Витаминдер жана алардын мааниси
- 11.07.2025
- 0

Мурзаева Касиет, №20 Орозбай Маканов атындагы орто мектебинин биология мугалими, Баткен облусу, Кадамжай району, Айдаркен шаары
№7 лабораториялык иш. Жемиштерде С витаминин аныктоо
Сабактын максаты:
- Окуучуларга витаминдер жана алардын түрлөрү тууралуу маалымат алышат.
- Адамдын жашоосунда витаминдердин ролу,мааниси өзгөчө экендигине ынанышат.
- Адамдын тиричилигинде кандай витаминдүү азык заттар менен тамактанууга үйрөнүшөт.

Сабактын ресурстары: Интерактивдүү панель, проектор, планшет, видеоролик, слайд, мөмө-жемиштердин түрлөрү, A,B1,B2,B6,B11,B12,C,D,E,K мөмө-жемиштерден даярдалган сүрөттөр. Сабиз, лимон, йоддун 3% спирттеги эритмеси, пипетка, пробиркалар менен штатив, пластик бөтөлкөдөгү таза суу, жемиштерди майдалаган сүргүч, даки (жука кездеме), секунда жебеси бар саат.
Кызыктыруу (шыктандыруу)
Видеоролик, көркөм ыр, сүрөттөр.
Үйгө тапшырма
Күн нуру менен мээрим сунат
Жашоого шат, күч-кубат
Жашылча-жемиш өмүр булагы
Көркөм жашоо — анын сыры.
Пластикалык жана энергия алмашуу.
- Пластикалык алмашуу бул…
Жообу: Клеткада энергиянын келиши менен заттардын пайда болушу.
- Катаболизм кандай процессти билдирет?
Жообу: Органикалык заттардын ажырашы жана энергия бөлүнүп чыгышы.
Организмдин энергияга муктаждыгы.
- Энергиялык алмашуунун даярдоо этабында эмне жүрөт?
Жообу: Татаал заттар ажырайт.
- Энергия алмашуунун биринчи этабы?
Жообу: Гликолиз.
Тамактануунун ченемдери.
- Өспүрүм күнүнө канча жолу тамактануу керек?
Жообу: Өспүрүм 4 маал тамактануу керек. Бир күндүк норма 25%, түштөгү 40%, кечки 25% түшкү жана кечки тамактын ортосунда 10% тамактануу керек.
2. Тамактануунун негизги максаты?
Жообу: Организмге энергия берүү.
Изилдөө
Окуучуларды топторго бөлүү. Витаминдердин түрлөрү жана ар бир витаминдин функциясы, майда эрүүчү жана сууда эрүүчү витаминдерди изилдөө жана айырмалоо.
Түшүндүрүү
Витаминдер организмге аз санда керек болсо да, тиричилик аракеттер үчүн эң зарыл болгон биологиялык активдүү заттар. Организмде көптөгөн процесстер ферменттердин катышуусу менен иш жүзүнө ашат. Витаминдер алардын синтезделишине керек, себеби ферменттердин курамына кирет. Ошондой эле витаминдер гомеостазга катышат. Организм өсүмдүк жана жаныбар азыктары аркылуу витаминдер менен камсыздалат. Белгилүү азыкта белгилүү витаминдин өлчөмү салыштырмалуу көбүрөөк кездешет.
Тамак-аштар

Витаминдердин ачылышы

Витаминдердин бир аз гана өлчөмү организмдин зат алмашуусуна күчтүү таасир тийгизет, ар түрдүү химиялык жаратылыштагы, тиричилик үчүн эң зарыл болгон биологиялык активдүү заттар.
Авитоминоз — организмде узак убакытка чейин витаминдердин жетишсиздиги. Гиповитаминоз — организмдеги витаминдердин өлчөмүнүн нормадан төмөн болушу. Гипервитаминоз — организмге витаминдерди нормадан көп пайдаланса, организмге терс таасирин тийгизет.

Майда эрүүчү витаминдер
А витамин ретинол, суткасына 0.4-0.7 мг
- сөөктөрдүн туура өсүшүн;
- тордомо челдин функциясын жөнгө салат;
- теринин эпителийинин өрчүшүн камсыз кылат;
- жүрөктүн түрдүү ооруларын, рактын алдын алат.
- Күүгүм карыкма деген ооруу пайда болот.
Е витамини токоферол, 12-15 мг
- клетканын дем алуусун жакшыртат;
- антиоксидант;
- биологиялык кычкылдануу процессине катышат (митохондриянын мембранасын сактайт);
- жүрөк, кан тамыр, рак ооруларын алдын алат.
- жетишпесе тукумсуздук пайда болот, басуу кыймылы өзгөрүп, тери астындагы карында, ичегиде шишик пайда болот.
Д витамини кальциферол, суткада 0,02 мг
- ичегиде кальций менен фосфордун сорулушун камсыз кылат.
- “Итий” (фосфор-кальций алмашуусу бузулат)
К витамин филлохинон, суткада 120 мг
- боордо кандын уюшун тездетүүчү кээ бир белок заттарды (протромбин, проконвертин) синтездөөгө;
- сөөктүн зат алмашуусуна ж.б. катышат.
- жетишпегенде кандын уюшу төмөндөйт (ичтен кан агуу), артериялык кан тамырлардын керегелеринде туздардын топтолушу, сөөктүн бузулушу
Сууда эрүүчү витамндер. С витамини аскорбин кислотасы, суткада 50-100 мг
- аз кандуулукка каршы таасир берет;
- организмдеги биологиялык кычкылдануу процессине катышат;
- бөйрөк үстүндөгү бездин гормондорун синтездөө,
- углевод алмашууда, нуклеин кислоталарын синтездөөдө өтө керек.
- жетишпесе “Цинга” оорусу (бүйлөнүн сезгениши), аз кандуулук байкалат.
В тобундагы витаминдер
| В1 | Тиамин |
| В2 | Рибофлавин |
| В3,РР | Никотин кислота |
| В5 | Пантотен кислота |
| В6 | Пиридоксин |
| В7,Н | Биотин |
| В9,Вс,М | Фолий кислота |
| В12 | Циано-кобаламин |
В тобундагы витаминдер
2-3 мг В1
1-2 мг В2
1.5-2.8 мг В6
2-3 мг В12 Жетишпесе:
| Нерв, жүрөк кан тамыр системасынын оорусу (бери-бери) |
| Ооз көңдөйүнүн былжыр челинин, көрүүнүн бузулушу |
| Аз кандуулук, тери оорулары (дерматит) |
| Аз кандуулук (рак), нерв тканынын бузулушу |
Түзүү (деталдаштыруу)
№7 лабораториялык иш. Жемиштерде С витамин аныктоо.
Иштин максаты: жемиштерде С витамин аныктоо.
Иштин жабдылышы: сабиз, лимон, алма, апельсин, капуста, картошка ширелери, крахмал суспензиясы, йоддун 3% спирттеги эритмеси, пипетка, пробиркалар менен штатив, пластик бөтөлкөдөгү таза суу, жемиштерди майдалаган сүргүч, даки (жука кездеме), секунда жебеси бар саат.
Иштин жүрүшү: йоддун эритмесине кызыл чайдын түсүндөй болгонго чейин суу кошулат. Майдаланган сабизди, лимонду, алманы, апельсинди, капустаны, картошканы дакиге салып, ширесин башка пробиркага сыгып алат. Сабиз, лимон, алма, апельсин, капуста, картошка ширесинин көлөмү бирдей болушу керек. Андан кийин бир мүнөттүн ичинде эки пробиркага пипетканын жардамы менен даярдалган йоддун эритмеси тамчылатылат. С витамини йоддун эритмесинин түсүн жок кылат. Канчалык витамин көп болсо, ошончолук тез эритменин өңү өзгөрөт.
Иштин жыйынтыгы:
Таблицаны толтургула, ширелердин курамында С витамининин көбөйүү тартибине жараша иреттегиле. Анын болжолдуу курамын эсептеп көрсөтсөңөр болот.
Формула: С витамининин көлөмү (мг) = титрлөөгө сарпталган йод эритмесинин көлөмү (мг) *0,875 мг (1мг йод эритмесинде аскорбин кислотасынын курамы)
| Ширенин аталышы | Ширенин көлөмү (мл) | Йод эритмесинин көлөмү (мл) | С витамининин көлөмү (мг |
| Сабиз | 20 мл | 3 мл | 2,625мг |
| Лимон | 20 мл | 10 мл | 8,75 мг |
| Алма | 20 мл | 5 мл | 4,375 мг |
| Апельсин | 20 мл | 11 мл | 9,625 мг |
| Капуста | 20 мл | 5 мл | 4,375 мг |
| Картошка | 20 мл | 4 мл | 3,5 мг |
Иштин жыйынтыгы: 1-топ: корутундуга байкоонун натыйжасын баяндап, кайсы жемиште С витамини көбүрөөк, кайсынысында азыраак экенин аныкташат. 2-3 топтор мохито, смузи суусундуктарды даярдап, презентациялашат. Биологиялык почта аркылуу мөмө-жемиштерден даярдалган сүрөттөрдүн ичинен витаминдерди таап, даярдалган почтага салышат.
Бышыктоо үчүн тесттер. https://nearpod.com
- Витаминдердин негизги функциясы эмне?
а) энергияны камсыз кылуу
б) организмдин метаболизмин жөнгө салуу
в) булчуңдарды куруу
г) организмден токсиндерди чыгаруу
- Кайсы витамин күн нурунун таасири менен организмде синтезделет?
а) А
б) С
в) Д
г) Е
- Кайсы витамин антиоксиданттык касиетке ээ?
а) В12
б) К
в) Е
г) Д
- Аскорбин кислотасы кайсы витаминдин башкы аталышы?
а) А
б) В1
в) С
г) К
- Витамин В12нин жетишсиздиги эмнеге алып келет?
а) тиштердин начарлашына
б) кан аздуулукка (анемияга)
в) сөөктүн морттугуна
г) көздүн начар көрүүсүнө
6. Майда эрүүчү витаминдер кайсылар?
а) А,Д,Е,К
б) В1,В2,В6,А12
в) С,В6,В12
г) Д,С,В1,В2
Баалоо. Топто, жеке баалоо. Дени сак улут — дени сак коом (пазл жасоо)
Үйгө тапшырма: параграф 51. Витаминдер жана алардын мааниси боюнча кыскача реферат даярдоо.
Комментарийлер