ЙОТТОШКОН ТАМГАЛАР
- 15.09.2023
- 0
Бүайша Назарбекова,
Бишкек шаарындагы №94 мектебинин
башталгыч класстарынын мугалими
Сабактын темасы: «Йоттошкон тамгалар»
Сабактын максаты:
1) билим берүүчүлүк: йоттошкон тамгалар жөнүндө түшүндүрүлөт. Көнүгүүлөрдү аткаруу менен сулуу, таза жазууга көнүгүшөт.
2)өнүктүрүүчүлүк: йоттошкон тамгалар эки тыбыштан айтылып, бир тамганы түзөрү жөнүндө «Йоттошкон тамгалардын жаралышы» аттуу инсценировка аркылуу окуучулардын сөз байлыгын, сүйлөө речин роль аткарууга машыктыруу.
3)тарбия берүүчүлүк: адептүүлүккө, бири-бирин сыйлоого тарбияланышат.
Сабактын жабдылышы: тамга жазылган карточкалар: Й, А, О, У, Е.
Инсценировка «Йоттошкон тамгалардын жаралышы»
Сабактын жүрүшү: 1) Уюштуруу.
2) Тапшырманы суроо.
3) Бышыктоо.
Жаңы теманы өтүү: «Йоттошкон тамгалар»
Кыргыз тилинде 36 тамга бар. Анын ичинде 4 йоттошкон тамга бар.
Алар: Е, Ё, Ю, Я.
Мисалы: Е-йэ, Ё-йо, Ю-йу, Я-йа
Муундар оозеки айтканда тыбыштан туруп бир тамганы билдирет.
Мисалы: Коён — ко-йон, 4 тамга, 5 тыбыш бар.
Эгерде й тыбыштан кийин созулма оо, уу, ээ, аа келсе, ага созулма үндүүлөрдүн бири кошулуп жазылат.
Мисалы: Кой+уу=коюу, той+уу=тоюу.
Эгерде «кый» деген туюк муундуу сөзгө йоттошкон тамга улана турган болсо й тыбышынын ордуна йоттошкон тамга жазылат.
Мисалы: кый-кыя, сый-сыя.
Көнүгүү иштөө.
Аюу — 3 тамга 4 тыбыш.
Кыяк — 4 тамга 5 тыбыш.
Бышыктоо:
-Келгиле балдар, «йоттошкон тамгалардын жаралышы» жөнүндө жомок окуп берем. (Мугалим өзү автор же окуучуларды даярдатып коюп берсе да болот)
Инсценировка.
«Йоттошкон тамгалардын жаралышы»
Автор: Бир маалда бир нерседен чочугансып, й тамгасы келет.
Й тамгасы: — Ой тамгалар, билесиңерби? Мен эки тамганы бириктирип, бир тамга болом дагы жок болуп кетем.
Тамгалар:
-Кантип? Кантип? Жок болосуң?
Автор:
-Й тамга А, О, У, Э үндүү тыбыштарды чакырат. Ар бир үндүү тамганын жанына туруп окутат.
Й тамгасы: — А+Й = АЙ У+Й = УЙ
О+Й = ОЙ Э+Й = ЭЙ
(Балдар ар бир муундарды окуп чыгышат)
Балдар: — Эй, й тамга сен мактанба, сен жок болгон жоксуңго?
Й тамгасы: — Ооба, мен жок болгон жокмун, маани берген муундарды түздүм.
Й тамгасы: — Туура, ишенбей жатасыңарбы? – деп, тамгалардын ордун алмаштырып окутат.
Балдар: — ЙА, ЙО, ЙУ, ЙЭ, — деп 3 жолу окушуп;
-Сен дагы жок болгон жоксуң го, мактанба.
Й тамгасы: — Ишенбейсиңерби?
Жанымдагы үндүү тыбыштар да жок болот. Окугулачы?
ЙА- окутуп Яя чыгарат
ЙО-окутуп Ёё чыгарат
ЙЭ-окутуп Ее чыгарат
ЙУ-окутуп Юю чыгарат
Балдар: — Оииий, чын эле Й тамгасы, А, О, У, Э тыбыштары жок болуп кетти гоо.
Й тамгасы: — Мына, көрдүңөрбү! Оозеки окуганда эки тыбыштан угулабыз. Ал эми жазганда бир тамга болуп көрүнөт дагы Й+А, О, У, Э тыбыштары жок болуп кетишет, йоттошкон тамгалар жаралат.
Балдар: — Саламатсыңарбы?
Я, Ё, Ю, Е: — Биз йоттошкон тамгалар болобуз! Биз силерге ырдап беребиз.
Я, Ё, Ю, Е тамгалар ырдашат.
Эки тыбыш биригип,
Бир тамга болуп жаралдык.
Айтып берип бул ырды,
Бир моокумдан каналык.
Уя, ую, коён, чие дегенде,
Тамгалар көзгө көрүнүп,
Оозеки аны айтканда,
Угулат Тыбыш көбөйүп.
Я тамгасы: — Мен сүйлөм түзүп көрөйүн, силер, балдар, мен катышкан сөздөрдү тапкылачы.
Ясмин кыл кыяк ойноду.
Ясмин — 5 тамга, 6 тыбыш.
Кыяк — 4 тамга, 5тыбыш.
Ее тамгасы: (келет ыр айтат)
Ее тамгасы — мен болом!
Чие бышып жетилет.
Энем терди чакалап,
Чие, чие берчи деп.
Ээрчип алдым энелеп.
Юю тамгасы: — Мен макал айтам, ю тамганы ким тез табат?
Эненин ою балада,
Баланын ою талаада.
Ою — 2 тамга, 3 тыбыш.
Е тамгасы: — Мен ыр айтам жана силерди бийлетем.
Мен — Ё тамгамын!
Ёлка, коён деп айтканда,
Ё тамгасы катышат.
Ёлкага оюнчук жасасаң,
“Чебер кол” деп макташат.
Сабакты жыйынтыктоо: — Мына балдар, биз бүгүн «йоттошкон тамгалардын жаралышын жана алардын айткан ыр, макал, бийлерин көрдүк.
Силерге жактыбы?
Баалоо: Оозеки мактоо менен баалоо.
Комментарийлер