276 068 101 сомго окуу китептери басылууда

  • 10.07.2024
  • 0

2024-жылдын 13-мартында президент Садыр Жапаров мектепке чейинки жана мектептик билим берүү маселелери боюнча кеңешмеде окуу китептеринин жетишсиздигин жол берилгис нерсе экендигин белгилеп, Министрлер кабинетине эки жылдык мөөнөттө дүйнөгө таанылган алдыңкы стандарттарга негизделген заманбап окуу китептери менен Кыргызстандын мектеп окуучуларын камсыз кылуу маселесин толук чечүүнү тапшырган.

Министрлик бул багытта иштер жүрүп, былтыркы окуу жылында 793 440 нускада жаңы китептер басылып чыкканын билдирди. Маалыматка ылайык, жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыз кылууга 2023-2024-жылы республикалык бюджеттен 152 000 600 сом бөлүнгөн.

Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева буга чейин жакынкы үч жылда китептердин жетишсиздик маселеси толук чечилерин, бул үчүн «Алтын Казык» программасы түзүлгөнүн айткан.

“Алтын Казык” программасынын өзөгүн 12 жылдык окутуу системасы түзөт. Мында билим берүү тармагы түп-тамырынан өзгөрөт. Балдарды жаңы муундагы, бардык стандарттарды камтыган окуу китептери менен камсыз кылуу үчүн 17 миллион 400 миң китеп керек. Башкача айтканда, бир балага 12 китеп туура келиши кажет. Мунун баасы 8 миллиард 700 миллион сом болот. Бирок бизде жыл сайын китеп жаңыртууга деп болгону 152 млн сом берилет. Бул каражат жетпейт”, – деп билдирген министр.

Догдуркүл Кендирбаева дүйнөлүк билим берүү системасындагы эң алдыңкы китептерди алып, 152 млн китеп чыгарабыз, бирок алардын ичинде так илимдер жана англис тили китептери жок. Себеби алар учурда кыргызчаланып жатат. Ал иш бүткөндө баары компьютерге киргизилет деп кошумчалаган.

Учурда окуу китептери боюнча кандай иш-аракеттер жүрүп жатканы төмөнкү маалыматта камтылган:

276 068 101 сомго окуу китептери басылууда

276 068 101 сомго окуу китептери басылууда

276 068 101 сомго окуу китептери басылууда

276 068 101 сомго окуу китептери басылууда

276 068 101 сомго окуу китептери басылууда

“Маршалл Кавендиш” басмасынан (Сингапур) 83 миллион сомго 32 аталыштагы эл аралык окуу-методикалык комплекстерге лицензия алынган. Натыйжада министрликке караштуу «Окуу китеби» басма үйү бардык класстар үчүн математика, физика, химия, биология, табият таануу, англис тили боюнча окуу-методикалык комплекстерди мөөнөтсүз пайдалануу укугуна ээ болду. Ушул тапта аталган окуу-методикалык комплекстерди англис тилинен кыргыз, орус тилдерине которуу, адаптациялоо иштери жүрүп жатат.

276 068 101 сомго окуу китептери басылууда

2023-2024-окуу жылында 791 990 нускада окуу-методикалык комплекстер (анын ичинен 770 736 – окуу китеби, 21 254 – методикалык колдонмо) басылып чыгып, республиканын мектептерине бөлүштүрүлүп берилди.

276 068 101 сомго окуу китептери басылууда

Маалыматта көрүнүп тургандай, 2023-2024-жылдары министрлик жалпы суммасы 276 068 101 сомго келишим түзгөн.

Эльвира Какиева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер