Кыргызстанда бюджеттик тармакта иштеген кызматкерлердин эмгек акысы 2026-жылдын 1-апрелинен тарта жогорулайт. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкта так көрсөтүлгөн.

Жаңы чечимге ылайык, эмгек акы системасын жөнгө салуу менен катар президенттик компенсациялык төлөм киргизилет. Анын негизинде билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, маалымат жана спорт, социалдык коргоо тармактарында иштеген кызматкерлердин айлыгы теңдештирилип, тегеректелип, кошумча түрдө бир ставкасына 15 миң сом өлчөмүндө төлөм каралат. Бул категорияга техникалык жана кенже тейлөөчү персонал кирбейт.
Ал эми бюджеттик мекемелердин техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкерлери, ошондой эле укук коргоо органдарынын, Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүмдөрдүн жалданма жана жарандык персоналы үчүн өзүнчө шарт каралган. Аларга бир ставкасына 5 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм белгиленет.
Жарлыкта белгиленгендей, бул чаралар эмгек акы төлөө системасын тартипке келтирүүгө, ар кандай айырмачылыктарды жоюуга жана бюджеттик тармактагы кызматкерлердин социалдык абалын жакшыртууга багытталган.
Мындан тышкары, документтин негизинде тиешелүү мамлекеттик органдарга жана Министрлер кабинетине бул өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилген. Жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө президенттин администрациясына жүктөлдү.
Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”
Комментарийлер