1-класстар үчүн математика окуу китеби таратыла баштады
- 16.09.2025
- 0
Быйыл 1, 2, 5, 7-класстар үчүн “Математика” жана “Табият таануу. Мен жана дүйнө” предметтери боюнча 2 780 020 нускада жаңы окуу-методикалык комплекстер басылып чыгат. Ушул тапта “Учкун” ААКнын басмаканасында 1-класстар үчүн “Математика” предмети боюнча жаңы окуу-методикалык комплекс 295 880 нускада басылууда. Басылып чыккан китептердин алгачкы партиясы, тактап айтканда, 57 970 нускасы Бишкек шаарындагы мектептерге жеткирилет.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жалпы билим берүү уюмдарын жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстер менен камсыз кылуу боюнча масштабдуу ишти улантууда. Бул максатка мамлекеттик бюджеттен 744 млн сом бөлүнгөн. Бөлүнгөн каражаттын эсебинен 1, 2, 5, 7-класстар үчүн “Математика” жана “Табият таануу. Мен жана дүйнө” предметтери боюнча жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстер даярдалууда. Окуу-методикалык комплекс окуу китебинен, иш дептеринен жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмодон турат.

Жаңы муундагы “Математика” окуу-методикалык комплекстери жаңыланган мамлекеттик предметтик стандарттарга ылайык иштелип чыккан. Алар башталгыч класстардын окуучуларында математикалык билимдин бекем пайдубалын түзүүгө багытталган. Окуу китептерин жана иш дептерлерин даярдоодо балдардын жаш курактык өзгөчөлүктөрү эске алынган.

“Окуу китеби” басма үйүнүн директору Төлөгөн Аматов 58миң нускада математика китеби даяр болуп, биринчи Бишкек шаарындагы жана андан кийин башка региондордогу мектептерге таратыларын айтты. Мындан сырткары, окуу китертерин басып чыгаруу максатында мамлекет тарабынан 744миллион сом каражат бөлүнгөнүн баса белгилөө менен буга 3-9-класстар үчүн англис тили китеби басылып чыгып, мектептерге жеткирилгенин, учурда орус жана кыргыз тилинде математика китеби чыгып жатканын айтып өттү.
Ошондой эле директор мындай заманбап үлгүдө окуу китептери окуу процессин жеңилдетерин кошумчалады.

Математика боюнча окуу китептерин адаптациялоо тобунун лидери, эксперт, методист Үпөл Керимканова азыркы окуу китептери мурдагыдан айырмаланып, ар бир барагы кооз сүрөттөр менен коштолгонун, иш дептери да бар экендигин белгиледи. Айтымында, ар теманын башында окуучунун күнүмдүк турмушуна тиешелүү каармандар өз ара маек жүргүзүп жаткандары да чагылдырылган, сабак канчалык деңгээлде максатына жеткенине окуучу өзү жооп берет, дептериндеги бош орундарды каалагандай толтура алат. Китептин окуучунун математика сабагына болгон кызыгуусун арттырууга көмөгү чоң.
Мындан сырткары, эксперт адаптациялоого катышкан жумушчу топтун 80 пайызын мектеп мугалимдер түзүп, калганы изилдөөчүлөр,окумуштуулар,жогорку окуу жайдын окутуучулары, консультаттар болгонун кошумчалады.
“Учкун” АА басмаканасынын өндүрүш директору Кубат Бейшеев окуу китептерин ыкчам басып чыгуруу аракетин көрүп, кызматкерлер күнү-түнү иштеп жатканын билдирди.
- Биз китептердин техникалык жактан сапаттуу басылып чыгышына жооп беребиз. Баары өкмөттүн токтомундагы стандартка ылайык даярдалып жатат. Китептин көлөмү, канча грамм чыгышы керек,кандай кагаз колдонулуп, кайсы боек колдонуш керек, баары сантитардык нормага туура келиши абзел. Себеби, биринчиден, баланын ден соолугун ойлошубуз керек, аларга эч кандай зыян алып келбеши маанилүү. Колдонуп жаткан материалдарыбызга толук кепилдик бере алабыз, — деди ал.
Китептер төмөнкүдөй жаңычылдыктар менен айырмаланат:
- Практикага негизделген ыкма – тапшырмалар күнүмдүк турмуштук жагдайлар менен байланышкан, бул математика билимин жашоодо колдонууга өбөлгө түзөт;
- Кадам-кадам менен үйрөтүү – темалар жөнөкөйдөн татаалга карай ырааттуу берилип, логикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө багытталган;
- Иллюстрациялык материал – түстүү схемалар, сүрөттөр жана моделдер окутуу процессин көрсөтмөлүү кылып, жеткиликтүү түшүндүрөт;
- Интерактивдүү тапшырмалар – көнүгүүлөр жуптук жана топтук ишке ылайыкталып, кызматташуу көндүмдөрүн өрчүтүүгө көмөктөшөт;
- Методикалык коштоо – мугалимдер үчүн методикалык колдонмолордо сабак өтүүнүн сунуштары, оюн ыкмаларын жана санариптик ресурстарды пайдалануу жолдору берилген.

Мындан тышкары, китептерди адаптациялоодо эки тилдүү билим берүү чөйрөсүнүн өзгөчөлүктөрү, улуттук контекст жана башталгыч мектепте математиканы окутуунун заманбап ыкмалары эске алынган.
Айгерим Токтобаева, «Кут БИЛИМ»






Комментарийлер