41 КАЗАН СҮМӨЛӨК КАЙНАТЫЛА БАШТАДЫ

  • 20.03.2026
  • 0

Нарын шаарындагы “Тянь-Шань” паркында Нооруз майрамына карата салтка айланган сүмөлөк кайнатуу жөрөлгөсү башталды. Иш-чара куран окуу менен ачылып, эл-журтка токчулук, молчулук тиленип бата берилди. Андан соң арча түтөтүлүп, аластоо жөрөлгөсү жасалды.

41 КАЗАН СҮМӨЛӨК КАЙНАТЫЛА БАШТАДЫ

Быйыл Нооруз майрамы Нарын шаарында республикалык деңгээлде, өлкө жетекчилигинин катышуусунда белгиленет. Анын алкагында “Кыргыз биримдик” коомдук бирикмесинин демилгеси менен сүмөлөк кайнатуу боюнча сынак уюштурулуп, жалпысынан 41 казан сүмөлөк даярдалууда.

Сынакка Ат-Башы районунан 14, Нарын районунан 10, Кочкор районунан 1, Ак-Талаа районунан 8 жана Нарын шаарынан 8 топ катышууда. Жобого ылайык сүмөлөк дан, ун жана майдан гана жасалышы керек.

41 КАЗАН СҮМӨЛӨК КАЙНАТЫЛА БАШТАДЫ

Жыйынтыгында “Мыкты сүмөлөк” номинациясы боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, биринчи орунга 100 миң сом, экинчи орунга 50 миң сом, үчүнчү орунга 30 миң сом байге каралган. Мындан сырткары, ар бир катышуучунун эмгеги бааланып, 41 казандын ар бирине 10 миң сомдон акчалай сыйлык берилет.

41 КАЗАН СҮМӨЛӨК КАЙНАТЫЛА БАШТАДЫ

Нооруз майрамынын алкагындагы мындай иш-чаралар улуттук баалуулуктарды даңазалоого, биримдикти бекемдөөгө жана жаш муунга салт-санааны үйрөтүүгө өбөлгө түзөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер