1-КЛАССКА 28 МИҢДЕН АШУУН БАЛА ЭЛЕКТРОНДУК КАТТООДОН ӨТТҮ

  • 03.04.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги билдиргендей, 2026-жылдын 1-апрели саат 10:00дөн 3-апрели саат 10:00гө чейинки аралыкта “Мектеп” (1mektep.edu.gov.kg) автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу 1-класска 28 908 бала катталды.
Катталган балдардын аймактар боюнча бөлүштүрүлүшү төмөнкүдөй: Бишкек шаарында — 6211, Ош облусунда — 5341, Жалал-Абад облусунда — 4715, Чүй облусунда — 3409, Баткен облусунда — 3134, Ысык-Көл облусунда — 2414, Нарын облусунда — 1386, Ош шаарында — 1007, Талас облусунда — 964 бала катталган.    Министрликтин маалыматына ылайык, быйыл республика боюнча 1-класска кабыл алуу үчүн 190 миңден ашуун квота каралган.

1-КЛАССКА 28 МИҢДЕН АШУУН БАЛА ЭЛЕКТРОНДУК КАТТООДОН ӨТТҮ
Белгилей кетсек, 1-апрелден тартып өлкө аймагында балдарды мектепке электрондук каттоонун биринчи этабы башталган. Бул этапта ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн тиешелүү мектептин микроучастогунда туруктуу каттоосу бар балдар кабыл алынууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер