АДАМ САТУУГА КАРШЫ КҮРӨШ

  • 17.11.2018
  • 0

16-ноябрда К.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте Жалал-Абад шаарындагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын курама командалары ортосунда “Адамдарды сатууга каршы күрөшүү” темасында дебаттык жарыштар өттү.

Дебаттык жарыштар Жалал-Абад шаардык мэриясынын буйругу менен бекитилген 17-ноябрь – Студенттердин эл аралык күнүнө карата “Жаштар жумалыгы” иш-чараларынын алкагында уюштурулду. Ага Эл аралык университеттин студенттеринин курама командасы да катышты. Уюштуруучулардын жана катышуучулардын пикирлери боюнча жарыштар жогорку уюшкандыкта өткөрүлүп, темасы жана курама командалардын жарыш сөздөрү укуктук сабат, интеллектуалдык, жаштарга укуктук тарбия берүү маанисинде абдан мазмундуу жана кызыктуу болду. Бул тууралуу окуу жайдын Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы кабарлады.

Бөлүшүү

Комментарийлер