12 ЖЫЛДЫК ОКУТУУ МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ

  • 28.10.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министри Догдуркул Шаршеевна жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу 12 жылдык билим берүү тууралуу  эң сонун жана түшүнүктүү маалыматтарды берип жатат. Билим берүү тармагында жакшы жакка өзгөрүүлөргө,  12 жылдык билим берүүгө өтүүдө алгылыктуу иштерге күбө болуп жатканыбыз менен анын маанисин түшүнбөй жаткандар да арбын болууда.

Окуучулар ушул убакка чейин 0-классты кошкондо 12 жыл убакыт кетирип, окуп келбеди беле. Мен отуз жылдай убакыттан бери башталгыч класстарга сабак берип келатам. 0-класстан эле тамга таанып, окуп калган балдарга 1-класстан кайра кайталап окутуу баланын билим алууга болгон кызыгуусун жоготуп коет. Ошондуктан 0-классты 1-класс деп кабыл алуу эң туура деп эсептейм.

12 ЖЫЛДЫК ОКУТУУ МЕЗГИЛ ТАЛАБЫБул учурдун талабы, коом өнүккөн сайын биз да башка өлкөлөрдөн артта калбай өсүп келе жаткан  жеткинчектерге, өспүрүмдөргө жана жаштарга замандын талабына жараша билим берүүгө муктаж экенибизди баарыбыз туура түшүнүү менен кабыл алуубуз керек. Өлкөбүздөгү баардык мугалимдер  түшүндүрүү иштерин жүргүзүп,  демилгени колдоп, жалпыга маалымат берүү бул биздин милдетибиз. Бул өлкөбүздүн келечегине көрүлгөн эң чоң камкордук деп түшүнөм. Өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн бул 12 жылдык тутум мезгилдин талабы.

12 ЖЫЛДЫК ОКУТУУ МЕЗГИЛ ТАЛАБЫТилекке каршы, акыркы учурда “жумурткадан кыр издегендер” көбөйүп,  “сынчынын сыңар өтүгү  майрык” дегендей бул реформанын маани, маңызын, максатын түшүнбөй, жөн эле ооз көптүрүп, сындагандар көбөйүп, бут тоскондор арбып баратканы өкүнүчтүү. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары бул демилгени колдоого алгандын ордуна, “бөйрөктөн шыйрак чыгарып” жатышканын кандай түшүнсөк болот?

Айгүл Өмүрбекова,

Ак-Суу районунданы Мамбет Мамакеев атындагы орто мектептин башталгыч класстарынын мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер