АДЫЛБЕК КАСЫМАЛИЕВ СТЭНФОРДГО ӨТКӨН КЫРГЫЗСТАНДЫК АБИТУРИЕНТТИ КУТТУКТАДЫ
- 07.04.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев АКШдагы Стэнфорд университетине бакалавриат программасы боюнча толук грант утуп алган кыргызстандык Амиртай Бексултанов менен жолугушту.
![]()
Жолугушууда Министрлер Кабинетинин башчысы жаш абитуриентти дүйнөдөгү эң абройлуу окуу жайлардын бирине ийгиликтүү кабыл алынганы менен куттуктап, бул жетишкендик анын тынымсыз эмгегинин, максатка умтулуусунун жана билимге болгон жогорку кызыгуусунун натыйжасы экенин белгиледи.
Касымалиевдин айтымында, мындай ийгиликтер жеке үй-бүлө үчүн гана эмес, бүтүндөй өлкө үчүн сыймык болуп саналат. Ал ошондой эле Амиртайдын жетишкендиги башка окуучулар үчүн үлгү болуп, жаштарды билим алууга жана чоң максаттарды коюуга шыктандырарын кошумчалады.
«Бул Амиртайдын ата-энеси үчүн гана эмес, өлкө үчүн да сыймык. Мындай мисалдар окуучуларыбызды билимге умтулууга жана максаттарына жетүүгө шыктандырат деп ишенем», — деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
Маектин жүрүшүндө мамлекет башчысынын администрация жетекчиси жаштардын интеллектуалдык потенциалын колдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенине токтолду.
Жолугушуунун соңунда Адылбек Касымалиев Амиртай Бексултановго мындан аркы окуусуна ийгиликтерди каалап, эстелик белек тапшырды.
Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”
Комментарийлер