ААЛЫБАЕВ АТТОКУР АГАЙДЫН СЫЙЛЫКТАРЫ ТАПШЫРЫЛДЫ
- 06.06.2024
- 0
Жалал-Абаддагы №32 Бекназар атындагы жалпы орто билим берүүчү мектеби-мекемесинде эл агартуунун отличниги, методист жана насаатчы мугалим Аалыбаев Аттокур агайдын сыйлыгы небереси Тууганбай уулу Нурсултан жана Тууганбай кызы Элмира тарабынан тапшырылды.
Маалыматка таянсак, окуу багытындагы көрүнүктүү жетишкендиктери, үлгүлүү жүрүш-турушу жана коомдук иштерге активдүү катышкандагы үчүн башталгыч классынын окуучулары «Ардак грамота» жана баалуу белектер менен сыйланды.
— Ошондой эле окуу-тарбия ишинде алгылыктуу иштерди жасап, дене тарбия сабагынан окуучулары райондук, облустук турларга окуучуларды даярдап, катыштырып келген мугалим Аманжанов Кубанычбек агайыбызга жана окуучуларынын билим сапаты жогору болгон башталгыч классынын мугалими, 2-“а” класстын класс жетекчиси Алымкожоева Динара эжекебизге «Ардак грамота» жана баалуу сыйлыктар тапшырылды. Жылда салтка айланып келе жаткан бул сыйлыктын ээлери, Аттокур агайдын уул-кыздарына жана неберелерине мектеп жамаатынын атынан терең ыраазычылык билдиребиз! – деп жазылган маалыматта.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер