1-КЛАССКА ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО БАШТАЛДЫ: ЖАҢЫ ТАРТИП ЖАНА АНЫН ТААСИРИ

  • 01.04.2026
  • 0

1-апрелден тартып 2026–2027-окуу жылына карата мектептердин 1-классына балдарды электрондук каттоо башталды. Быйыл 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жана 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин төрөлгөн балдар кабыл алынат.

Каттоо Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги бекиткен жобонун негизинде толугу менен санарип форматта жүргүзүлүүдө. Бул документ системанын иштөө механизмин, катышуучулардын укук-милдеттерин жана биринчи класска кабыл алуунун эрежелерин аныктайт.

Санарип: ачык-айкындуулукка кадам

“Электрондук каттоо” (1mektep.edu.gov.kg) — бул балдарды мектепке кабыл алуу процессин автоматташтырган мамлекеттик платформа. Анын негизги максаты — кабыл алууда ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана бардык балдар үчүн тең мүмкүнчүлүк түзүү.

Ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр балдарын:

  • 1mektep.edu.gov.kg платформасы,
  • “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу
    аралыктан туруп каттай алышат.

Маалыматтар мыйзам чегинде корголуп, системанын техникалык оператору болгон “Түндүк” ААК анын үзгүлтүксүз иштешине жооп берет.

Каттоо эки этап менен жүргүзүлөт

Мектепке кабыл алуу эки негизги этаптан турат:

Биринчи этапта балдар жашаган жери боюнча (микроучасток) мектепке катталат. Бул ыкма мектептердеги жүктөмдү тең салмактоо максатын көздөйт.

Экинчи этап 2026-жылдын 1-июнунда саат 10:00дө башталат. Бул учурда ата-энелер бош орун бар мектептерге кошумча арыз бере алышат.

Мектепке каттоо процесси учурунда жаралган көйгөйлөр боюнча ата-энелерге жана жарандарга министрликтин кызматкерлери түшүндүрмө иштерин жүргүзүүдө.

Агартуу министрлигинин санариптик трансформация бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Каниет Субанкул кызынын айтуусунда жарандардан түшкөн эң көп суроо – чет өлкөлөрдө төрөлгөн балдарды кантип каттоо керек деген маселеге байланыштуу болду.

— Бала чет өлкөдө төрөлгөндүгү үчүн “Түндүккө” кошулган эмес. Каттоо үчүн алгач калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) кайрылып, Кыргыз Республикасынын жеке идентификациялык номерин (ИЖН) алуу керек. Андан соң https://1mektep.edu.gov.kg/ky сайтына кирип, бала тууралуу керектүү маалыматтарды толтуруп, жогоруда белгиленген эреже боюнча каттоодон өтөт, — дейт Каниет Субанкул кызы.

Сокулук районунун Ново-Павловка айылындагы жаңы конуштун тургуну Сулайман уулу Бекжан үй-бүлөсү, үч баласы менен Манас кыштагындагы жаңы конушта турат. Ал эртеден бери быйыл мектепке кире турган кызын каттоодон өткөрө албай жатканын, Бишкек шаардык билим берүү департаменти министрликке жөнөткөнүн билдирди. Бекжан сайтта туулган жылы туура эмес жазылып калгандыгын, балким ошол себептен каттоого кире албай жатам го деп тынчсызданып келгенин айтты. Бирок министрликтин адистери андай нерселер каттоого тоскоолдук жаратпай тургандыгын белгилешти. Бекжан эки баласы Сокулук районунун Ат-Башы айылындагы мектепке барарын, үчүнчү кызы да ошол мектепке кирип калса жакшы болор эле деп кошумчалады.

Бишкектеги мектептерге кабыл алууга өзгөртүүлөр киргизилди

КР агартуу министрлигинин мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы Мелисбек Музулманов 2026-2027-окуу жылына карата Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарына окуучуларды каттоо тартибине өзгөртүүлөр киргизилгенин билдирди.

— Бишкек шаарындагы зоналык микроучасток деген принцип бул жылы алынып салынды. Ага Бишкек шаардык департаменти жана бир топ ата-энелердин кайрылуусу негиз болду. Бул окуу жылында шаардагы ата-энелер өздөрүнө эң жакын жайгашкан микроучастогундагы мектепке гана балдарын каттай алат. Ал эми экинчи этаптан баштап бош орун болгон мектептерге каттоо укугуна ээ болушат. Бул чечим Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин кайрылуусунун негизинде кабыл алынган. Киргизилген өзгөртүүлөр борбор калаада калктын жыш жайгашуусун эске алуу менен мектептердеги жүктөмдү тең салмактуу бөлүштүрүүгө багытталган. Андыктан баардык ата-энелер түшүнүү менен кабыл алышат деп ишенебиз, — дейт.

Бул чечим шаардагы калктын жыштыгын жана мектептердеги орун тартыштыгын эске алуу менен кабыл алынган. Адистердин пикиринде, мындай ыкма мектептерге түшкөн жүктү салыштырмалуу тең бөлүштүрүүгө жардам берет. Бирок ата-энелер арасында каалаган мектепти тандоо мүмкүнчүлүгү чектелди деген сын-пикирлер да болушу мүмкүн.

Санарип реформанын артыкчылыктары жана тобокелчиликтери

Электрондук каттоонун негизги артыкчылыктары:

  • бюрократия азаят;
  • адам фактору кыскарат;
  • коррупциялык тобокелчиликтер төмөндөйт;
  • каттоо процесси ылдамдайт.

Ошол эле учурда айрым көйгөйлөр да актуалдуу бойдон калууда:

  • интернет жеткиликтүүлүгү бардык жерде бирдей эмес;
  • санарип сабаттуулук деңгээли ар түрдүү;
  • техникалык мүчүлүштүктөр каттоого тоскоол болушу мүмкүн.

Мындан тышкары, чет өлкөлүк жарандар үчүн кошумча процедура каралган: алар алгач калкты тейлөө борборлору аркылуу жеке идентификациялык номер (ИЖН) алып, андан кийин гана система аркылуу каттоодон өтө алышат.

Тең мүмкүнчүлүк принциби сакталат

Маанилүү талаптардын бири — биринчи класска кабыл алууда эч кандай тест, экзамен же маектешүү өткөрүлбөйт. Бул бардык балдар үчүн билим алууга тең мүмкүнчүлүк берүү максатын көздөйт.

Өзгөчө учурларда (мисалы, бала 8 жаштан улуу же документтери жок болсо), чечим Балдар иштери боюнча комиссия тарабынан кабыл алынат.

Орун тартыштыгы — негизги маселе

2026–2027-окуу жылында өлкө боюнча болжол менен 170 миң бала мектеп босогосун аттайт. Анын ичинен 25 миңге жакыны Бишкек шаарына туура келет.

Борбор калаадагы негизги көйгөй — мектептердеги орун жетишсиздиги. Бул маселени чечүү максатында:

  • 20 билим берүү мекемеси курулуп жатат;
  • алардын 11и кошумча корпус,
  • 9у жаңы мектептер.

Курулуп жаткан жаңы мектептер сентябрга чейин пайдаланууга берилсе, абал бир аз жеңилдеши күтүлүүдө. Бирок калктын тез өсүшүн эске алганда, бул чаралар узак мөөнөттүү чечим үчүн жетишсиз болушу мүмкүн.

Электрондук каттоо системасы — билим берүү тармагындагы маанилүү реформалардын бири. Ал ачыктыкты жана адилеттүүлүктү камсыз кылууга багытталган. Бирок системанын ийгилиги инфраструктурага, санарип сабаттуулукка жана мектептердин жетиштүүлүгүнө түздөн-түз байланыштуу.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер