ЭЛИБИЗДЕ ЖРТга БОЛГОН ИШЕНИМ ЗОР

  • 01.10.2024
  • 0

Элибиздин эгемендүүлүк алгандан берки эң зор жеңиши — ЖРТ тууралуу коомчулукта көбүнесе жылуу пикирлер айтылууда.  Көп жыл илгери алынган багыттын тууралыгын быйылкы  ЖРТнын жыйынтыктары да көрсөтүп отурат.  

ЭЛИБИЗДЕ  ЖРТга БОЛГОН  ИШЕНИМ ЗОР

Алгач Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТнын) өлкөбүздүн билим берүүсүндөгү тарыхый ордуна, учурдагы аткарып жаткан зор миссиясына туура баа берип кетсек деймин. Анткени акыркы убактарда биздин коомдо, айрыкча агартуучулар арасында союз доорунан калган оозеки жана жазуу жүзүндөгү экзамендерди эңсегендер жок эместиги байкалууда. Каршы чыккандардын бир тобу ЖРТга мектеп программасынын негизинде түзүлгөн суроолорду киргизүү жөнүндө өз ойлорун айтып келишет. Мурдагы жылы  «Ыйык Ата Журт» фонду уюштурган эл аралык симпозиумда мындай аракеттерге устат педагог Гапыр Мадаминов «Карапайым адамдардын балдарынын бактысына кол салганды качан токтотобуз?! ЖРТ болбосо биздин Арка айылындагы  чакан эксперименталдык гимназиядан 70 бүтүрүүчү Медакадемиянын бюджеттик бөлүмүнө өтөт беле?!» деген өзүнүн орундуу аргументин каршы койгон эле. Гапыр агай болбогондо, симпозиумдун айрым катышуучуларынын демилгеси менен мурунтан коррупциянын очогу болгон ЖОЖго кабыл алуу экзамендери «эл эңсеп күткөн жаңылык» катары симпозиумдун резолюциясына кирип кетмек.

Бирок кудайдын кулагы сүйүнсүн, Кыргызстанда жаңылыкка каршы чыккандарга караганда аны колдогондор арбын экени чындык.

— Эгемендик алганыбыздан берки максатына жеткен эң ийгиликтүү жалгыз долбоор — бул ЖРТ деп эсептейм. Анткени ал чындап билими бар идиректүү балдар-кыздардын жолун ачып, ЖОЖдордогу жемкорлуктун бир көзүн жапты. Эми ЖРТнин негизги бөлүгү түздөн-түз мектепте окутулган предметтик билимди эмес, ошол билимдин негизинде калыптанган жөндөмдөрдү: ой-жүгүртүүнү, анализ жасоону, окуганын түшүнүүнү өлчөйт. Башкача айтканда, эртең эле унутула турган жаттап алган куру маалыматты эмес, түбөлүккө жарамдуу акыл-жөндөмдү таразалайт. Анткени ЖОЖдо окуш үчүн предметтик билимден көп ушул жөндөмдөр керек. Ошондуктан мында математикага, тилге, текстти окуп-түшүнүүгө жана логикага байланыштуу суроолор басымдуулук кылат, – дейт Нурдин Усеев аттуу жаран.

Мына ушундан болсо керек, азыркы жаштар арасында ЖРТга өз келечегин байлагандардын саны арбын. Жыл сайын өлкөбүздө 40 миңге чукул мектеп бүтүрүүчүлөрү сынакка катышат. Бирок, «Кой аксагы менен миң» демекчи, былтыркы жылы Билим берүү министрлиги Таласта жана Нарында  окуучулардын ЖРТ көрсөткүчтөрү жакшы эмес болгонун эскерткен болчу.  Аталган облустардагы жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрү 11-класстардын окуучуларын жалпы республикалык тестирлөөгө  даярдоо боюнча бир топ иштерди жүргүзгөндүктөн быйылкы көрсөткүчтөрү бир топ жакшы болду.

Былтыркы жылы ЖРТ боюнча акыркы орундарда калган Ош облусундагы  Өзгөн району да  ЖРТда быйыл секирик жасап, баарын таң калтырды.  Райондо 2023-2024-окуу жылында орто мектепти 1633 бүтүрүүчү аяктаса, алардын ичинен  1018 бүтүрүүчү (62.3%)  ЖРТга катышып, дурус көрсөткүчтөрдү камсыз кылган. Айта кетсек, өткөн жылы жыйынтык начар болчу. 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгын чыгарган былтыркы жыйында  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы А.У.Жапаров Өзгөн району жана Өзгөн шаары  ЖРТнын жыйынтыгы боюнча эң арткы орунда экендигин айтып, эскертүү берген болчу.

— Чындыгында райондун  орточо баллы 109.1 болуп,  32 мектептин окуучулары босого баллга жетпей калган, — деди райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы  Акуш Асанбаев.

Бир жыл аралыгында райондо кемчиликтерди жоюу боюнча  тынымсыз иштер  жүргүзүлгөн.  Кошумча окуу борборлору ачылып, мугалимдер атайын окуулардан өтүшүп,  ата-энелерге, окуучуларга ЖРТнын маанисин жетик  түшүндүрүп беришкен.

Райондун мектептеринде Улуттук тестирлөө борбору (НЦТ), Билимди баалоо жана окутуу усулдары (ЦООМО)  баш болгон 8 окуу борборлору 21 жолу сынамык тесттерди  алып, 1156 окуучу кайра-кайра даярдыктан өтүшкөн.

— ЖРТга даярдыктар өз жемишин берди. Бүтүрүүчүлөрдүн орточо баллы 129.4 болуп, 20 баллдан ашык жогорулады, — дейт райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы.

Ошентип, быйыл райондогу  мектептердин бардыгы босого баллдан жогору баллды камсыз кылышы, көпчүлүк адамдарга Өзгөндөгү ЖРТ секириги тууралуу айтууга негиз болду. Алсак, Т.Бөрүбаев атындагы орто мектептин  өткөн окуу жылындагы орточо көрсөткүчү 78.3 болсо, быйылкысы 140.5 болуп, 62.2 баллга өсүш болгон. Мындан сырткары, бул мектептин бир  окуучусу 203 баллды камсыздады. Ошондой эле К.Тиленбаев атындагы орто мектептин ЖРТга катышкан бүтүрүүчүлөрү толугу менен босого баллдан өтүшүп, орточо 157 баллга  жетишкен.

Бүтүрүүчүлөрдүн арасынан экөөсү:  А.Тангатаров атындагы гимназия-мектебинин окуучусу  Мажитова Индира (228 балл) менен Б.Келдибаев атындагы орто мектебинин окуучусу Мамасалиева Алмаш (226 балл) «Алтын Сертификатка» жетишип, Президенттин колунан «Мамлекеттин сыймыгы» Ардак грамоталарын жана ноутбук алышты. Ал эми Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким  К.С.Апбасов бул бүтүрүүчүлөрдүн ар бирине 100 000 сомдон акча каражатын тапшырган.

Угушубузга караганда район боюнча 200дөн жогорку баллга жетишкен 15 бүтүрүүчү  республикабыздын жогорку окуу жайларынын бюджеттик бөлүмдөрүнүн студенттери болушту.

2023-2024-окуу жылынын башталышында райондун акими К.С.Апбасов ЖРТдан эң жогорку көрсөткүчтү камсыз кылган мектептер үчүн сынак жарыялаган болчу. Сынактын жыйынтыгы менен А.Тангатаров атындагы гимназия-мектебине жеңил автоунаа белекке берилип, Б.Келдибаев атындагы орто мектебине 500 000 сом акчалай сыйлык тапшырылды.

Быйылкы ЖРТнын дагы бир өзгөчөлүгү, бардык бүтүрүүчүлөр окуган мектебине, окутуу тилине карабастан мамлекеттик тил катары таанылган кыргыз тилинен тест тапшырышты.

Бул кадамды колдогон Ош шаарынан Иманбек Азазилла уулу сынактын жыйынтыгы бардык бүтүрүүчүлөр үчүн бирдей болушу үчүн мамлекеттик тилге маани берүү керектигин айтат.

— Азыркы тапта өлкөбүздө мамлекеттик тилди өнүктүрүү саясаты жигердүү жүрүүдө. Мамлекеттик тил жөнүндө конституциялык мыйзам кабыл алынды. Жеке пикиримде Кыргызстандагы бардык жалпы билим берүүчү мекемелердин бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик тилде гана тест тапшырышы туура деп ойлойм. Ошондо адилеттүүлүк болот. Анткени орус тили өнүккөн, илим катары калыптанган (лингвистикалык жагынан) чоң тилдердин бири. Ал боюнча тест тапшыргандар жогору балл алары мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ал эми  кыргыз тили илимий жактан эми гана телчигип, өнүгүү этабына жаңы гана түшүүдө. Мамлекеттик тил башка тилдердин көлөкөсүндө калбашы керек, – дейт Иманбек Азизилла уулу.

Ошентсе да ЖРТда  көп нерсе даярдыктан көз каранды. Муну окуучулардын өздөрү да, аларды окуткан мугалимдер да, ата-энелери да жакшы түшүнүп калды. Ата-энелердин көбү азыр баласынан акча аябайт. Бишкек, Ошто эле эмес, бардык район борборлорунда ЖРТга даярдаган курстар, билим берүү борборлору иштеп жатат. Мында окуу акысы да жогору экенине карабай каалоочулардын саны аз эмес.

— Бүтүрүүчүлөрдүн капчыгын пайдаланып, ЖРТ тууралуу жетиштүү билим бере албаса дагы, көптөгөн окуучуларды тестке даярдап, тест өткөрүп, капчыктарын кампайтып, бизнес кылып  жаткан борборлор, курстар жер жайнап кетти, – дейт Кубанычбек Жокинов.

Курстарга эмес, өз күчүнө, системалуу сапаттуу билим берүүгө басым жасаган билим берүү мекемелери бизде жок эмес. Адатта мындай мектептер өздөрүнүн автордук программаларына, алдыңкы мугалимдеринин усулдук табылгаларына басым жасашат. Бул багытта  башынан бери ийгиликтүү иштеп келген мектептердин бири — Ноокат районундагы «Билимкана» гимназиясы. Быйыл «Билимкананын»  ийгиликтери суктанарлык болду.  8 бүтүрүүчү «Алтын тамга» өзгөчөлөнгөн аттестатына, 8 бүтүрүүчү 200дөн жогорку баллга жетишти. ЖРТга катышкан 70 окуучунун орточо баллы 173,7 болгонунун өзү эле бул билим берүү мекемесиндеги окуучулардын билим сапаты жогору экендигин  көрсөтүп турат.

Чыгармачылык менен изденип иштеген айрым мугалимдер да бүтүрүүчүлөрдүн ийгилигине өз салымын кошууда. Бул жерде ”Олимпиадага жол”, “Беш сандык” китептеринин автору, бир жылда 1000ден ашык мугалимге сабак берген, 1000ге жакын окуучуну ЖРТга даярдаган Нургүл Тайир кызынын саяпкерлик аракетин айтпай кетпесек болбос. Нургүлдүн даярдаган окуучуларынын басымдуу бөлүгү 170 менен 187ге чейинки баллды топтосо, эң жогоркусу 219 баллды алган.

Жаш педагог 60 окуучуну олимпиадага даярдап, облустук турга 22 окуучусу,   республикага 8 окуучусу өтүп, бир окуучусу  2-орунду багындырган. Өз тажрыйбасынын негизинде Нургүл Тайир кызы облустан 300 мугалимге окуучуларды ЖРТга даярдоо боюнча онлайн сабак берген. Чыгармачыл мугалим өзүнүн кесиптик билимин жогорулатууну да унутпайт.

Демек, ЖРТнын ийгиликтүү болушу мугалимдин кесиптик даярдыгына да  жараша экенин унутпайлы.

Маалымат үчүн: 2024-жылкы жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгына саресеп салсак, алтын сертификат алган 56 окуучунун 34ү Бишкек шаарындагы мектептерде окугандар болуп саналат.

Эң жогорку 234 баллды Бишкек шаарындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин жалпы билим берүү орто мектебинин окуучусу Аминат Гордаева, Бишкек шаарындагы №29 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин былтыркы жылдагы бүтүрүүчүсү Максат Оморов жана Талас облусундагы “Мээрим-Себат” Талас эл аралык Кыргыз-Түрк кыздар лицейинин окуучусу Эльнура Эркинбекова ээледи.

“Алтын сертификат” алуу укугуна Бишкек шаарынан  34, Чүй облусунан  7, Ош шаарынан жана Ош облусунан  6, Жалал-Абад облусунан  3, Нарын облусунан 3, Талас облусунан 2 жана Баткен облусунан 1 окуучу, анын ичинде эл аралык “Сапат” билим берүү мекемелеринен 10, Бишкек шаарындагы Е.Б. Якир атындагы №61 физика-математика багытындагы мектеп-лицейден 7 бүтүрүүчү ээ болду.

 

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер