1-класска электрондук каттоо 1-апрелде башталат
- 26.03.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына балдарды электрондук каттоо боюнча жобону бекитти.
Документке ылайык, 2026–2027-окуу жылына 1-класска 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жана 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин төрөлгөн балдар кабыл алынат.

Эгерде бала 8 жаштан улуу болсо же баланын же ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) инсандыгын тастыктаган документтери жок болсо, анда мектепке кабыл алуу чечими Балдар иштери боюнча комиссия тарабынан кабыл алынат.
Министрликтин маалыматына ылайык, биринчи класска кабыл алуу өлкөнүн бардык аймактарында «Электрондук жазылуу» санариптик системасы аркылуу жүргүзүлөт. Ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр балдарын 1mektep.edu.gov.kg платформасындагы жеке кабинет аркылуу каттай алышат.
Кабыл алуу эки этап менен өтөт.
Биринчи этап 2026-жылдын 1-апрелинде саат 10:00дө башталып, анда ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн туруктуу каттоосу мектептин аймагында болгон балдар кабыл алынат.
Экинчи этап 2026-жылдын 1-июнунда саат 10:00дө башталат. Бул этапта каттоосуна карабастан, мектептерде бош орундар болгон учурда бардык балдар кабыл алынат.
Ошондой эле биринчи класска кабыл алууда тест, экзамен, конкурс же маектешүү сыяктуу текшерүүлөрдү өткөрүүгө тыюу салынары белгиленди.
Комментарийлер