«12 ЖЫЛДЫККА – БИРГЕ КАДАМ» АКЦИЯСЫ

  • 11.04.2025
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2025-жылдын 1-апрелинен тарта жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн «12 жылдыкка – бирге кадам» аттуу акциясын баштады.

Иш-чаранын негизги максаты – коомчулукка 12 жылдык билим берүүгө өтүү жараяны тууралуу маалымат жайылтууга студенттерди креативдүү контент түзүү аркылуу тартуу.

Акцияга Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык, Кыргыз-Түрк “Манас”, Ош, Баткен, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад, С.Нааматов атындагы Нарын, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл, Талас мамлекеттик университеттеринин «Журналистика жана PR», «Дизайн», «Реклама жана коммуникациялар», «Педагогика» факультетинин студенттери катыша алат.

Катышуу үчүн студенттер ар кандай форматта контент түзүп (посттор, рилстер (видеороликтер); баннерлер; викториналар; флешмобдор; коомдук акциялар жана маалымат таратуунун башка түрлөрү) Instagram социалдык тармагында жарыялашы керек.

Иш-чара 2025-жылдын 1-апрелинен 1-июлуна чейин өтөт. Эң көп лайк, комментарий, бөлүшүүгө ээ болгон материалдардын авторлору баалуу сыйлыктар менен сыйланат.

Катышуучу студенттер өз контентин окуу жайдын Instagram аккаунтунда жарыялап, Билим берүү жана илим министрлигинин Instagram’дагы
@bilimilimkg баракчасын белгилеп, Алтын-Казык логотибин, «12 жылдыкка – бирге кадам» акциясынын аталышын, #БиргеКадам жана #АлтынКазык хештегдерин кошушу керек.

Бардык суроолор менен А.Султановага кайрылууга болот.

Телефон: +996 500 07-78-67

Электрондук почта: altynkazykbilim12@gmail.com

Бөлүшүү

Комментарийлер