274 КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ БАЛА БАКЧА ЖАҢЫРТЫЛДЫ

  • 27.08.2024
  • 0

Кыргызстанда түзүлүп жаткан кыска мөөнөттүү 560 бала бакчанын 274үндө оңдоп-түзөө иштери аяктап, бардык керектүү болгон жабдыктар жеткирилип берилди.

274 КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ БАЛА БАКЧА ЖАҢЫРТЫЛДЫ

Билим берүү жана илим министрлиги «Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорлорунун алкагында кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борборун түзүүдө. Алар аркылуу 3-5 жаштагы 40 миңдей бала мектепке чейинки билим алууга тартылат.

274 КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ БАЛА БАКЧА ЖАҢЫРТЫЛДЫ

Долбоор жергиликтүү бийлик тарабынан сунушталган имараттарды, бөлмөлөрдү оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, балдардын жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен санитардык-гигиеналык шарттарды түзөт. Заманбап бакча үчүн керектүү болгон бардык жабдыктар, куралдар менен камсыздайт: килем, оюнчук, эмерек, балдар үчүн өнүктүрүү куралдары, балдар аянтчасы, тарбиячылар үчүн колдонмолор. Мындан сырткары бул бакчаларда иштей турган 800дөн ашык тарбиячы «Балалык» программасы боюнча окутуудан өткөрүлдү.

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер