12-ДЕКАБРЬ — УЛУТТУК АДАБИЯТ КҮНҮ
- 12.12.2020
- 0
Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин «Арт-Мурас» студиясынын студенттери Ч.Айтматов атындагы китепканада уюштурулган «Айтматов ааламы» атту иш-чарага катышып келишти.
Ага Ч.Айтматовдун замандаштары: Кыргыз эл жазуучусу, акын, драматург, котормочу жана коомдук ишмер Асан Жакшылыков, экс-премьер министр Амангелди Муралиев, Улуттук «Манас» жана «Чыңгыз Айтматов» академиясынын президенти, коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев ж.б. катышышты.
«Арт-Мурас» студиясынын студенттери «Айтматов ааламы» деген аталыштагы музыкалык композициясын аткарып беришти. Китепкананын жетекчилиги университеттин студенттерине жана «Арт-Мурас» студиясынын көркөм жетекчиси Кундуз Макеевага иш-чарага жигердүү катышкандыгы үчүн Ардак грамоларды тапшырып, ыраазычылык билдиришти.
Комментарийлер