9-10-11-КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫ ЭКОНОМИКА БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАГА КАТЫША АЛЫШАТ

  • 09.01.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги Борбордук Азия университети уюштуруп жаткан экономика боюнча II Эл аралык олимпиада өткөрүлөөрүн маалымдайт.

Олимпиадага бардык мектептердин 9-10-11-классынын окуучулары акысыз негизде катыша алышат.

Эл аралык олимпиада кыргыз, орус жана англис тилдеринде үч этапта өткөрүлөт:

  1. Онлайн тур – 2024-жылдын 19-22-февралында өтөт (40 мүнөт – 25 тест суроосу);
  2. Экинчи тур –  2024-жылдын апрель айында Бишкек шаарында катышуучулардын жеке катышуусу менен өтөт;
  3. Финал – 2024-жылдын 1-4-сентябрында Грецияда өтөт.

Мугалим мектепти олимпиадага каттатуусу керек. Каттоо төмөнкү шилтеме боюнча 2024-жылдын 30-январына чейин ачык: https://lp.econfun.org/olympiad-in-kyrgyzstan

Бөлүшүү

Комментарийлер