4500 БАЛА БАКЧА ТАРБИЯЧЫСЫ ОКУУДАН ӨТТҮ

  • 08.02.2024
  • 0

29-январдан 2-февралга чейин Бишкек жана Ош шаарларындагы бала бакчалардын 4500дөн ашуун тарбиячысы “Мектепке чейинки билим берүү педагогдорунун кесипкөйлүгүн жакшыртуу” деп аталган тренингден өтүштү. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул окутуу модулу бала бакча тарбиячыларынын квалификациясын жогорулатуу үчүн ата мекендик жана чет өлкөлүк мектепке чейинки билим берүү илиминин жана практикасынын жаңы жетишкендиктерин эске алуу менен иштелип чыккан.

Тренинг Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорунун алкагында уюштурулду.

Бөлүшүү

Комментарийлер