Жандуу организмдердин касиеттери
- 19.03.2026
- 0

Курбанова Нургүл, А.Эрматов атындагы №4 Миң-Булак жалпы орто билим берүү мектебинин биология мугулими, Аксы району.
СТЕМ (STEM) интеграциясы менен сабактын планы
Класс: 5-класс
Сабактын уюштуруусу
- Окуучулар 4-5 кишиден турган кичи топторго бөлүнөт.
- Столдор тегерек же U-формасында жайгаштырылып, ар бир топтун мүчөлөрү бири-бири менен оңой сүйлөшө алышы үчүн шарт түзүлөт.
- Ар бир топко STEM тапшырмасы жазылган карточкалар жана керектүү жабдуулар берилет.
- Изилдөө жана Тактоо этаптарында топтордун ишине өзгөчө көңүл бурулат.
Сабактын жабдылуусу
- Компьютер же проектор (видео көрсөтүү үчүн)
- Интернетке туташкан уюлдук телефондор
- Жаш өсүмдүктөр же көчөттөр (ар бир топко)
- Өлчөөчү аспаптар (сызыктар, рулеткалар)
- Кагаз, карандаш, түстүү маркерлер
- STEM тапшырмалары жазылган карточкалар
- Долбоорлорду көрсөтүү үчүн тактай же флипчарт
Сабактын стратегиялары жана усулдары
- Интерактивдүү окутуу: Окуучулар сабакка активдүү катышып, билимди өздөрү изилдөө, талкуулоо жана практика жүзүндө колдонуу аркылуу алышат. Бул ыкма сабактын 5Е моделине толук шайкеш келет.
- Топтордо иштөө: Окуучулар бири-бири менен кызматташып, жалпы максатка жетүү үчүн бири-биринин пикирин угууга үйрөнүшөт. Ар бир окуучу өзүнүн салымын кошуп, жоопкерчиликти сезет.
- Изилдөөгө негизделген окутуу: Сабактын негизги бөлүгү – бул окуучулар өз алдынча маалымат чогултуу жана алардын негизинде жыйынтык чыгаруу. Мугалим багыттоочу гана роль ойнойт.
- Проблемалык окутуу: «Өзү азыктанган робот» долбоору сыяктуу тапшырмалар аркылуу окуучулар теориялык билимди практикалык маселелерди чечүүгө колдонууга үйрөнүшөт.
- Дискуссия жана мээ чабуулу: Сабактын бардык этаптарында суроолор жана жооптор аркылуу талкуу жүрүп, окуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсү өнүгөт.
Сабактын максаты:
Окуучулар жандуу организмдердин негизги касиеттерин үйрөнүшөт жана бул касиеттерди жөнөкөй сөздөр менен түшүндүрө алышат. Алар жандуу организм менен жансыз нерсенин айырмасын биле алышат, организмдердин өсүү, көбөйүү, кыймыл, дем алуу, азыктануу сыяктуу касиеттерин мисалдар аркылуу айтып беришет жана айлана-чөйрөдөн жандуу организмдерге мисал келтире алышат.
- Кызыктуу башталыш (Engage)
Бул этаптын максаты – окуучулардын кызыгуусун арттыруу жана тема боюнча мурунку билимдерин эстетүү.
- Мугалимдин ишмердүүлүгү:
— Саламдашуу жана класста жагымдуу маанай түзүү.
— Окуучуларга табышмак айтуу: «Ал өсөт, кыймылдайт, азыктанат, бирок анын жаны жок. Бул эмне?» же эки сүрөттү салыштырууну сунуштоо: биринчиси – тирүү организм (мисалы, гүл), экинчиси – техникалык объект (мисалы, робот).
- Мугалимдин суроосу: «Гүл менен роботтун кайсынысы тирүү, кайсынысы эмес? Эмне үчүн?»
- Видео: «Тирүү жана жансыз» жөнүндө кыскача видео көрсөтүү.
- Окуучулардын ишмердүүлүгү:
- Табышмактын жообун табууга аракет кылуу.
- Гүл менен роботту салыштырууга аракет кылып, алардын негизги айырмачылыктарын жана окшоштуктарын талкуулоо.
- Окуучулардын жообу:
- Жооп:«Гүл тирүү, анткени ал өсөт. Робот тирүү эмес.»
- Жооп:«Робот да кыймылдайт, бирок ага тамактын ордуна ток керек.»
- Жооп:«Гүлдү жаратылыш жараткан, ал эми роботту адамдар жасайт.»
- Изилдөө (Explore)
Бул этапта окуучулар өз алдынча практикалык иш аркылуу жаңы түшүнүктөрдү изилдешет.
Мугалимдин ишмердүүлүгү:
- Окуучуларды кичи топторго бөлүү.
- Ар бир топко STEM тапшырмасын берүү:
- Илим (Science):Өсүмдүктүн өсүүсүн байкоо. Ар бир топ өзүнүн өсүмдүгүнө жооптуу болот.
- Технология (Technology):Уюлдук телефондун секундомерин колдонуп, өсүмдүктүн жарыкка канча убакытта реакция кыларын байкоо. Ошондой эле, анын видеосун же сүрөтүн тартуу.
- Инженерия (Engineering):«Өзү азыктанган робот» долбоорун кагазга тартуу. Окуучулар азыктануу, кыймылдоо жана башка касиеттерди туураган роботту кагазга чийишет.
- Математика (Mathematics):Өсүмдүктүн боюнун жана жалбырактарынын санын 15 мүнөт сайын ченөө жана жазып алуу.
- Окуучулардын ишмердүүлүгү:
- Топтордо иштөө.
- Берилген STEM тапшырмаларын аткаруу.
- Жандуу организмдердин касиеттерин практика жүзүндө изилдеп, маалыматтарды чогултуу.
- Окуучулардын жообу (изилдөө процессинде):
- Топ 1:«Биз өсүмдүктүн боюн ченедик, ал 15 мүнөттө 1 миллиметрге өстү.»
- Топ 2:«Өсүмдүктү терезеден алыстатканда, бир аз убакыттан кийин жарыкка карай ийилип жатканын көрдүк. Бул анын кыймылы.»
- Топ 3:«Биздин роботтун сүрөтүндө ал тамак үчүн энергия топтойт, бул адамдын тамактануусуна окшош.»
- Түшүндүрүү (Explain)
Бул этапта окуучулар өз жыйынтыктарын түшүндүрүп, мугалимден илимий түшүндүрмө алышат.
Мугалимдин ишмердүүлүгү:
- Ар бир топтун өкүлүнө өз жыйынтыктарын жана чогулткан маалыматтарын (мисалы, өсүмдүктүн өсүү графигин же роботтун чиймесин) көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берүү.
- Мугалимдин суроосу:«Өсүмдүктүн өсүшүн ченөө аркылуу кайсы касиетти аныктадык?»
- Окуучулардын жоопторунун негизинде жандуу организмдердин негизги касиеттерин так, түшүнүктүү түрдө аныктап берүү.
- Видео:«Жандуу организмдердин 7 негизги касиети» жөнүндө маалыматтык видео. Шилтеме:
Свойства живого | Биология 5 класс #2 | Инфоурок — смотреть онлайн в поиске Яндекса по Видео
Окуучулардын ишмердүүлүгү:
- Топтордун жыйынтыгын угуу.
- Берилген суроолорго жооп берип, өз байкоолорунун негизинде түшүнүктөрүн түзүү.
Окуучулардын жообу:
- Топ 1:«Өсүү жана өнүгүү.»
- Мугалим:«Туура! Ал эми ‘өзү азыктанган робот’ долбоору эмне үчүн жандуу организмдин касиетине кирет?»
- Топ 3:«Анткени ал тамак алууну туурайт, бул ‘азыктануу’ касиети.»
- Тактоо (Elaborate)
Бул этапта окуучулар алган билимдерин жаңы кырдаалдарга колдонушат.
Мугалимдин ишмердүүлүгү:
- Окуучулардан «Эгерде биз робот жасап жатсак, ал жандуу организмдердей болушу үчүн, ага дагы кандай касиеттерди кошо алабыз?» деген суроо менен дискуссия уюштуруу.
- Окуучуларды өз долбоорлорун тактоого, жакшыртууга үндөө.
Окуучулардын ишмердүүлүгү:
- Суроолорго жооп берип, дискуссияга активдүү катышуу.
- Өздөрүнүн робот долбоорлорун өркүндөтүү.
Окуучулардын жообу:
- Жооп:«Менимче, роботко ‘көрүү’ сенсорун кошуу керек. Анткени жандуулар айлана-чөйрөнү көрөт.»
- Жооп:«Эгер робот ысып кетсе, ал муздашы керек. Бул ‘дем алууга’ окшош болот.»
- Жооп:«Робот ‘көбөйүшү’ үчүн кичинекей бөлүктөрүн өзүнчө жасап, аларды чоң роботтун жанына койсок болот.»
- Баалоо (Evaluate)
Бул этапта мугалим окуучулардын түшүнүгүн жана билим деңгээлин баалайт.
Мугалимдин ишмердүүлүгү:
- Окуучулардын билим деңгээлин текшерүү.
- Ар бир топко өзүнүн робот долбоорун жана чогулткан маалыматтарын (графиктерди) класска көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берүү.
- Презентация учурунда суроолорду берүү: «Бул касиетти көрсөтүү үчүн кандай илимий принцип колдонулду?» же «Роботту курууда кандай инженердик чечимдер керек?»
Баалоо критерийлери:
- Берилген тапшырманы аткаруунун сапаты.
- Класстык иштерге жана талкууларга катышуу.
- Чогултулган маалыматтарды анализдей билүү.
Кошумча иш:
- Үй тапшырмасы: Жандуу организмдердин касиеттерин сүрөттөө менен чакан эссе жазуу же касиеттерди көрсөткөн STEM долбоорунун моделин түзүү.
Комментарийлер