«УЛУТТУК НАРК — ҮЙ-БҮЛӨДӨН БАШТАЛАТ» (Ата-энелер чогулушу)
- 18.03.2026
- 0

Максаты: Ата-энелерге улуттук баалуулуктардын маанисин түшүндүрүү, үй-бүлөдө колдонуу жолдорун бирге талкуулоо. Унутта калып бара жаткан каада-салттарды келечек муунга үйрөтүү.
Колдонулган ыкмалар: Интерактивдүү оюн, оюн-талкуу, көрүнүштөр, топтордо иштөө
Убактысы: 45–60 мүнөт
Жагымдуу музыканын коштоосунда ата-энелер класска киришет, чүкөнүн жатышы менен: «бөк», «таа», «чик», «айкүр» деген топторго бөлүнүшөт.

Салтанаттуу ачылыш (7 мүнөт)
Комуз күүсү. (жандуу аткарууда)
Бий. “Комузчу”(1- “Б” классынын окуучу кыздарынын аткаруусунда).
Мугалим:
Саламатсыздарбы, урматтуу ата-энелер, кесиптештер! Бүгүнкү жыйыныбыздын темасы – “Улуттук нарк – үй бүлөдөн башталат”. Балага билимди мектеп берет, бирок наркты — үй-бүлө берет. Ошондуктан бүгүн биз бир командабыз.
КРнын Президенти Садыр Жапаровдун “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолунун жарлыгы тууралуу видео ролик көрсөтүлөт.
Жылуу башталыш – “Менин баламдагы жакшы сапат” (5 мүнөт).
Ар бир ата-эне бир сүйлөм менен айтат:
“Менин баламдын эң жакшы сапаты — …”
Максаты: позитивдүү маанай түзүү.
Кыскача баяндама (10 мүнөт)
Мугалим:
Улуттук баалуулуктар деген эмне?
Элибиздин улуулугу илгертен эле жашообуздун уюткусу болуп келген.
Өзгөчө — улуттук үрп-адатыбыз, каада-салтыбыз, жөрөлгөлөрүбүз, накыл-сөздөрүбүз, теңдешсиз «Манас» эпосубуз келечек муундарды тарбиялоодогу жашоонун табылгыс философиясы.
“МАНАС” айтылат. (1-“Б” классынын окуучуларынын аткаруусунда).
Мугалим:
Улуттук нарк деген эмне? Топторго суроо.
Улууну урматтоо, кичүүгө кам көрүү, ыйман, эмгекчилдик.
Бүгүнкү балдардын чөйрөсү: телефон, интернет, мультфильмдер.
Эгер нарк үйдөн берилбесе — мектеп жалгыз жетишпейт.
Интерактивдүү доскада накыл сөздөр көрсөтүлөт, ата- энелер улантып айтышат.
1.”Бала тили -…..” (бал)
2.”Бала ата –эненин …..” (күзгүсү)
3.“Уядан эмнени көрсө, ………” (учканда ошону алат)
4. Бешиктеги баланын ………? (бек болоорун ким билет)
5. Баланы ата күтөт тукумум улансын деп,
“Баланы эне күтөт ………. (учугум улансын деп).
6. Баланы таяк менен эмес …………. тарбияла. (акыл)
Ата-энелер улантышат.
Эс алуу минутасына чүкө менен “Кара жорго” музыкасынын коштоосунда кыймылдар аткарылат.
Топтук иш: көрсөтмө куралдардын жардамы менен аткарып беришет.
1-топ: Наристе жаңы төрөлгөндө кандай салттарды колдонобуз?
2-топ: Наристе бирге чыкканда кандай салт колдонобуз?
3-топ: Бала үчкө толгондо колдонулуучу салт.
4-топ: Баланы өнүктүрүүчү кандай улуттук оюндар бар?

Видео ролик: окуучулардан сурамжылоо. “Жети атаңды билесиңби?”
Ата-энелер жети атанын аталышын айтышат:

10. Жыйынтыктоо. “Нарк дарагы” (10 мүнөт)
Доскага дарактын сүрөтү тартылат.
Ата-энелер стикерге жазат:
Тамырына — үй-бүлөдө берилчү нарктарды;
Бутактарына — баладан көргүбүз келген сапаттарды жазып чапташат, талкууланат.

11. Жүрөктөн чыккан сөз (мугалимдин кайрылуусу) (5 мүнөт)
Урматтуу ата-энелер,
Наристелер жазылбаган ак барак,,
Эмне үйрөтсөң, так ошону аткарат.
Мүнүшкөрү саяпкери келишсе,
Шумкар болуп, тулпар болуп тапталат
демекчи..
Улуттук нарк — бул сабак эмес, бул күнүмдүк жашоо.
12. Кайтарым байланыш (5 мүнөт)
Ата-энелерге карточка таркатылат:
✔ Бүгүн мага пайдалуу болду…
✔ Үйдө колдонууга алам…
✔ Сунушум…
13. Жыйынтык
Баары чогуу айтат:
“Бала тарбиясы — жалпы иш.”
Комуз күүсү менен жыйын жабылат.

НАСИРОВА Айпери, Бишкек шаары, Ленин району, №40 жалпы билим берүү мектеби
Комментарийлер