№24: мектепте акы төлөнүүчү ийримдер жок

  • 19.09.2024
  • 0

Борбор калаадагы №24 мектепте акча чогултулуп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу мектептин директору Анара Абдураимова билдирди.

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жаныбек Кыдыкбаев Бишкектеги №24 мектепте окуучуларды акча төлөп ийримдерге барууга мажбурлап жатыптыр, ийримдин баасы 3284 сомду түзөт экен деген маалымат берген.

Окуу жайдын директору менен байланышканыбызда мектепте эч кандай акы төлөнүүчү ийримдер жок экендигин, болгону гимназиялык компонентти сактап калуу менен балдарга тереңдетип билим берели деген максатта кошумча сабактарды сунуштап жатканын айтты.

— Мурун гимназия статусу бар кезде кошумча сабактарга каражатты мамлекет төлөчү. Азыр биз болгону ошол сааттарды сактап калалы деп ата-энелерге сунуштап жатабыз. Мектепте окуучулар жөндөмүнө жараша табигый-илимий жана гуманитардык класстарга бөлүнүп окушат. Бала профилине жараша эки предметти тандап алса болот. Эгерде балдары кошумча окугусу келбесе ата-энелери ал кошумча сабактардан баш тартса болот, — дейт Анара Хабибовна.

Негизи мектептерде кошумча билим берүү кызматтарына баалардын прейскуранты жыл сайын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилип берилет. Анда окутуунун деңгээлине жараша бир сабак 74 сомдон 133 сомго чейин каралган.

24-мектеп дал ушул прейскуранттын негизинде чет тили үчүн айына 622 сом (жумасына эки саат), башка предметтерге 680 сом, ЖРТга даярдануу үчүн 874 сом чеги менен бекиткен. (Ч.К.)

Бөлүшүү

Комментарийлер