Адамгерчиликти кайра-кайра эстеткен мыкты мугалим бар 

  • 03.10.2025
  • 0

Азыр ардактуу эс алууда…

Окуучулардын көзүнөн билимин текшерген, сөзүнөн дилин түшүнгөн, көз карашы менен тартипке салган мыкты мугалим Эшимбеков Мейманалы агайга ыраазычылык билдиремин.

Көп жыл илгери Өзбекстандагы √22 Фаробий атындагы кыргыз интернатында алгебрадан бизге сабак берди. Агайдын сабагы абдан тез бүткөндөй сезилчү. Жалпак тил менен түшүндүрүп, илимий стилде багыт берип, табышмактуу тапшырманы окуучуга артчу… Ал күндөрдү, андагы математика сабагын кадимкидей эстеп, сонун күндөр өткөн экен-деп каламын.

Адамгерчиликти кайра-кайра эстеткен мыкты мугалим бар 

Андан кийин √21 Совет орто мектебинде мугалим, директор болуп иштеген мезгилде таштак, суу жетпеген мектептин айланасына катар катар тизилген арчаларды, көз жоосун алган бархатный розаларды эгип, элдин алкоосуна калды. Бул иши менен канчалаган жетекчилерге үлгү болуп, окуучуларына сыймык жаратты.

Эки-үч жыл десем жалган болот, 3-4 жылдан бери арча, карагай көчөттөрүн үйдө жетилтип, Совет айылына эле эмес, кошуна Кара-Үңкүр, Ажек айылдарына да бекер акчасыз берип , мазарларга отургузууну сунуштоодо. Соопко калып жаткан, коомдун мугалимине окуучусу катары, мугалим катары кала берсе адам катары «Эл мугалими» -деген наамды бергим келет.

Сөзү өтүмдүү, көкүрөгү көздүү агайды илгери Ала-Бука районундагы Чаначсайдагы Жоогазын аттуу балдардын жайкы эс алуу лагерине барганымда текшерүүгө келген эжеке:

— «Математика мугалимиңер ким, Эшимбеков Мейманалы агайбы?-деп калбаспы. Аптыга: -«Ооба»-деп кубанып кеттим.

-«Абдан мыкты мугалим»- деп сөзүнө басым жасап сүйлөп калды.

Биздин агайды мыкты- деди деп, сүйүнгөнүмдөн учуп жүргөндөй эле болгонмун.

Урматтуу Эшимбеков Мейманалы агай, сизди терең урматтап, мугалимдер майрамы менен куттуктаймын. Бакубат өмүрдө узак жашаңыз. Дөөлөт күткөн, сөөлөт күткөн өмүр жолуңуз, эмгек жолуңуз берекелүү болгондугу биздин жерге, биздин элге чоң сыймык тартуулайт.

Мазарга тигилген арча көчөттөр жапжашыл болуп, шамалга сеңселип турат. Эл ыраазы , эгем ыраазы, калк ыраазы — кудай ыраазы, жер ыраазы- арбак ыраазы.

Бар болуңуз дайым.

Мугалим

Эгер мен, жеттим- десем бийиктерге,

Ага себеп; сенин мөмөң, ийип жерге-

Тамшандырып, шыктандырып берип келдиң,

Ыраазымын агайларга, эжекеме..!

 

Эгер мен, бактылуумун-десем күлүп,

Ага себеп эмгегиңдир бышып-күйүп.

Тарбияңды, таалимиңди үлгү кылып,

Көрсөткөнсүң илбериңки басып жүрүп.

 

Эгер мени макташса, колун кезеп!

Ага себеп мугалимдир, боорун төшөп.

Билимин көөдөнүмө жайгаштырып,

Келечек эртеңкинин камын көрөт…

 

Эгер мен кошулдум элге десем,

Эмгегим кетпептир деп, текке демек.

Азга да топук кылып күлүмсүрөп,

Абалымды бир туугандай сурап келет.

 

Кут Билим гезитинин сырт

кабарчысы Ашира Кулишева

Бөлүшүү

Комментарийлер