СЫЙЛЫК ЖАНА СЫЙМЫК

  • 29.06.2023
  • 0

СЫЙЛЫК ЖАНА СЫЙМЫК

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунда Билим берүү жана илим министрлигинин “Мыкты мектеп — 2022” республикалык сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Баш байге — Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ж.Бөкөнбаев мектебинин жамаатына 300 миң сомдук сертификат, министрликтин ыраазычылык каты тапшырылды. Анда сөз башынан болсун.

100 МЕКТЕП КАТЫШЫП, 15и ЖЕҢҮҮЧҮ ДЕП ТАБЫЛДЫ

Өлкө боюнча бул иш-чарага 100 мектеп катышкан. Министрликтин буйругунда белгиленген бардык критерийлер боюнча катышуучулар тарткан видеопрезентациясын калыстар тобуна жана массалык маалымат каражаттарында бөлүшкөн.
Сынактын максаты – республикадагы мыкты мектептердин алдыңкы иш тажрыйбасынын үлгүлөрүн, мыкты билим берүү жана башкаруу көндүмдөрүн аймактарда жайгашкан мектептерге жеткирүү жана жайылтуу, массалык маалымат каражаттарында мыкты иш тажрыйбаларынын видеопрезентациялары менен бөлүшкөн жалпы билим берүү уюмдарынын рейтингин жыйынтыктоого багытталган. Калыстар тобунун сунушу менен эң мыкты деп табылган мектептин бир кабинети заманбап үлгүдөгү технологияларды колдонулуп, жасалгаланат. Катышкан мектептер мектеп системасына кандай жаңылык киргизген, окуучулардын ийгиликтери, долбоорлор аркылуу мектепке кошумча каражат тартуу, өзүн презентациялоо, окуучулардын олимпиадаларга жана ЖРТга катышуусу, жаш адистердин саны, ийримдердин иштери, коомчулук жана ата-энелер менен иштөө, семинарларды уюштуруу, мугалимдердин билимин жогорулатуу, ачык эшиктер, койгон максаттары билим берүү программасына шайкеш келеби деген критерийлердин баарына жооп бериши керек болчу. Алардын жасаган иш-аракеттерин калыстар тобу карап чыгып, балл коюп, жыйынтыгында жалпы балл чыгарылды, — дейт министрликтин башкы адиси Салтанат Темирбекова.

“МИНИСТРЛИКТИН АТЫ ДА, АТАГЫ ДА АРТАТ”

Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева иш-чараны ачып жатып, талыкпай эмгектенип келген мектептердин эмгек жамаатын, окуучуларын, алардын ата-энелерин жеңиши менен куттуктады.
— 2022-жылдын февраль айынан бери республика боюнча конкурска катышкан мектептердин алдыңкылары аныкталды. Бул дагы болсо мектептердин рейтингин чыгарууда өтө маанилүү критерийлердин бири. Себеби, бардык эле билим берүү мекемелери, анын ичинде мектептин кайсы тибине карабайлы, баары тең өзүнүн мыкты бир тажрыйбасын, презентацияларын социалдык түйүндөрдө, кошуна район же өзүнүн району ичиндеги тажрыйба алмашкан мектептердин арасында болду. Андан сырткары, жеңишке ээ болгон мектептерге Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан атайын толук кандуу инновациялык технологиялар менен жабдылган жаңы кабинеттер уюштурулуп берилет. Билим берүү жана илим министрлиги көбүнчө мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого көп салым кошуп келет. Ошол эле учурда бүгүнкү күндө өтө маанилүү, алдыда көп милдеттер турат, ошол милдеттердин бири – PISA-2025ге даярдык. Жылына өткөрүлүп жаткан ЖРТда ар бир мектепти бүткөн бүтүрүүчүнүн жыйынтык көрсөткүчү — мектептин сыйлыгы, сыймыгы. ЖРТдан республикада 54 мектептен бүткөн бүтүрүүчүлөр алтын сертификат алды. Канчалык мектептердин саны көбөйүп, катары калыңдаган сайын Билим берүү министрлигинин дагы аты, атагы артат, — деди министрдин орун басары.

Т.Ашымбаева 125 балл топтоп, алдыга суурулуп чыккан Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ж.Бөкөнбаев мектебинин жамаатына 300 миң сомдук сертификат, министрликтин ыраазычылык катын тапшырды.

Андан соң Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты башкармалыгынын башкысы Кыялбек Акматов чыгып, кесиптештерин быйылкы окуу жылын жакшы жыйынтыктап, эмгек өргүүгө чыгышы менен куттуктады.
— Бул конкурс республика боюнча бир топ мектептердин катышуусунда өттү. Албетте, иргелип отуруп, бардык жактан күчтүү, креативдүүлүгүн көрсөтө алгандар, мыкты экенин далилдеп, алдыга суурулуп чыгышты. Сыйлыгыңыздар кут болсун, дайыма мындай кароо-сынактардын дагы далайына катышып, мектептин ийгиликтери менен бөлүшүп, мыкты экениңиздерди далилдеп жүрө бериңиздер, — деди башкармалыктын башчысы.

К.Акматов Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу №6 мектеп-гимназиясынын, Бишкек шаарынын № 67 мектеп –гимназиясынын директорлоруна министрликтин Ыраазычылык каты менен сканер тапшырды.

Андан соң иш-чарага демөөрчүлүк кылган “Билимкана” окуу комплексинин негиздөөчүсү, “Мыкты мектеп – 2022” сынагынын жыйынтыктоо боюнча калыстар тобунун төрайымы, Эльнура Осмоналиева, “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Нурлан Кудайбердиев, “Балажан” балдардын республикалык борборунун директору Дария Мусина, Кыргыз-Швед математикалык мектебинин директору Валентина Николаевна Качигулова жана Балдардын жана өспүрүмдөр “Сейтек” улуттук борборунун директору Ира Балтабаевалар демөөрчүлүк кылып, өздөрүнүн белектерин сынактын жеңүүчүлөрүнө тапшырышты. Албетте, ар бир мектептин көркүн мугалим жана окуучу ачат. Ал эми мыкты мугалим жана мыкты окуучу билим уясын алдыга чыгарат.
Балдардын жана өспүрүмдөр “сейтек” улуттук борборунун тарбиялануучулары салтанаттуу аземдин көркүн ачты.

“МЫКТЫ МЕКТЕП – 2022” СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ

№ Мектептердин аталышы Облусу Району/
шаары
1 №6 мектеп -гимназиясы Чүй Жайыл,Кара-Балта
2 Муса Баетов ат. орто мектеби Нарын Ак-Талаа
3 Абдыкайыр Казакбаев атындагы орто мектеби Чүй Кемин
4 Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектеп- гимназиясы Нарын Ак-Талаа
5 Бишкек шаарындагы №67 мектеби Чүй Бишкек
6 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектеби Ысык-Көл Тоң
7 №4 Ак-Суу орто мектеби Чүй Москва
8 Кычан Жакыпов атындагы орто мектеби Ош Кара-Суу
9 А. Осмонов №68 орто мектеби Чүй Бишкек
10 №52 мектеп- лицейи Ош Ош шаары
11 М.Мамакеев атындагы орто мектеби Ысык-Көл Ак-Суу
12 С.Атамбеков атындагы орто мектеби Нарын Ак-Талаа
13 №4 мектеп-гимназиясы Чүй Бишкек
14 №31 мектеп-гимназиясы Чүй Бишкек
15 №2 Аламүдүн орто мектеби Чүй Аламүдүн

ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ЭМНЕ ДЕЙТ?

Махабат АЙТКУЛИЕВА, Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин директору, Тоң району:

— Биз бул сынакка өткөн февраль айынан баштап даярданып баштадык. Тоң райондук билим берүү бөлүмүнүн буйругунун негизинде райондон жалпы беш мектеп катышкан. Конкурстун негизги критерийлеринин бири — мектептин жалпы ишмердүүлүгүн чагылдырган видеопрезентация жасоо болчу, ошол тапшырмада биз мектептин ишмердүүлүгүн, материалдык абалын, мугалимдердин иштерин чагылдырдык. Конкурстун жеңүүчүсү деп аталдык. Жыйынтыкты эксперттик комиссия чыгарды, анын курамын дагы билген жокпуз. Мектеп жамааты менен биргеликте күч-аракетибизди жумшап, видеопрезентацияны жөнөткөнбүз. Окуучуларыбызга билим берүүдөгү жетишкендиктерибиз, олимпиада, ЖРТнын көрсөткүчтөрү, мектепте өткөрүлгөн иш-чаралар, ар кандай ийримдер, жалпы эле мектептин ишмердүүлүгүн калыстар тобу карап, баалашкан. Бул сынакка жалпы 100 мектеп катышкан.

Сүйүнбек ЭМИЛБЕК уулу, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Муса Баетов атындагы орто мектебинин директору:

— Ак-Талаа районунан үч мектеп тандалып, «Мыкты мектеп — 2022» республикалык кароо-сынагына видеороликти онлайн түрүндө жөнөтүп, катышканбыз. Бул конкурска акыркы беш жылдын аралыгындагы билим берүү, агартуу тармагында аткарган иштерибиз, жеке эле билим жаатында гана эмес, мектептин чыгармачылыгы, көмөкчү чарбасы, инфраструктуранын өнүгүшү, долбоорлордун тартылышы боюнча жетишкен ийгиликтерибиз боюнча видеопрезентация даярдап, жөнөткөнбүз. Жыйынтыгында, алдыңкы мектептердин катарына кирдик.

Нүргүл ЖУМАЛИЕВА, Бишкек шаарындагы №67 мектеп-гимназиясынын директору:

— «Мыкты мектеп — 2022» сынагында байгелүү орунга илинип, жеңүүчү деп аталдык. Мен абдан кубанычтамын. Бул сынакка катышуу менен көп жылдык биздин эмгектажрыйбабыз менен бөлүшүү максатын көздөгөнбүз. Мектепти таанытуу видеоролигин министрлик уюштурган конкурска жөнөттүк. 15 мүнөттүк роликтин ичинде мектептин түптөлгөндөн берки таржымалы, тарыхы толук камтылган. Бул мектептин көп жылдык үзүрлүү эмгеги. Мектепте он жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келем. Бизге жыйынтык абдан күтүүсүз болду, анткени, чындыгында орунга ээ болобуз деп ойлогон эмеспиз. Мындан ары дагы билим берүүгө өз салымыбызды кошуп, андан дагы жакшы иштегенге умтулабыз, аракет кылабыз, жылдан-жылга жакшы жыйынтыктарды беребиз деп үмүттөнөм. Анткени, бул сыйлык — мектепке, мектеп администрациясына, эмгек жамаатына абдан чоң стимул.

Дамира КУРМАНБАЕВА, Ош шаарындагы №52 Кыргыз-Түрк достугу мектеп-лицейинин директору:

— Конкурста ар бир мектеп өзүнүн — иш тажрыйбасы менен бөлүшүү керек болчу. Видеопрезентацияда мектепте сабак башталгандан баштап бүткөнгө чейинки көрүнүш, ийгилик жолубуз камтылган. Бул жерде сөзсүз түрдө 1-орунда билим деңгээлин, сапатын көтөрүү деген маселе турат. «Жылдын мыкты мугалими» республикалык сынакта биз эки жолу орун алдык, биринчи жылында — кыргыз тили жана адабияты мугалими Шамырзаев Илгиз, экинчи жылы — математика мугалими Акылбек уулу Нурсултан республикада «Мыкты мугалим» аталган. ЖРТнын, олимпиаданын жыйынтыктарын, мектептеги тарбиялык иштер, кошумча кесипке багыттоо окууларын презентацияга чагылдырдык. Мектебибизде дизайн, тигүү, кулинария, сүрөт, аскерге чейинки даярдоо, жалпылап айтканда, турмушка даярдоо сабактары билим менен айкалышып өтүлгөнү да толук көрсөтүлгөн. Баса белгилей кетчү нерсе, мектептин башка мектептерден өзгөчөлүгү да видеого кошулган. Тыныгуу учурундагы коңгуроонун комуз күүсүндө өтүүсү. Бул иш-чараны дагы улантуу зарыл деп ойлойм, жалпы мектептер бири-бири менен тажрыйба алмашуусу үчүн.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Бактыгүл ӨМҮРАЛИЕВА, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин
4-курсунун студенти, практикант

Комментарийлер