12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ БАЛДАРДЫН КЕЛЕЧЕГИНЕ КЕҢИРИ ЖОЛ АЧАТ

  • 28.10.2024
  • 0

Президентибиз, өлкө жетекчилери жактырган бул 12 жылдык билим берүү боюнча реформадан ата-энелер кооптонуп, коркпошубуз керек. Балдарыбыз мектепте 12 жыл окуйт тура деген туура эмес, бул баягы эле курак, болгону 0-класс 1-класс болуп эсептелип калат экен.

Ушу 12 жылдык окуу жөнүндө 2021-жылдан бери эле айтып келе жатышат, учурунда мен да түшүндүрүп, пикиримди айткам. Балдарынын келечегин ойлобогон айрым ата-энелер түшүнгүсү келбейт экен. Каршы чыккандардын бир тобу, айрым ата-энелер жана эс алууга чыгып алып, дале мектепте иштеп жүргөн айрым ардагер мугалимдер болууда. Себеби, айрым ата-энелер балдарын эртеден кечке бала бакчага берип койгонду туура көрүшөт экен. Мектепке 1-класска ташып, түйшүк тартууну каалабай турушат окшойт.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ БАЛДАРДЫН КЕЛЕЧЕГИНЕ КЕҢИРИ ЖОЛ АЧАТБилимдин фундаменти башталгыч класстар экенин, балдарга билим берүүгө өзгөчө көңүл буруу келечегине инвестиция салуу экенин туура түшүнүүгө мезгил жетти да. Учурунда баардык реформага каршы чыккандар болгон. Жогорку Кеңештин бийик трибунасынан да бул демилгени колдобой, айрым депутаттар 12 жылдык билим берүүнүн келечегин, маанисин түшүнбөй туруп сынга алгандарын көрүп, жакамды кармадым. Эл шайлап, ишеним көрсөткөн эл өкүлдөрү өздөрү пиар кылып жатканын кандай деп түшүнсөк болот. Бирок, эч нерсе эмес, кимдин иштеп жатканын, эл билет, көпчүлүк колдойт. Мен деле келечекте 12 жылдык билим берүүнүн жыйынтыктары жакшы болооруна, балдардын келечегине кеңири жол ачаарына ишенип турам. Себеби, 12 жылдык билим берүү реформасы бир топ жылды талап кылат. Ошондуктан сабырдуулук менен бул демилгени колдоого алалы.  Мал чарбалуу Монголия өлкөсү деле 12 жылдык билим берүүгө 2008-жылы өткөн экен. Кыргызстан дагы башка өлкөлөрдөн артта калбашы керек. Совет доорунда менин ата-энем дагы мугалимдер эле. Алар дагы “мектепте окуучулар кошумча кесипке ээ болушса”- деп көп айтып калышаар эле.

Жаныбек Кулукеев,

 Бишкек шаарындагы “Көлмө” конушунун тургуну

Бөлүшүү

Комментарийлер