СУЗАКТА 750 ОРУНДУУ МЕКТЕП СЕНТЯБРДА ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛЕТ

 

Сузак районуна караштуу Миң-Өрүк айылындагы Н.Алыкулов атындагы мектепти окуу жылынын башталышында пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, билим берүү уюмунун курулуш иштери 2024-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Жаңы мектеп 750 орунга ылайыкталып А, Б, В, Г блоктон турат. Долбоор боюнча үч кабаттуу окуу корпус, өтмө галерея, лабораториялар, компьютердик класс, азык-түлүк сактоочу жайы бар ашкана, актовый зал, дарыгердин кабинети жана спорт зал каралган. Жалпы аянты 8234 чарчы метрди түзөт.

Мектеп жаштардын билим алуусу жана жалпы коомдун социалдык өнүгүүсү үчүн маанилүү объект болуп саналат.

Белгилей кетсек, мектептин эски имараты 1977-жылы курулган.

Г.А., “КБ”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер