12 жылдык окутууда Корея өз тажрыйбасы менен бөлүшөт
- 18.12.2024
- 0
17-декабрда Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Корея Республикасынын профессору, Эл аралык мамилелер жана билим берүү институтунун башкы директору, Кенгун университетинин Эркин искусстволор колледжинин деканы Джой Джу Ен Чун менен жолугушту.
Профессор Джой Джу Ен Чун Корея Республикасынын Билим берүү министрлиги Кыргызстан менен кызматташууга даяр экенин билдирип, алдыда 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө Кореянын тажрыйбасы менен бөлүшүп, каталарды кетирбөө максатында кеңештерди берип турарын айтты.
Жолугушуунун жыйынтыгында жакын арада өтө турган форумда Кореянын 12 жылдык билим берүү тажрыйбасы боюнча онлайн презентация жасоо, ошондой эле өз ара тажрыйба алмашуу максатында кыргызстандык мугалимдерди Кореяга чакыруу сунушу жактырылды.
Комментарийлер