100 ЖЫЛДЫККА 100 ОБЪЕКТ: 13 БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

  • 30.08.2024
  • 0

Бүгүн Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын аймактарында курулган 100 объектисинин ачылуу салтанатына онлайн катышты. Ал өз сөзүндө Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата 100 объекттин ачылышы Кыргызстан үчүн тарыхый жактан өтө маанилүү учур экенин белгиледи.

— Жаңы ачылган ишканалар өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошсо, жаңы ачылган мектеп, бала бакчалар билим сапатын арттырууга жол чабат деп ишенем, — деди Садыр Жапаров.

Мамкурулуш агенттигинин басма сөз кызматы билдирген маалымат боюнча жаңы ачылган социалдык обьектилердин катарында 22 мектеп, 13 бала бакча, 5 спорткомплекс пайдаланууга берилди. Ысык-Көл облусунда – 4 бала бакча (Ак-Суу районунда, Түп районунун Байзак, Михайловка жана Кең-Суу айылдарында 100 орундуу бала бакча); Ош облусунда — 2 бала бакча (Өзгөн районунун Кыймыл айылында 60 орундуу, Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында 60 орундуу бала бакча); Талас облусунда – 1 бала бакча (Айтматов районунун Көк-Сай айылында 140 орундуу бала бакча); Жалал-Абад облусунда — 7 бала бакча (Базар-Коргон районунун Кочкор айылында 50 орундуу бала бакча; Ноокен районунун Масы айылындагы 50 орундуу бала бакча; Сузак районунун Кара-Дарыя айылындагы К. Сартбаев атындагы мектептин аймагында бала бакча; Кара-Алма айылынын Сай аймагында 40 орундуу бала бакча; Калмак-Кырчын айылында 40 орундуу бала бакча; Бостон айылындагы 40 орундуу бала бакча; Жаңы-Ачы айылындагы 40 орундуу бала бакча) ишке берилди.

Аймактар боюнча алсак, эң көп сандагы бала бакча Жалал-Абад облусунда ачылды. Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Айнура Исаеванын айтымында Сузак районунда жаңы ачылган беш бала бакчага жалпысынан 300дөн ашык бала барышы күтүлүүдө.

— Сузак районундагы Калмак-Кырчын айылында мурда бир да бала бакча жок болчу. Мында жаңы ачылганына айылдыктардын кубанычы койнуна батпай турган чагы. Кара-Дарыя айыл өкмөтүндөгү Төш деген айылда да бала бакча болгон эмес. Ал айыл өзү Өзбекстан менен чектеш жерде жайгашкан. Ал эми Кызыл-Туу айыл өкмөтүндөгү эски имараттары жаңыланды. Дагы бир райондон эң алыс жайгашкан Кара-Алма айыл өкмөтүндө бала бакчанын ачылышы да өзгөчө кубанычтуу көрүнүш, анткени ал жердеги бала бакча авариялык абалда эле, — дейт.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер