9 миңден ашык мугалим билимин жогорулатты
- 18.07.2024
- 0
50дөн ашык мугалим жана билим берүү жаатындагы адистер конференцияга чогулуп, мугалимдердин окутуу көндүмдөрүн жогорулатууга багытталган үч жылдык демилгенин жыйынтыктарын талкуулашты.
ЮНИСЕФтин бул долбоору Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте ишке ашырылган. Анын негизги максаты — COVID-19 пандемиясына байланыштуу үзгүлтүккө учураган окуу жараянынан жабыркаган жаш балдарды окуунун нугуна кайтарууга жардам берүү. Онлайн-курстарга Кыргызстан боюнча 460 мектептин мугалимдери катышты. Долбоор Жапония өкмөтүнүн каржылоосу менен ишке ашты.
“Кыргызстан боюнча 10 миңдей мугалим катышып, сертификаттарга ээ болушту. Курстар мугалимдерге баланын функционалдык сабаттуулугу үчүн зарыл болгон окуу, жазуу жана математика сыяктуу негизги сабактарды окутууну өркүндөтүүгө жардам берди.
Дагы бир негизги артыкчылыктуу багыт — мектеп жамааттары командалык ыкма менен окуулардан өтүштү, б.а. мектеп жамааты толук, администрация менен кошо окутулду. Бул өтүлгөн материалды бардыгы билет, мындан ары ишке ашыруу ийгиликтүү болот дегенди билдирет”, — деди Алмазбек Токтомаметов, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун башчысы.
Курс бул институт тарабынан иштелип чыгып, “Мугалим” деп аталган атайын онлайн-платформада жайгаштырылган. Алар өлкөнүн бардык мугалимдерине интернет аркылуу жеткиликтүү.
Конференциянын жүрүшүндө 460 мектептин ичинен 21 мыкты мектеп жигердүү катышкандыгы жана биргелешип иштегендиги үчүн заманбап адабияттардын жыйнактары менен сыйланышты.
“Сапаттуу билим берүү Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу маселе. Президент Садыр Жапаров өткөн жылы Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча саммит маалында БУУнун бийик трибунасынан бул артыкчылыкты дагы бир жолу баса белгилеген. ЮНИСЕФ ар бир баланын сапаттуу билим алуусу үчүн өлкөнүн бул чөйрөдөгү күч-аракеттерин мындан ары да колдой бермекчи”, — деп белгиледи ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Кристина Бруджиоло.
Мугалимдерди окутуудан тышкары ЮНИСЕФ Жапон өкмөтүнүн финансылык колдоосу менен Кыргызстан боюнча 900 мектепти компьютердик жабдуулар менен камсыз кылды. Негизги максат — мектептер жана окуучулар үчүн компьютердик технологияларга жана инновациялык билим берүү аспаптарына жол ачуу.
Э.Какиева, «Кут Билим»
Комментарийлер