12 жылдык мектепке көчүү жана модернизациялык пландар

  • 02.07.2024
  • 0

Бишкекте 12 жылдык мектепке көчүү менен байланышкан модернизациялык пландарды карап талкуулаган форум ишин улантууда.

Бүгүн форумдун катышуучулары секцияларга бөлүнүп иштеп жатышат.

Билим берүү жана илим министрлиги өткөн аптада 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүнүн концепциясын бекитти. Эми Кыргызстандын өкмөтү бул маанилүү процесстин иш-чаралар планын бекитүүгө тийиш.

«Республикабызда келерки окуу жылынан тартып мектептер 12 жылдык билим берүү системасына өтөт. Анда учурдагы стандарттар өзгөртүлүп, адистештирилген класстарды уюштурууга өзгөчө көңүл бурулат. Мындай аракеттер дүйнөлүк бирдиктүү стандарттарга кошулуу, балдарыбыздын өнүгүүсүнө эң чоң инвестицияларды салуу, заман талабына жараша алардын эмгек рыногундагы өз ордун табуусуна шарт түзүү болуп эсептелет», — деген эле Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров апрель айында.

Бул форум 12 жылдык мектепке көчүүнүн стратегиялык багыттарын билим берүү коомчулугу менен талкуулоо максатында өтүп жатат.

Бөлүшүү

Комментарийлер