Жан азыгы – Сөз

  • 01.06.2023
  • 0
Жан азыгы – Сөз

Жан азыгы – Сөз

Турусбек Маразыков

КР УИАнын корр.-мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор.

Адабият сабагына

Кѳркѳм текстти иликтѳѳ аркылуу окурман адам тууралуу, анын турмушу тууралуу жашоо-турмушунда ѳзүнѳ кереги тийгидей абдан кѳп маалыматтарды ала алат. Ошондой эле кѳп багыттуу ой жүгүртүүнү талап эткен мындай иликтѳѳлѳр окурманга ар тараптан көмөк көрсөтүп, анын, биринчи кезекте, чыгармачыл ой жүгүртүүсүн, андан соӊ чыгармачыл иш-аракетин жандандырат. Ошентип, кѳркѳм чыгармада жазуучу же акын адамды, адамдын тагдырын, турмушун, андагы оош-кыйыш жагдайларды сүрөттөгөндүктѳн, азыркы учурда кѳркѳм адабият сабагы адам таануу сабагына айланышы, адамдарды, алардын мүнөздөрүн үйрөтүүчү сабакка айланышы абдан маанилүү. Анткени бул жагдай мектеп окуучусунун турмуштук тажрыйбасын ар тараптан байытат. Окуучуну турмушка даярдоого өбөлгө түзө алат. Демек, көркөм чыгарманы иликтѳѳ окуучунун билим камын, ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү менен кошо ага турмуштук ар кандай кырдаалдар тууралуу маалымат берип, аны турмушка даярдоо кызматын да аркалайт.

Мектеп куучуларын турмушка даярдоодо алардын туура ой жүгүртѳ билишине көӊүл буруу абдан маанилүү. Анткени адам ой жүгүртүүсүнө жараша адам болот. Адамдын тагдыры анын ой жүгүртүүсү боюнча да аныкталат. Демек, ар кандай кырдаалда оң (позитивдүү) ой жүгүртүү, жакшылыктан үмүт кылуу, ар бир окуянын, көрүнүштүн оң жагын көрѳ билүү, анын оң жагын өнүктүрүү дайыма жакшы өнүм берет.

Албетте, мектеп окуучусунун турмуштук тажрыйбасы аз, адам тууралуу түшүнүк-баамы жарым жартылай болушу да мүмкүн. Кѳркѳм адабият сабагында кѳркѳм тексттерди иликтѳѳ маселеси аталган кенемтени толуктоого мүмкүнчүлүк түзѳ алат. Анткени сабакта окутулган кѳркѳм чыгармалар окуучуларды аларга белгисиз, жаңы дүйнө менен, ар түрдүү доордогу жана ар түрдүү коомдогу адамдардын дүйнөсү менен, башка өлкө, башка улут, башка элдердин каада-салт, үрп-адат, маданияты менен тааныштырат. Дал ушундай кѳркѳм тексттерди ар кыл тараптан иликтөө мектеп окуучусунун адам жана коом, турмуш тууралуу түшүнүк-туюмун байытат, анын жеке турмуштук тажрыйбасын арттырат, тереңдетет жана турмуш тууралуу ой жүгүртүүсүн ар түрдүүлѳйт. Окуучулардын дүйнѳ таанымын кеӊейтет.

Кѳркѳм чыгармаларды иликтѳѳ мектеп окуучусунун көңүл буруусун өнүктүрөт. Адамдын сырткы кебете-кешпири менен ички жан дүйнө табиятын сезип, таанып-билүүгө, адамдагы адамдыкты, бийиктикти жана терс көрүнүштөрдү, пастыкты көрө билүүгө үйрөтөт. Булар адам таануу маселесинде орчундуу маселелердин катарын түзѳт.

Кѳркѳм текстте туюндурулган негизги деталдарга басым коюп окуй билүү, аларга кылдат иликтѳѳ жүргүзѳ алуу мектеп окуучусун сѳз кунун сезе билүүгѳ кѳнүктүрѳт. Кѳркѳм текстте туюндурулган негизги деталдарды таба билүү, ага көӊүл буруу окуучуну ар нерседен негизги менен кѳмѳкчүнү таанып билүүгѳ кѳнүктүрѳт. Мындай билимдер, кѳндүмдѳр кѳркѳм текстте туюндурулган сѳз тѳркүнүн аӊдап билүүгѳ, чыгарманын каймана айтылган мазмунун (подтекстин) сезип түшүнүүгѳ жол ачат.

Сүйлѳшүү маданиятынын теориясынан карап кѳз чаптырсак, туюндурулган маалыматтан негизги менен кѳмѳкчүнү туюу – сѳз тѳркүнүн түшүнүүгѳ негиз болуучу кѳрүнүш. Бул маселе абдан маанилүү. Анткени сѳздү баалоо, сѳз кунун сезүү мектеп окуучусунун ийкемдүү оозеки сүйлөөсүнө жана иреттүү, логикалуу жаза билүүсүнө таасирин тийгизе алат. Бул жагынан караганда, окутулган мыкты жазуучулардын үлгүлүү, көркөм тексттери окуучунун сүйлөө маданиятын өнүктүрүүгө салымын кошот. Адамдар ар нерсени кандайдыр бир үлгү аркылуу таанып билет, ѳздѳштүрѳт. Маселенин бул ѳӊүтүн эске алсак, кѳркѳм текстти иликтѳѳ учурунда кѳркѳм адабият мугалими мектеп окуучусунун сүйлөгөн сөзүнө, сөздүк коруна, анын адабий тилдин нормаларын жана сүйлѳѳ маданиятынын нормаларын так сактап сүйлөй билүүсүнѳ жана ѳз оюн иретүү жаза алуусуна дайыма көңүл бурууга милдеттүү.

Көркөм текстте негизги кѳркѳм деталь катары эсептелген сѳздѳрдүн табиятын иликтеп үйрѳтүү кѳркѳм чыгарманын алдына коюлган, аткаруучу милдеттерин (миссиясын) таанып билүүнүн башатын түзѳт. Кѳркѳм чыгарманын адамдарга моралдык, эстетикалык таалим-тарбия берүү маселеси болсун, же адамдардын ой жүгүртүүсүн ѳнүктүрүү, жан дүйнѳсүн байытуу милдеттери (миссиясы) болсун, ал кѳркѳм чыгарманын каймана маанисин толук кандуу түшүнүү маселесине тыгыз байланыштуу. Кѳркѳм чыгармадагы сѳз тѳркүнүн түшүнүүгѳ анда туюндурулган кѳркѳм деталдар кѳмѳкчү болмокчу. Мисалы, кѳркѳм деталдардын кѳп кырдуу, кѳп сырдуу маани туюндуруучу касиеттерин байкап билүү максатында кыргыз элинин мыкты акыны Омор Султановдун тѳмѳндѳгүдѳй ырына иликтөө жүргүзүп кѳрѳлү.

Сен болуп баардык жайдан караганым,

Шамалдай туш тарапка таралармын.

Ачылып ырбап кетээр кайра баштан,

Айыккан менин эски жараларым.

Ошондо өрттү көрсөң күйүп-жанган,

Суу көрсөң аңтарылып агып жаткан.

Жер көрсөң тереңдерден титиреген,

Куш көрсөң жалгыз учуп бара жаткан.

Күн көрсөң көз жаш төгүп ыйлап турган,

Түн көрсөң көөдөй кара ит улуган.

От көрсөң жалгыз күйгөн тоо башынан,

Жап-жалгыз кайык көрсөң толкун урган.

Эгер сен бала көрсөң улутунган,

Эң катуу ызаа көрсөң турмушуңдан.

Мас көрсөң ыйлап аткан, ырдап аткан,

Жаш көрсөң бир муңайым бара жаткан.

Анан да буюм көрсөң кыйрап сынган,

Бак көрсөң бороон уруп шагы сынган.

Ошонун баарын мен деп биле бергин,

Көзүңө көрүнгөндүн баары менмин,

Жалдырап сени тилсиз карап турган.

                    Омор Султанов (Cултанов О. Жан берели сүйүүгѳ: Ырлар жана роман. Б.: «Акыл» концерни, 1996. 22-б.)

          Мисалга келтирилген бул ыр акын Омор Султановдун сүйгѳн адамынан айрылуу сезимдерин чагылдырган «Сен жѳнүндѳ поэма» деп аталган ыр түрмѳктѳрүнѳн алынды. Ошондуктан жалпы темага байланыштуу ырдын ыргагы, кырааты муӊдуу. Мында адегенде эле ырдын ѳзгѳчѳ тыбыштык тутуму (фоноструктурасы), ыргак-мукамы (ритмо-мелодикасы), лирикалык каармандын кайгы-муӊун, ички ѳксүк арманын туюнткан ыргагы, интонациясы негизги кѳркѳм деталь катары көӊүлдү ѳзүнѳ бурат. Ырдын муӊдуу мукамы анын каймана мазмунунун бир бѳлүгү болуп саналат. Ушул тыбыштык, ыргак-мукамдык кыртыш ырда колдонулган сѳздѳр менен, ойлор менен бир шайкештикке (гармонияга) келтирилген. Бул жагдай «Сен болуп баардык жайдан караганым» деген ырдын биринчи сабында эле туюндурулган. Бул сапта туюндурулгандай кайсы бир адамды «баардык жайдан кароо», издѳѳ тегин эмес. Бул – арзуу темасына байланыштуу аргасыздан айрылуунун, ажырашуунун, амалы түгѳнүп, ошол чындыкка ишенип-ишенбегендиктин, ага келишип-келишпегендиктин, сезими ичинен алоолонгон ызаанын белгиси. «Арзып тапкан адамынан ажыроо, айрылуу», «жеке жашоодогу орду толгус жоготуу» сыяктуу маани ырдын биринчи сабында эле муӊкана муӊайым айтылган. Аталган маани ырдын кийинки саптарында ырааттуу ѳнүктүрүлгѳн.

Ырдын «Шамалдай туш тарапка таралармын» деген экинчи сабында акын «шамал» сѳзүнѳ бир нече кошумча маанилерди (коннотациялык маанилерди) чѳгѳрүп, жогорудагы «арзуу», «ажыроо» маанилерин дагы толуктап, күчѳтүп, кылдат колдонгон. Түз мааниде алганда, шамал – адамдардын эркине каалосуна баш ийбеген, ээ жаа бербеген жаратылыштык кубулуш. Ушул ээ жаа бербеген кубулуш лирикалык каармандын бүлгүнгѳ учураган жан дүйнѳсүнѳ, буркан-шаркан түшүп жаткан ички сезимине ѳтмѳ мааниде салыштырылды. Ошондо конкреттүү ушул контекстте «шамал» деген сѳз «сүйгѳн адамынан түӊүлѳ албай эрксизден кайра-кайра эстей берүү», «сагынуу», «кусалануу» «аны тынымсыз ойлоо» сыяктуу кошумча поэтикалык маанилерге ээ болду. Эгерде жүрѳгүн сыгып, тынчтык бербеген сагынуу, кусалануу болбосо, лирикалык каарман «шамалдай туш тарапка таралып», эч кимди деле издебейт эле. Ошондуктан ырда колдонулган «шамал» – «аргасыздык», «ичте болгон тынымсыз сарсанаа», «жанга тынчтык бербеген, акылга баш ийбеген, албуут сезимдин ички дүйнѳдѳ баш аламандыкты жаратуусу». Ошондой эле «лирикалык каармандын мындан кийинки турмушунун, келечек багытынын белгисиздиги, максат, үмүттѳрүнүн кыйрашы, чагылып, чачырашы» сыяктуу кошумча (коннотациялык) маанилер да бул сѳзгѳ сыйдырылган. «Шамал» деген «боштукту», «эӊ жакын кѳргѳн, жан бирге адамынан ажырагандагы жан дүйнѳнүн аӊгыраган ээндигин» да кыйыр туюндурат. Мында лирикалык каармандын жашоо-тиричилигинде түзүлгѳн «муздактык, жан дүйнѳнү жабыркаткан жалгыздыктан, эӊгиреген ээндиктен жаралган жагымсыз абал, жүрѳктү зыркыраткан сарсанаа, тынчсыздануу» сыяктуу кошумча каймана маанилер да бар. Чындыгында эле, шамалдын табиятында «адамдардын эркине каалоосуна баш ийбегендик», «ээ жаа бербегендик», «бүлгүнгѳ учуратуучулук», «буркан-шаркан түшүүчүлүк», «эрксиздик», «тынымсыздык», «тынчтык бербѳѳчүлүк», «аргасыздык», «албууттук», «баш аламандыкты жаратуучулук», «багыттын туруксуздугу, белгисиздиги», «боштук», «аӊгыраган ээндик», «муздактык», «жабыркатуучулук», «жагымсыздык», «сарсанаага салуучулук», «тынчсызданууну жаратуучулук» сыяктуу касиет-белгилер болот. Акын шамалдагы дал ушул кыйратуучу маанилерди бул ырында билгичтик менен колдонуп, шамал сѳзүнѳ жаӊы поэтикалык маанилерди чѳгѳрүп кеткен. Ошондуктан лирикалык каармандын арзыган адамынан ажырап, «шамалдай туш тарапка таралышы», анын жан дүйнѳ абалынын ѳтмѳ мааниде шамалга салыштырылышы жогоркудай маанилерди кыйыр туюндура алат.

          Ырдын үчүнчү, тѳртүнчү сабында лирикалык каармандын арзыганынан айрылуу азабы «ачылып, ырбап кеткен, эски жарага» салыштырылган. Мында «ырбап кеткен, эски жара» деген кѳркѳм деталь «азапка батуу», «зыркырап сыздоо», «жүрѳгү ооруу», «тынчсызданып кайгы тартуу», «кѳптѳн бери эле алапайын таппай санаркап жүрүү», «ички дүйнѳнүн жагымсыз абалы», «ой-сезимдин удургуп бүлүк түшүүсү» сыяктуу кошумча маанилерге ээ. Жагымсыз маанай жараткан «ырбап кеткен, эски жара» жабыркоону, ичтен тынып, ичтен муӊга батууну да кыйытып турат.

          Ырдын биринчи куплетиндеги «Шамалдай туш тарапка таралармын», «Ачылып ырбап кетээр…» деген келер чакта айтылган туюнтмаларга караганда, лирикалык каармандын бул кайгы-муӊу утурумдук, убактылуу кѳрүнүш эмес, ал сүйгѳнүн эстеп, куса болуп сагынмайын болочок жашоо-турмушун эч бир элестете албайт. Анын үстүнѳ «таралармын», «ырбап кетээр» деген арсар келер чактагы сѳздѳрдѳ туюндурулган кыймыл аракет бир эмес, бир нече ирет кайталанышы толук ыктымал. Ошондуктан бул сѳздѳрдүн манисинде «кайра кайткыс болуп, сезимге баш оту менен берилгендик», «тагдыр-жашоосу бѳлѳк болсо да, сүйгѳн адамын унута албай, ѳмүр бою азап чегүү», «түгѳнбѳгѳн кыялдарга батып, жок дүйнѳдѳ ѳзүн ѳзү алдап жашоо» сыяктуу маанилер да камтылган.

          Ырдын экинчи, үчүнчү, тѳртүнчү, бешинчи куплеттеринде лирикалык каарман сүйгѳнүн эстеп, муӊдап кеткенде, «ошондо» кандай абалдарда болору кѳркѳм баяндалган. Аталган куплеттерде колдонулган негизги деталдар ырдын биринчи куплетинде каймана туюндурулган арзуу арманын, айрылуу, ажырашуу азабын ар тараптан кѳркѳм сүрѳттѳп кѳрсѳтѳ алат.

Маселен, ырдын экинчи куплетинде сүйгѳн адамынан айрылуу «күйүп-жанган өрткө», «аңтарылып агып жаткан сууга», «тереңдерден титиреген жерге», «жалгыз учуп бара жаткан кушка» салыштырылат. Аталган кѳркѳм деталдардын ар биринде лирикалык каармандын муӊ-арманын туюндурган кѳп түрдүү кошумча маанилер бар. Мисалы, лирикалык каармандын муӊга баткан ички дүйнѳсүнѳ салыштыра караганда, ыр текстинде туюндурулган «күйүп-жанган өрт» – «эч нерседен кайра тартпаган албуут кырсыктын», «эбегейсиз чоӊ чыгашага кириптер болуунун», «кыйрап, бүлүнүп, бүлгүнгѳ учуроонун», «чекти, адатты билбеген кайгы-муӊдун», «баш аламандыктын» белгиси. Лирикалык каарман үчүн сүйгѳнүнѳн ажыроо – турмушунда башынан кечирген чоӊ кырсык, орду толгус, эбегейсиз чоӊ чыгым, чексиз кайгы-муӊ жана болмушунда жаралган түгɵнбɵгɵн баш аламандык. Ушул эле контекстте караганда, «аңтарылып агып жаткан суу» – «тынымсыз уланып, тоодон ылдый удургуп, эч нерсени кѳзүнѳ илбей, ээ жаа бербей, долуланып, аӊтарылып аккан суудай болгон сарсанаанын», «аргасыздык абалдын», «токтоп тура албаган үзгүлтүксүз кооптонуунун, коркунучтун» белгиси. Ошондуктан лирикалык каармандын бул жоготуусун анын мындан ары түгѳнбѳгѳн сарсанаада, жүрѳгү сыздап, аргасыз абалга кептелип, үзгүлтүксүз тынчсызданууда, азапта жашоосу катары да түшүнүүгѳ болот. Ал эми ырдын экинчи куплетинин үчүнчү сабында колдонулган «тереңдерден титиреген жер» – адам баласы үчүн эң чоӊ жоготууларды, кайгы-муӊду, кыйроону алып келүүчү жаратылыш кырсыгы. Ушунча алаамат алып келген кѳрүнүштү сүйгѳнүнѳн айрылуунун кайгы-муӊуна салыштырганда бул жоготуу жѳн эле жоготуу эмес, алапайын таппай, ѳзүн ѳзү кошо жоготуу экенин, анын канчалык деӊгээлде оор экенин кыйыр сезүүгѳ болот. Табиятта «жалгыз учуп бара жаткан куш» да бир кырсыктын, бүлүнүүнүн, армандын, айрылуунун белгисин билдирет. Бул салыштыруудан лирикалык каармандын максаттары кыйрап, багыты сынганын байкай алабыз.

Ырдын үчүнчү, тѳртүнчү, бешинчи куплеттеринде лирикалык каармандын арманга баткан ички дүйнѳсүнѳ салыштырылып колдонулган «көз жаш төгүп ыйлап турган күн», «көөдөй кара ит улуган түн», «тоо башынан жалгыз күйгөн от», «толкун урган жап-жалгыз кайык», «ыйлап атып улутунган бала», «турмуштагы эң катуу ызаа», «ыйлап аткан, ырдап аткан мас», «бир муңайым бара жаткан жаш», «кыйрап сынган буюм», «бороон уруп шагы сынган бак» деген кѳркѳм деталдар сүйгѳнүнѳн айрылуунун жогоруда белгиленген ызаасын, кайгы-муӊун кыйыр туюндурду жана бул салыштыруулар лирикалык каармандын ички дүйнѳсүндѳ кыйсыпыр түшүп бүлүнүүсүн, жапа чегип, капалануусун, шагы сынып, маанайы бузулуп, жүрѳгү сыздоосун, жазмышына ѳкүнүп, ачуулануусун, тагдырына нааразылыгын, эӊ аруу максаттары, асыл тилектери кыйрап, эс учун таппай, армандап туталануусун, турмушунда зор соккуга учурап, ичинен талкаланып, ичинен кыйроосун, жан дүйнѳсүндѳгү үмүтсүздүк, боштук абалын ар тараптан, тереӊ, кѳркѳм чагылдыра алды.

Ырдын жалпы мазмунунда махабаттын улуулугу, адамдын кайталангыс ыйыктыгы баяндалган. Адамды адам кылып турган – анын сезими. Адамдын улуулугу, асылдыгы анын сезиминен байкалат. Бул ырда адамды сыйлоонун, кадырлоонун, ардактоонун мыкты үлгүсү акын Омор Султанов тарабынан кѳркѳм-этетикалык негизде таасирдүү кѳрсѳтүлгѳн.

Жогоруда кѳрүнүп тургандай, кѳркѳм текстте образ түзүү максатында кѳркѳм деталдар кѳп кырдуу, кѳп сырдуу маани туюндуруучу касиеттерге ээ. Мындай кѳркѳм деталдар аркылуу туюндурулган кѳркѳм образдар, кѳркѳм ойлор адамдын жан дүйнөсүн ар тараптан өнүктүрө турган белгилерге ээ. Ошондуктан андай кѳркѳм ойлор, кѳз караштар окуучуларга эстетикалык да, моралдык да таалим-тарбия берүүгѳ мүмкүнчүлүгү кенен. Ал үчүн көркөм тексттерди ар тараптан иликтеп, мектеп окуучуларынын чыгармачыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүп, жан дүйнөсүнө бүлүк салуу иштерин аткаруу зарыл. Эгерде мугалим окуучуга тыкыр көз салып, анын окурмандык кызыгуусун, ой жүгүртүү деңгээлин, көркөм текстти сезип-туюу жѳндѳмүн жана окуучунун турмуштук тажрыйбасына окутулуп жаткан материалдардын дал келишин дайыма иликтеп, көзөмөлдөй алса, көркөм текстти иликтѳѳ окуучулардын ой жүгүртүүсүн ар багыттан өнүктүрѳ алат. Көркөм чыгарманы иликтѳѳдѳ мугалим окуучунун конкреттүү ой жүгүртүүсүнө жана текстти кѳркѳм кабыл алуусуна басым жасоосу жана ошого таянуусу зарыл. Бул иште кѳркѳм текстте туюндурулган кѳркѳм деталдар чоӊ кѳмѳкчү боло алат. Жогоруда иликтөөгө алынган фактылар кѳркѳм тексттин жан дүйнөнү калыптандыруучу касиетин айкын көрсөтүп турат.

Бөлүшүү

Комментарийлер