12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ӨТҮҮ: РЕФОРМАНЫН ЖҮРҮШҮ ЖАНА АЙМАКТАГЫ ДИАЛОГ
- 24.03.2026
- 0
24-март күнү Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин өкүлдөрү эки күндүк иш сапары менен Ош облусуна барышты. Делегацияны министрдин орун басарлары Надира Джусупбекова жана Лира Самыкбаева жетектеп, негизги максат — аймактагы билим берүү кызматкерлери менен түз жолугушуу аркылуу тармактагы актуалдуу маселелерди талкуулоо болду.

Жыйын Ош шаарындагы В.Терешкова атындагы жатак мектептин жыйындар залында өтүп, ага билим берүү институтунун өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациялардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, усулдук кабинеттердин жетекчилери, ошондой эле мектеп жана бала бакча директорлору катышты. Бул кеңири форматтагы жолугушуу билим берүү системасындагы реформаларды талкуулоого жана аймактык көйгөйлөрдү жеринде көтөрүүгө шарт түздү.
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов өз сөзүндө билим берүү тармагына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилеп, өлкөнүн келечеги билимдүү муунга түздөн-түз байланыштуу экенин айтты. Ал министрликтин өкүлдөрүнүн аймакка келип, жергиликтүү кызматкерлер менен түз диалог жүргүзүп жатканы маанилүү кадам экенин баса белгиледи.
Министрдин орун басары Надира Джусупбекова «Билим берүүнү трансформациялоо: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана чечүү жолдору» аттуу баяндама жасап, учурда жүрүп жаткан реформаларга кеңири токтолду. Анын айтымында, билим берүү системасын жаңылоо процесси бир тараптуу эмес, аймактардагы мугалимдердин, жетекчилердин активдүү катышуусун талап кылат. Ошондуктан мындай жолугушуулар көйгөйлөрдү чогуу талкуулап, чечимдерди биргеликте табууга өбөлгө түзөт.
Министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева билим берүү тармагындагы жаңы санариптик чечимдерди тааныштырды. Анын ичинде жакында ишке киргизилген «Булак» мобилдик тиркемеси, мугалимдерге мамлекеттик сыйлыктарды берүү процессин санариптештирүү жана балдарды 1-класска кабыл алууда киргизилген жаңы механизмдер тууралуу маалымат берилди. Бул демилгелер билим берүү башкаруусунда ачыктыкты камсыздап, бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтууга багытталган.
Мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы Мелис Музулманов 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн мазмундук жагына токтолуп, жаңы мамлекеттик жана предметтик стандарттар тууралуу түшүндүрмө берди. Анын белгилөөсүндө, бул реформа билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана окуучулардын заманбап компетенцияларын өнүктүрүүгө багытталган.
Мектепке чейинки билим берүү тармагында да акыркы мезгилде олуттуу өзгөрүүлөр орун алган. Башкармалыктын жетекчиси Нурзида Касымова бала бакчалардын ишмердүүлүгү, тарбиячылардын эмгек акысы, оптималдаштыруу иштери жана камтууну кеңейтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Ал Кыргызстанда биринчи жолу балдардын тамак-ашын уюштуруу боюнча мамлекеттик деңгээлде токтом кабыл алынып, типтүү устав, мамлекеттик стандарт жана өнүгүү программалары иштелип чыкканын белгиледи. Мындай кадамдар мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын системалуу түрдө жакшыртууга багытталган.
Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин директору Бактыгүл Шамшидинова 12 жылдык системага өтүү шартында билим сапатын баалоо жана мониторинг жүргүзүү механизмдерине токтолду. Ал эми «Окуу китеби» басма үйүнүн директорунун орун басары Аида Ишеналиева жаңы муундагы окуу китептерин даярдоо жана басып чыгаруу иштери тууралуу маалымат берип, мазмуну жаңыланган окуу материалдары этап-этабы менен мектептерге жеткирилерин билдирди.
Жыйын суроо-жооп форматында уланып, катышуучулар тарабынан көтөрүлгөн маселелерге министрликтин өкүлдөрү кеңири жооп беришти. Бул жолугушуу билим берүү системасын реформалоодо аймактардын үнүн угуу жана практикалык көйгөйлөрдү жеринде чечүүгө умтулуу бар экенин көрсөттү.
Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”
Комментарийлер