылбек Касымалиев Таластагы “Акылман” президенттик лицейинин курулушу менен таанышты

  • 24.03.2026
  • 0

24-мартта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилердин курулушу менен таанышты.

Адылбек Касымалиев Таластагы “Акылман” президенттик лицейинин курулушу менен таанышты

Иш сапарынын жүрүшүндө өкмөт башчысы Талас шаарында курулуп жаткан “Акылман” президенттик лицейинин имаратынын курулушунун жүрүшүн көрүп чыкты. Лицейдин курулушу жана анын келечектеги ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева берди.

Маалыматка ылайык, 2026–2027-окуу жылына карата “Акылман” президенттик лицейинин Манас жана Талас шаарларындагы филиалдарын ачуу пландалууда.

Адылбек Касымалиев Таластагы “Акылман” президенттик лицейинин курулушу менен таанышты

Бөлүшүү

Комментарийлер