“40 РАЙОНДОН 40 ДЕМИЛГЕ” ДОЛБООРУНУН ФИНАЛИСТТЕРИ

  • 24.10.2024
  • 0

25-октябрда “40 райондон 40 демилге” долбоорунун алкагында республиканын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди жана стартаптарды жыйынтыктоочу Тандоо болот.

Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарада акселерациялык программадан өткөн 32 катышуучу министрликтердин, ведомстволордун жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн турган Ведомстволор аралык комиссияга өздөрүнүн долбоорлорунун бетачарларын жасашат.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) “40 райондон 40 демилге” долбоору  боюнча аймактарда иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандамакчы.

КР Министрлер Кабинетинин атайын токтомунун негизинде КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Байсалов жетектеген ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, ал өндүрүш, тейлөө кызматтары, айыл чарба, билим берүү, IT чөйрөсү, туризм, чийки заттарды кайра иштетүү тармактары боюнча 34 долбоорду алдын-ала тандап алган эле.

Алдын ала тандалып алынган 34 долбоордун ээси эки ай акселерациялык программадан өттү. Эки катышуучу тандоо шарттарын толук аткарбагандыгына байланыштуу өз ыктыяры менен долбоорго катышуудан баш тарткан.

Ведомстволор аралык комиссия акселерациялык программаны жүргүзгөн уюмдун сунуштарынын жана көз карандысыз тармактык эксперттердин баалоосунун негизинде инновациялык долбоорлорду жыйынтыктоочу тандоону жүргүзөт.

2024-жылдагы Тандоого республиканын бардык аймактарынан 206 өтүнмө келип түшкөн.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер