12 ЖЫЛДЫК ДҮЙНӨГӨ ЖОЛ САЛАТ
- 01.11.2024
- 0
Билим берүү тармагы толугу менен жаңыланууга кадам жасоо алдында турат
Элизат БАЙГАРАЕВА, Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн методикалык кабинетинин башчысы:
— Биз өзгөрүүдөн, жаңыланууга кадам жасоодон кооптонбой, биргеликте колдоо көрсөтүүгө умтулушубуз зарыл. 12 жылдык билим берүүгө өтүү — бүгүнкү күндүн талабы, билим берүү саясатын ишке ашыруу үчүн жасалып жаткан олуттуу кадам. Кааласак да, каалабасак да заман өзү ошого бизди алып бара жатат. Мындайда кол куушуруп карап отуруу, сын айтуудан алыс бололу. Балдар — биздин келечек, алардын келечегине балта чаппайлы! Билим берүү процессинде жыйынтыкты көрүү үчүн көп убакыт сарпталат, эртең эле ийгиликтерди жарата салчу нерсе эмес. Ал эми балдар баарыбыздыкы, алардын келечегине кайдыгер карабай, тикебизден тик туруп жардам берели! Себеби эртең өнүккөн өлкөнү ушул балдар курат. Азыркы санариптик технологиянын өнүккөн заманында балдар биздин эмес, биз алардын көмөгүнө муктажбыз. Андыктан туура багыт, орчундуу кадамдар жасалып жатат…
12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн борборунда мугалимдер турат. Мамлекет тарабынан мугалимдерге колдоо көрсөтүлүп, билимин жогорулатууга, санариптик технологиялар менен камсыз кылууга болгон күч-аракеттер көрүлүүдө.
12 жылдык билим берүү 6+3+3 модели аркылуу ишке ашат:
* башталгыч билим берүү (1-6-класска чейин);
* негизги билим берүү (7-9-класска чейин);
* жалпы орто билим (10-12-кл);
* санариптик билим берүү ресурстары аркылуу окуучуларга терең жана бирдей билим алууга шарт түзүлөт;
* мугалимдердин жана окуучулардын санариптик сабаттуулугун өнүктүрүүгө жол ачылат;
* системанын негизинде көрсөтүлгөн талаптарга жооп бере ала тургандай өлкө боюнча бардык мугалимдер билимин жогорулатышат;
* мамлекеттик стандарт, предметтик стандарттар, окуу материалдары толугу менен өзгөрүлөт, бул дагы мугалимдер арасында бирдей атаандаштыкты жаратуу менен, жаш өзгөчөлүгүнө карабай чыгармачылык изденүүлөрүнө түрткү болот.
Бул системанын артыкчылыктары төмөнкүлөр:
* буга чейин 6 жаштагы балдардын бири мектепте, бири бала бакчада, кээси үйдө болсо, эми бардыгы мектепке кабыл алынып, билим алууда баарына бирдей мүмкүнчүлүк түзүүгө;
* бала бакчалардагы даярдоо тайпалары жоюлуп, кошумча тайпаларды ачууга, б.а. балдарды бала бакчага камтууга болгон муктаждыктарды чечүүгө;
* окуучулар кызыккан кесибине багыт алуу менен бирге турмушка даярдоо, б.а. ашпозчу, тигүүчү, жыгач уста сыяктуу кесиптерине ээ болуусу;
* бүтүрүүчүлөргө 12 жылдык билим менен чет мамлекеттердеги каалаган окуу жайына тапшыруу мүмкүнчүлүгү түзүлөт, т.а. дүйнөлүк стандартка ылайык билим алып чыгат.
12 жылдык билим берүү системасына өтүү менен, балдарыбыздын алган билимин заман талабы шайкеш келтирүүгө, дүйнөлүк стандартка теңдештирүүгө жол ачылат.
Салтанат МЫРЗАБЕКОВА, ата-эне, Талас шаары:
— Ар бир ишти баштаарда оорчулуктар болот. Бирок ошол оорчулукту четтен карап, сынап отурбастан, биригип колдоого алсак жемиштүү ийгиликке жетүүгө болот. Эскини карап отурсак, артта калаарыбыз бышык. Азыр даярдоо классын кошкондо окуучулар 12 жыл окуп жатат. 12 жылдык билим берүүдө 6 жаштан 1-класста билим алаарын билишкенде ата-энелер кызыгуу менен туура кабыл алышууда. 12 жылдык билим берүүдөгү мектепте окутуунун моделдери менен ата-энелер, коомчулук таанышып, билгенден кийин, ой-пикирлери жакшы нукка бурулууда. 9-класска чейин окуп бала бир дагы кесиптин ээси болбой кыйналып калып жатат. Ар кандай үй-бүлөлөр бар, алардын ичинен аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү бала иштегенге киришет экен. Иштейин десе колунда бир документи жок. Ошондуктан 12 жылдык билим берүүдө, бала бир кесиптин ээси болуп чыгат, алган кесиби менен бир жерге жумушка орношо алат. Заман талабына ылайык болуп жаткан жаңы реформаны, албетте, колдойбуз, буйруса келечекте мыкты инсандарды тарбиялап чыгарат деп ишенем.
Айсалкын АВТАНДИЛОВА, ата-эне, Талас району:
— Азыр баарыбыз ааламдашуу заманында жашап жатабыз. Маалымат технологиялары күн санап өсүүдө. Биздин балдар заман талабына ылайык билим алса жакшы болмок. Азыр билим алуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейүүдө. Билим берүү жана илим министрлигинин азыркы саясатын колдоор элем. Себеби, бүтүрүүчүлөр чет мамлекеттен жогорку билимдүү болууну каалашат. Ал үчүн биздин мектептен алган аттестаттар эл аралык стандартка шайкеш келүүсү керек экен. 12 жылдык билим берүүнүн артыкчылыктары — 10-класстан кийин профилдик багыт менен бир кесипке ээ болуп жатканы. Ар бир окуучунун жөндөмүнө жараша кесипке багыт берип, мектептен даярдаса жакшы болмок. Даярдоо классын кошкондо азыр деле 12 жыл окуп жатат. Бирок 9-классты бүткөндөн кийин көп окуучулар орто кесиптик окуу жайларга кетишүүдө. Ошол үчүн мектептен эле окуганы оң деп ойлор элем.
Акыйкат МҮСҮРАЛИЕВ, Талас районундагы М.Туйтунов атындагы орто мектебинин директору:
— Өлкөдөгү билим берүү системасын өзгөртүү ар дайым чоң талкууну жана күтүүлөрдү жаратат. Терс көз караштардын пайда болуп жатканынын бирден бир себеби — маалыматтын жоктугу, кандай болорун түшүнө албай жатканыбызда деп ойлойм. Мындай алганда, азыр деле 12 жылдык эле билим алып жатат. Болгону башы даярдоо классы болуп башталып жатат. Даярдоону 1-класс кылып эсептесек, 11-классыбыз 12-класс болуп калганы турат. Баланын билим алуу убактысы узарбайт, мурдагыдай эле болот. Бирок бул сандык эле жылдыруу эмес, ал жерде чоң өзгөртүү, пландоо жана концепция камтылган.
12 жылдык окутуунун өзүнүн артыкчылык жактары бар: дүйнөлүк билим берүү стандарттарына жакындоо, балага кесиптик жана функционалдык билим берүү. Бул заман талабы. Албетте, ар бир реформанын өзүнүн кыйынчылыктары жана мүмкүнчүлүктөрү болот. Ошентсе да, аны толук кандуу ишке ашыруу үчүн көптөгөн ресурстар жана стратегиялык пландаштыруу талап кылынат. Ал ишке атайын план-программа түзүлүп, этап-этабы менен өтүп жаткан соң жакшы натыйжа бериши керек.
Абдумалик ЭРАЛИЕВ, ата-эне, имам, Талас:
— Реформаны дагы жөн эле зериккенинен кыла бербесе керек. Билим берүүнүн башында турган атка минерлер дагы оңду-солду карап, анан сунуштап жатышкандыр. Менин укканым боюнча, 10-11-12-класстар балдарга кесиптик билим берүүгө багытталып калат экен. Эгер андай болсо туура эле, себеби улам жыл өткөн сайын жогорку класстарга барганда балдардын билим алуусу, билимге болгон кызыгуусу жоголуп бара жатат. Теория менен жадатпай, профилдик билимге практика менен багыт алышса оң натыйжа берчүдөй.
Даярдаган Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер