№40 «Күлдү» мектебинин окуучулары спорттук ийгиликтерге жетишти

  • 10.09.2025
  • 0

№40 «Күлдү» жалпы билим берүү мектебинин окуучулары спорттук ийгиликтерге жетишти.

№40 "Күлдү" мектебинин окуучулары спорттук ийгиликтерге жетишти

Дене тарбия мугалими Акматов Нурланбектин жетекчилиги менен 10-класстын окуучулары Акынжанов Абдилвахит жана Авазбекова Айгерим КМШ өлкөлөрүнүн жана ШКУнун XXIV Ысык-Көл эл аралык спорттук оюндарындагы кол күрөш боюнча мелдешке катышып, оң жана сол кол менен 2-орунду ээлешти.

№40 "Күлдү" мектебинин окуучулары спорттук ийгиликтерге жетишти

Мелдештин негизи максаты Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун №1 «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгынын негизинде жаштар арасында спортту жайылтуу, дени сак жашоо образын калыптандыруу, ынтымакты чыңдоо жана эл аралык достукту бекемдөө болуп саналат.

№40 "Күлдү" мектебинин окуучулары спорттук ийгиликтерге жетишти

Мектеп жамааты Акматов Нурланбек агайдын иштерине ийгилик каалап, окуучулары дүйнөлүк аренада да ийгиликтерди жаратат деген ишеним менен куттук айтышты. «Бул жетишкендик мугалимдин, мектептин, ата-энелердин сыймыгы болуп саналат»-деп белгиледи мектеп жетекчилиги.

Б.К.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер