№97 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДИН УСТАТТАРЫ ЖАНА ОКУУЧУЛАРЫ БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАРДЫ АЛДЫ

  • 15.10.2024
  • 0

«АSTAUfest» 2024 V эл аралык гастрономия фестивалында Бишкек шаарындагы №97 темир жолчулар кесиптик лицейинин окуучусу Айбике Батырканова 1-орунду, Давид Макарцев 2-орунду, Мирбек Абдилахатов, Максим Балаенко, Санжар Кудайбергенов 3-орунду, өндүрүштүк окутуун устаттары Гулшод Исакбаева жана Баалы Абыкаева – 2-орундарга ээ болушту.

№97 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДИН УСТАТТАРЫ ЖАНА ОКУУЧУЛАРЫ БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАРДЫ АЛДЫ

№97 кесиптик лицейинин мүдүрү Альберт Колопов “Кыргыз Республикасынын гастрономия жана тейлөө тармагында профессионалдуу кадрларды даярдоонун өзгөчөлүктөрү” деген темада баяндама жасады.

№97 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДИН УСТАТТАРЫ ЖАНА ОКУУЧУЛАРЫ БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАРДЫ АЛДЫ

Фестивалдын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы №97 темир жолчулар кесиптик лицейи менен Астана шаарындагы Коомдук тамактануу жана тейлөө колледжинин ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду.

№97 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДИН УСТАТТАРЫ ЖАНА ОКУУЧУЛАРЫ БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАРДЫ АЛДЫ

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 8-10-октябрь күндөрү Астана шаарында өткөрүлгөн фестивалга Казакстан, Корея, Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан жана Түркиядан 95 тен ашуун өкүлдөрү катышкан.

№97 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДИН УСТАТТАРЫ ЖАНА ОКУУЧУЛАРЫ БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАРДЫ АЛДЫ

Бөлүшүү

Комментарийлер