115 ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА АЧЫЛАТ

  • 12.02.2026
  • 0

Мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 55-60% чейин көбөйөт. Бул тууралуу КР Агартуу министри Д.Кендирбаева 2025-жылды жыйынтыктоочу коллегияда билдирди.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча мектепке чейинки курактагы балдардын 51 пайызы билим берүү программасы менен камсыз болду. 560 мектепке чейинки билим берүү уюмун түзүү иштери аяктады. Ага 2000ден ашык бала тартылды. Республика боюнча 271 үй тибиндеги жеке бала бакчада  6228 бала тарбияланууда. 570 бала бакчада уктоочу жайлар оптималдаштырылып, 518 кошумча топ ачылды. Ага 13447 бала кабыл алынды. Балдардын логикалык, сынчыл жана чыгармачыл ой жүгүртүүсүн калыптандырууда 160 бала бакча STEM жабдуулары менен жабдылып, инновациялык коопсуз жана кызыктуу билим берүү чөйрөсү түзүлдү. Балдардын кыргыз тилин негизги тил катары өздөштүрүп, ошол эле учурда орус жана англис тилине болгон кызыгуусун эрте курактан калыптандыруу үчүн 100 бала бакчада көп тилдүү билим берүү программасы ишке ашырылууда.

2026-2027-жылдагы планда Курулуш министрлигинин, Каржы министрлигинин жана жергиликтүү бийликтин колдоосу менен 115 жаңы бала бакча ачуу, 570 бала бакчанын кубаттуулугун жогорулатуу үчүн өзгөртүү каралууда.

115 ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА АЧЫЛАТ

Баштапкы кесиптик билим

Башталгыч кесиптик билим берүү боюнча жыл сайын 10 айлык жана эки жылдык программалар боюнча квалификациялуу билим алган 15 миңден ашык бүтүрүүчү эмгек рыногуна чыгат. Кесиптик окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн жумушка орношуу көрсөткүчү 67%, ал эми бүтүрүүчүлөр өздөрү жаңы жумуш орундарынын 13 пайызын түзөт.

Баштапкы кесиптик билим берүү, анын ичинде экономиканын негизги тармактары болгон жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, маалыматтык технологиялар, курулуш жана металл иштетүү ж.б. боюнча 95тен ашык адистикте кыска мөөнөттүү курстар уюштурулган.

Ошондой эле система инклюзивдүү билим берүүнү камсыз кылып, жетим, мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын жана аз камсыз болгон балдардын  контингентинин жалпы санынын 10 пайызын түзөт.

2025-жылдын жыйынтыгы менен 71 кесиптик окуу жайы дуалдык билим берүү программаларын ишке ашырып, 5079 окуучуну камтууда. Өнөктөш уюмдардын б.а. ири ишканалардын саны болжол менен 170ти түзөт.

Кесиптик окуу жайларынын 93,8 пайызы киреше алып келүүчү иш-аракеттер менен алектенет. 2025-жылдын алгачкы 11 айында киреше 176,9 миллион сомду түзгөн, бул 2024-жылга салыштырмалуу 93,7 миллион сомго көп.

Агартуу министрлигинин 2025-жылдагы жыйынтыгы боюнча жумушка орношуу көндүмдөрүнө муктаж болгон 10 миңден ашык жумушсуз чоңдор kesip.edu.gov.kg порталында окутулган. Жарандарды окутуу үчүн он тогуз электрондук окутуу модулу (микрокурстар) иштелип чыгып, ишке ашырылды жана алар https://academy.inaqa.com дареги боюнча онлайн режиминде күнү-түнү жеткиликтүү.

Мектептердин саны дагы көбөйөт

Кыргыз Республикасында билим берүү тармагын өнүктүрүү, окуучулар үчүн заманбап жана коопсуз шарттарды түзүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Калктын өсүшү, ички миграциянын күчөшү жана шаарлардагы жаңы конуштардын көбөйүшү мектептерге болгон муктаждыкты арттырып, билим берүү инфраструктурасын кеңейтүүнү талап кылууда. Ушуга байланыштуу өлкөдө акыркы жылдары мектептердин жана бала бакчалардын санын көбөйтүү боюнча ири долбоорлор ишке ашырылууда.

Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы Бишкек шаарында 20 мектептин курулушу башталды. Алардын сегизи толугу менен жаңы мектеп болсо, 12си иштеп жаткан билим берүү мекемелерине кошумча окуу корпустары катары курулууда.

115 ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА АЧЫЛАТ

Жаңы мектептер калк жыш жайгашкан аймактарда – Өскөн-Ордо, Ак-Ордо жаңы конуштарында, Кудайберген кичи районунда, ошондой эле көп жылдан бери мектепке муктаж болуп келген Дача-Су жана Достук айылдарында салынмакчы. Адистердин айтымында, бул мектептер пайдаланууга берилгенден кийин борбор калаадагы ашыкча жүктөлгөн мектептердин көйгөйү бир топ жеңилдеп, үч нөөмөттө окутууну азайтууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги 2025-жылга карата республикалык бюджеттин эсебинен 947 билим берүү мекемесин куруу боюнча сунушун КР Курулуш министрлигине жиберген. Министрликтин инфраструктура жана мамлекеттик сатып алуулар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул тизмеден биринчи кезекте 135 объекттин курулушу каралган.

Жалпы пландын алкагында өлкө боюнча 380 жаңы мектеп жана кошумча окуу имараттары, спорт залдар, 432 бала бакча куруу пландалууда. Мындан тышкары, учурда иштеп жаткан 515 мектептин ичинен 152 билим берүү мекемесине кошумча окуу корпустарын куруу сунушталган. Бул өзгөчө айыл аймактарындагы жана калк тыгыз жайгашкан шаар четиндеги мектептер үчүн маанилүү.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы менен республикалык бюджеттин эсебинен 134 билим берүү мекемесинин курулушу аяктаган. Алардын ичинен 60 мектеп жана 28 бала бакча толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

Мындан тышкары, 41 мектепте жана беш бала бакчада капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, имараттардын коопсуздугу жана санитардык шарттары жакшыртылды. Ошондой эле 16 мектеп жана 13 бала бакчанын курулушу өнүктүрүү фонддорунун, жергиликтүү бюджеттердин жана демөөрчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен каржыланган.

Инвестициялар жана долбоорлор

Билим берүү тармагында эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү да маанилүү багыттардын бири болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Россия Федерациясынын Өкмөтү менен түзүлгөн орус тилинде окутуучу биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарын куруу боюнча макулдашууларды ишке ашырууда.

115 ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА АЧЫЛАТ

Учурда бул мектептер үчүн каралган бардык жер тилкелери боюнча документтик жол-жоболор толугу менен бүткөрүлүп, алар Евразиялык стабилдештирүү жана өнүктүрүү фондуна өткөрүлүп берилген. Бул долбоорлор билим берүүнүн мазмунун диверсификациялоого жана ата-энелер үчүн тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө шарт түзөт.

Жаңы мектептерди куруу менен катар, иштеп жаткан билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын жаңыртуу да өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. 2025-жылы 57 млн 828 миң сом суммасына келишим түзүлүп, 120 мектепке 357 класс-комплект бөлүштүрүлгөн. Бул бөлүштүрүү райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн сунуштарынын негизинде, эмерекке муктаж болгон мектептерди эске алуу менен жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары, 47 млн 447 миң сомго 143 мектеп үчүн 724 даана компьютердик техника сатып алынып, өлкөнүн бардык аймактарына таратылган. Бул чаралар санариптик билим берүүнү өнүктүрүүгө, окуучулардын жана мугалимдердин заманбап технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.

2025-жылы билим берүү тармагына багытталган бир катар ири эл аралык келишимдерге кол коюлду. Алардын катарында Ислам өнүктүрүү банкы, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы жана Азия өнүктүрүү банкы менен түзүлгөн макулдашуулар бар.

Бул долбоорлор инклюзивдүү билим берүүнү жакшыртууга, мектептик жана башталгыч кесиптик билим берүүнү трансформациялоого, ошондой эле билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган. Адистердин пикиринде, аталган инвестициялар узак мөөнөттүү перспективада өлкөнүн адамдык капиталын өнүктүрүүгө чоң салым кошот.

Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстанда мектептердин жана бала бакчалардын саны жылдан-жылга көбөйүп, билим берүү инфраструктурасы системалуу түрдө кеңейүүдө. Жаңы курулуштар, эл аралык инвестициялар жана материалдык-техникалык базаны чыңдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга багытталган. Бул өз кезегинде келечек муун үчүн бекем пайдубал түзүп, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер