№39 МЕКТЕП РЕКОНСТРУКЦИЯДАН КИЙИН
- 10.03.2026
- 0
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев менен бирге реконструкциядан өткөн Бектурсун Алымов атындагы №39 жалпы билим берүү мектебине барып, билим берүү мекемесинин абалы менен таанышышты.

Аталган мектеп Бишкек шаарынын 6-кичи районунда жайгашкан. Билим берүү мекемеси 1971-жылы курулган. Мектептин жалпы аймагы 2,047 гектарды түзөт.
Долбоор боюнча 1190 окуучуга ылайыкталган мектепте учурда 2025–2026-окуу жылында 55 класста 1648 окуучу билим алууда. Анын ичинен 23 класс кыргыз тилинде (617 окуучу), ал эми 32 класс орус тилинде (1031 окуучу) окуйт. Окуу процесси эки нөөмөт менен жүргүзүлөт.
Мектепте 61 окуу кабинети, медициналык кабинет, эки спорт залы, 120 орундуу ашкана, 80 орундуу актовый зал жана кол өнөрчүлүк ийрими үчүн атайын кабинет бар.

Реконструкциянын алкагында имаратка капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, мектеп аймагы көрктөндүрүлдү. Ошондой эле футбол талаасы курулуп, жашылдандыруу иштери аткарылды.


Комментарийлер