№18 МЕКТЕПТЕ «ЫРДАЙЛЫ КЫРГЫЗ ЫРЛАРЫН» КАРОО-СЫНАГЫ ӨТТҮ
- 01.11.2023
- 0
Бишкектин Биринчи май районундагы №18 мектепте ар улуттун окуучулары арасында “Ырдайлы кыргыз ырларын” кароо-сынагы өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, кароо-сынак мамлекеттик тилдин үч айлыгынын жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын алкагында өткөрүлдү.
Катышуучулар залкар жазуунун чыгармаларынан үзүндүлөрдү кыргыз тилинде окуу боюнча жарышты.
Жыйынтыгында чыгармачылык турнирдин жеңүүчүлөрү болуп:
- 1-орун – 9-класстын окуучусу Алина Юн;
- 2-орун – 3-класстын окуучусу Лиза Карнюхина;
- 3-орунду 5-Б классынын окуучулары Карина Ким жана Салия Коконова бөлүштү.
Жеңүүчүлөргө дипломдор жана белектер тапшырылды.
Бөлүшүү
Комментарийлер