115 ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА АЧЫЛАТ
- 10.02.2026
- 0
Мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 55-60% чейин көбөйөт. Бул тууралуу КР Агартуу министри Д.Кендирбаева 2025-жылды жыйынтыктоочу коллегияда билдирди. Коллегияга КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Байсалов, ЖК депутаты Т.Ашымбаева, Бишкек шаарынын мэри А.Жунушалиев катышты.

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдагы планды аткаруунун жыйынтыгы боюнча Агартуу министрлиги мыкты деген баага татыктуу болду. Элдин ишеним индекси 2025-жылы 48,7 пайызды түздү. Министрлик өткөн жылы “Алтын Казык” трансформация программасынын алкагында мектептик билим берүүдө 12 жылдык улуттук моделде билим берүүнү баштаганы белгилүү. Бул модель жаңы муунду дүйнөлүк деңгээлдеги билим жана көндүмдөр менен камсыздап, алардын талантын жана потенциалын толук ачууга мүмкүндүк берет.
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча мектепке чейинки курактагы балдардын 51 пайызы билим берүү программасы менен камсыз болду. 560 мектепке чейинки билим берүү уюмун түзүү иштери аяктады. Ага 2000ден ашык бала тартылды. Республика боюнча 271 үй тибиндеги жеке бала бакчада 6228 бала тарбияланууда. 570 бала бакчада уктоочу жайлар оптималдаштырып, 518 кошумча топ ачылды. Ага 13447 бала кабыл алынды. Балдардын логикалык, сынчыл жана чыгармачыл ой жүгүртүүсүн калыптандырууда 160 бала бакча СТЕМ жабдуулары менен жабдылып, инновациялык коопсуз жана кызыктуу билим берүү чөйрөсү түзүлдү. Балдардын кыргыз тилин негизги тил катары өздөштүрүп, ошол эле учурда орус жана англис тилине болгон кызыгуусун эрте курактан калыптандыруу үчүн 100 бала бакчада көп тилдүү билим берүү программасы ишке ашырылууда.
2026-2027-жылдагы планда Курулуш министрлигинин, Каржы министрлигинин жана жергиликтүү бийликтин колдоосу менен 115 жаңы бала бакча ачуу, 570 бала бакчаны кубаттуулукту жогорулатуу үчүн өзгөртүү каралууда.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер