ТҮНДҮК АМЕРИКА

  • 19.02.2024
  • 0
ТҮНДҮК АМЕРИКА

Сабак-викторина

Окуу жараянынын эң маанилүү этаптарынын бири окуучулардын билимин текшерүү болуп саналат. Ал ар кандай жолдор менен жүргүзүлөт. 6-7-класстарда окуган окуучулардын билимин текшерүүнүн эң жакшы усулу — бул ар кандай форматтагы оюндар, тактап айтканда, командалык жана жекелик түрдөгү мелдештер болуп саналат. Билимди текшерүүнүн бул формасы бир катар артыкчылыктарга ээ, анткени ал бир эле учурда окуучулардын билимин жана көндүмдөрүн бир катар негизги пункттар боюнча – материалды өздөштүрүү сапаты, алынган билимдерди стандарттуу эмес кырдаалдарда колдоно билүү, тапшырманы аткаруунун ылдамдыгын жогорулатуу үчүн команданын бардык мүчөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу жөндөмдүүлүгүн баалоого шарт түзөт.

Оюнду өткөрүү тартиби. Форматы «Брейн-ринг»

Мугалим окуучуларды санына карап командаларга бөлөт. Командадагы окуучулардын саны оюндун эрежеси боюнча алтыдан көп төрттөн аз болбошу керек. Эгер класста 20 окуучу боло турган болсо, анда бештен төрт командага бөлсө болот. Оюндун шарты боюнча ар бир команда өздөрүнө капитан шайлап алуулары керек.

ОЮНДУН 1-ЭТАБЫ

ТҮНДҮК АМЕРИКА

Мазмуну: өтүлгөн темалар боюнча түзүлгөн кругозордук суроолор.

Максаты: репродуктивдүү билимдерди жана көндүмдөрдү өздөштүрүүнү текшерүү. Мындан тышкары, бул оюнда тез ойлонуп, туура жооп берүү негизги критерий болуп саналат.

Убактысы: 10 мүнөт.

Мугалим ар бир командага оюн башталардан мурда атайын даярдалып коюлган коңгуроолорду берет. Суроолор төрт командага бир учурда баарына бирдей окулат. Кайсы команда биринчи болуп коңгуроону шыңгыратса, ошол команда жооп берүү укугуна ээ болот. Эгер биринчи коңгуроону шыңгыраткан команда туура эмес жооп берсе, анда суроого жооп берүү укугу экинчи болуп коңгуроону шыңгыраткан командага берилет, экинчи команда дагы туура эмес жооп берсе, анда 3-команда жооп берүү укугуна ээ болот. Ар бир туура жооп үчүн 1 упай берилет. 

Суроолор

  1. Түндүк Америкадагы эң узун тоо системасы, ал Түштүк Американын эң ири тоо системасы менен бир бүктөлмө тилкени түзөт. (Кордильер)
  1. Улуу Британиянын эң атактуу ханышасынын аты менен аталган арал (анын башкаруусу Европанын бүткүл тарыхындагы эң узак убакытка созулган, тактап айтканда, 60 жыл ханыша болгон). (Виктория аралы)
  1. Дүйнөдөгү эң терең каньонду пайда кылган дарыя ушундай аталат. Ал эми бул дарыянын аталышы дүйнө элдерине дарыянын аталышы катары эмес, коңуздун бир түрү менен белгилүү болгон. (Колорадо)
  1. Түндүк Американын чыгышында жайгашкан бур арал территориялык жактан Түндүк Америкага, ал эми административдик жактан Европага тиешелүү. (Гренландия аралы, Данияга таандык)
  1. Түндүк жарым шардагы эң кең кысык. (Дэвис кысыгы, Гренландия менен Түндүк Американын ортосунда)
  1. 1867-жылга чейин Россиянын территориясы болгон АКШнын эң чоң штаты, Түндүк Америкадагы эң чоң жарым аралдардын бири. (Аляска)
  1. Эки литосфералык плитада жайгашкан АКШдагы шаар. (Сан-Франциско)
  1. Дүйнөлүк кинематографтар себептүү каракчылар менен байланышы бар деңиз. (Кариб деңизи)
  1. Дүйнөдөгү жалгыз жээги жок деңиз. Бул деңиздин аталышын испан тилинен биздин тилге которгондо «Жашыл деңиз» деген маанини берет. (Саргассо деңизи)
  1. Катрина бороонунан дээрлик толугу менен талкаланган Мексика булуңундагы шаар. (Жаңы Орлеан)
  1. Түндүк Американын жээгиндеги арал, ал океан сууларынын жанаша жайгашкан биологиялык продуктуулугу менен дүйнөгө белгилүү. Аты-жөнү ит тукуму менен бирдей. (Ньюфаундленд)
  1. Бул жарым арал АКШдагы бир штаттын аты менен аталганы менен өзү Мексикага тиешелүү. (Калифорния жарым аралы)
  1. Бул географиялык обьект бир эле учурда эки океанды бириктирип, ошол эле учурда эки материкти бөлүп турат. (Панама)
  1. Бул аралдар эки топко кирет, алардын аталыштары дээрлик бирдей, бирок өлчөмү боюнча гана айырмаланат. (Чоң Антиль жана Кичи Антиль аралдары)
  1. Бул аралдын аталышын окуп отуруп, анын аталышы бир геометриялык фигуранын атынан алынганбы деген ой келет. (Куба)

ТҮНДҮК АМЕРИКА

 ЭКИНЧИ ЭТАП

Мазмуну: дүйнөнүн физикалык картасы менен иштөө.

Максаты: тема боюнча окуучулардын географиялык номенклатураны өздөштүрүү боюнча билимин текшерүү.

Узактыгы: 15 мүнөт.

Бул этапта команданын бардык мүчөлөрү катышат. Мугалим ар бир командадан бирден өкүлдү доскага чакырат же командалар келип, картаны жакшы билген бир окуучуну доскага чыгарат. Ар бир окуучуга атаандаш команданын окуучуларынан бирден суроо берилет (туура жооп үчүн 2 упай). Туура эмес жооп берилген учурда жооп берүү укугу каршылаш команданын оюнчусуна берилет. Жооп берүү убактысы: 10 секунддан көп болбошу керек.

Картадан төмөнкү географиялык обьектилерди көрсөткүлө:

  • Канадалык Арктикалык архипелаг;
  • Хадсон булуңу;
  • Флорида жарым аралы;
  • Юкатан жарым аралы;
  • Юкон дарыясы;
  • Аппалач тоолору;
  • Денали чокусу;
  • Ванкувер аралы;
  • Калифорния жарым аралы;
  • Ниагара шаркыратмасы;
  • О. Виктория;
  • Чоң Антиль аралдары;
  • Алеут аралдары;
  • Өлүм өрөөнү;
  • Лабрадор жарым аралы;
  • Ньюфаундленд аралы;
  • Багам аралдары;
  • Мичиган көлү;
  • Сент-Лоуренс дарыясы.
  • Колорадо дарыясы
  • Буве жарым аралы
  • Линкольн деңизи
  • Элсмир аралы

ТҮНДҮК АМЕРИКА

ҮЧҮНЧҮ ЭТАП

Мазмуну: берилген текст боюнча саякатты элестетүү.

Максаты: окуучулардын география предметинен алган билимдерин өз максатына жетүүдө аз убакыт сарптап, максималдуу натыйжа ала алууларын текшерүү.

Узактыгы: 15 мүнөт.

Керектелүүчү каражаттар: дүйнөлүк атластар, кагаз барактары, өчүргүч, карандаш, дүйнөнүн контур картасы (мугалим алдын ала басып чыгарып, команда капитандарына таратат).

Команданын капитандарынын милдети ишти мүмкүн болушунча оптималдаштыруу жана команданы анын бардык мүчөлөрү тартылгандай кылып уюштуруу. Ар бир команданын капитанына тапшырманын шарттары жазылган баракча жана дүйнөнүн контур картасы берилет. Окуучулардын милдети: контурдук картага берилген текст аркылуу географиялык обьектилерди аныктап, саякаттын маршрутун түзүп, географиялык обьектилерди  тиешелүү сандар менен көрсөтүү. Андан кийин бардык чекиттерди туташтырып чыгуу. Ошондой эле маршруттук баракчада окуучулардын визуалдык жөндөмүн текшерүү үчүн түзүлгөн географиялык объекттердин сүрөттөрү бар.

Бул тапшырманы баалоо төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • контурдук картада бардык объектилердин аталыштарын туура көрсөтүү жана чийүү — 20 упай;
  • капитан тарабынан команданын ишин уюштуруу — 5 упай;
  • тапшырманы аткаруунун ылдамдыгы – 3 упай.

Викторинанын акыркы этабынан кийин ар бир команданын жалпы жыйынтыгы аныкталып, жеңүүчү команда жарыяланат.

ЖОГОЛГОН ДЕҢИЗ ЖОЛУ МЕНЕН САЯКАТ

Окуучулардын саякаты Жер шарынын эң түндүк континентинен (1) башталат, анын көпчүлүк бөлүгүн эки гана мамлекет (2, 3) ээлейт.

Биздин саякатыбыздын башталыш чекити арал (4) болот, анын аты эң кичинекей континенттин улуу чөлү менен бирдей. Андан сырткары башка материктеги бир эле учурда төрт жарым шарда жайгашкан эң чоң көл жана эң чоң шаркыратма биздин саякатыбыз башталган аралдын аты менен аталат.

Биз түндүк-чыгыш тарапка карай багыт алабыз, биздин алдыбызда дүйнөдөгү ири аралдардан турган эң чоң архипелаг тосуп алат (5).

Андан ары дүйнөдөгү эң чоң аралдын (7) чыгыш жээгин жууп жаткан деңизден (6) өтөбүз.

Түндүк жарым шардагы эң кенен кысыктан (8) өтүп, ачык океанга (9) чыгабыз, анда айсбергдер 30° түндүк кеңдикке чейин калкып турат. Дал ушул океанда ХХ кылымдын эң улуу кемеси чөгүп кеткен.

Жолдо биз дүйнөдөгү эң күчтүү жылуу агымга (10) туш болобуз. Ал Түндүк Европанын климатына олуттуу таасир этет.

Анан биз жээги жок таң калыштуу деңизге (11) сүзөбүз. Бул деңизде табышмактуу (12) аралдары бар, анда баары жок болуп кетет… Сыягы, бул жолу ал жакка сүзбөйт окшойбуз.

Эми биз саякатыбызды андан ары улантып, бүткүл дүйнөгө өзүнүн каракчылары менен белгилүү болгон деңиз (13) аркылуу сүзүп, эки континентти (14, 15) бөлүп турган канал (16) аркылуу сүзөбүз. Биз жер жүзүндөгү эң чоң океандын сууларында туш келдик (17).

Биз дүйнөдөгү эң узун тоо системасы (18) жана дүйнөдөгү эң кургак чөл (19) жайгашкан материкти бойлой сүзөбүз.

Ал эми акыркы баруучу кысык (20) болот, ал эң көп бороон-чапкындар болгон океанды «Тынч» деп атаган деңиз саякатчысынын атын алып жүрөт.

ТҮНДҮК АМЕРИКА

Жооптор:

1 — Түндүк Америка;

2, 3 — Канада, АКШ;

4 — Виктория аралы;

5 — Канадалык Арктикалык архипелаг;

6 — Баффин деңизи;

7 — Гренландия аралы;

8 — Дэвис кысыгы;

9 — Атлантика океаны;

10 — Гольфстрим агымы;

11 — Саргассо деңизи;

12 – Бермуд үч бурчтугу;

13 — Кариб деңизи;

14 — Түндүк Америка;

15 — Түштүк Америка;

16 — Панама каналы;

17 — Тынч океан;

18 — Анды тоолору;

19 — Атакама чөлү;

20 — Магеллан кысыгы.

БЛИЦ-СУРАМЖЫЛОО: ЧЫНЖЫРЧА ЫКМАСЫ

Сабактын максаты: үй тапшырмасын текшерүү. Мурдагы сабакта үйгө берилген тапшырма боюнча биринчи окуучу экинчисине кыска суроо берет. Экинчи окуучу үчүнчү окуучуга, үчүнчү окуучу төртүнчү окуучуга… Суроо берүү акыркы окуучуга чейин уланат. Жооп берүү убактысы бир нече секундду түзөт. Мугалим темага туура келбеген же туура эмес суроону алып салууга укуктуу. Ар бир окуучу сурамжылоого катышуудан баш тартууга укуктуу, ошондуктан процедуранын бузулушуна жол бербөө үчүн мугалим окуучулардын кимиси бул сурамжылоого катышууну каалаарын алдын ала аныктайт.

Бул ыкма окуучулардан үй тапшырмасын текшерүүнүн эң жакшы ыкмасы болуп саналат. Сурамжылоо саат жебеси боюнча бир айланып чыккандан кийин мугалим оюндун эрежесин бир аз өзгөртүп, суроолорду сааттын жебесине карама-каршы багытта баштоого буйрук берет. Бул аркылуу окуучулар мурда суроо берген окуучуга суроо берүү укугуна ээ болот. Бул сурамжылоодо башкаларга караганда тез жана көп суроого жооп берген окуучу жеңүүчү болуп саналат. Окуучуларды баалоого мугалимдин өзү жетишпей калышы мүмкүн, ошондуктан мугалимге мындай учурда сурамжылоого башында катышуудан баш тарткан, тактап айтканда тапшырма аткарбай келген окуучулар жардамга келишет. Себеби, мугалим башында аларды жардамчы катары шайлап алат жана алар сурамжылоонун баштан аягына чейин көз салып, карап турат.

Мугалим бул ыкма аркылуу окуучулардын канчалык сабакка даярданып келгендигин бат эле текшерип алат. Ал эми теманы дагы да кененирээк билүү үчүн окуучулар менен биргеликте талкуу уюштурат.

ТҮНДҮК АМЕРИКАНуристан Марат уулу, №52 мектептин география мугалими

 

Бөлүшүү

Комментарийлер