“ЖАШ МУГАЛИМ” ПРОГРАММАСЫНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫ ТЕСТИРЛӨӨДӨН ӨТҮҮДӨ

  • 10.12.2025
  • 0

К. Каниметов атындагы №1 мектеп-интернатта “Жаш мугалим” программасына тартылган жаш адистер үчүн тестирлөө жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, программа муниципалитеттин каржылоосу менен ишке ашууда. Анын алкагында жаңыдан эмгек жолун баштаган мугалимдерди колдоо, алардын билим берүү мекемелерине ийгиликтүү иштөөсүнө шарт түзүү негизги максат болуп саналат.
“ЖАШ МУГАЛИМ” ПРОГРАММАСЫНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫ ТЕСТИРЛӨӨДӨН ӨТҮҮДӨ
Тестирлөө жаш педагогдордун шаар мектептеринде иштөөгө болгон деңгээлин объективдүү аныктоого мүмкүндүк берет.
Билим берүү департаменти жаш кадрлар менен иштөөнү мындан ары да улантып, алардын кесиптик өсүүсүнө жана өнүгүүсүнө багытталган программаларды туруктуу жүргүзөрүн белгиледи.

(БК)

Бөлүшүү

Комментарийлер