Уңгу жол – урпактарга улуу жол

  • 18.02.2026
  • 0
Уңгу жол – урпактарга улуу жол

Муратова Айнура, №3 “Чаңгыр-Таш” орто жалпы билим берүү мектеп-мекемесинин кыргыз тили жана адабияты мугалими, Сузак району

Класс: 9 “б”

  1. Сабактын максаттары:
  • Билим берүүчүлүк: Окуучулар кыргыз элинин каада-салты, тарыхый мурастары жана “уңгу” түшүнүгү боюнча терең маалымат алышат.
  • Өнүктүрүүчүлүк: Өз алдынча ой жүгүртүүгө, улуттук нарктардын жана руханий баалуулуктардын маанисин талдап, баалай билүүгө үйрөнүшөт.
  • Тарбиялык: Ата-бабалардын жолун улантууга жана улуттук баалуулуктарды аздектей билүүгө тарбияланышат.

Сабактын тиби: Аралаш сабак

Сабактын жабдылышы: Учкул сөздөр жазылган плакаттар, сүрөттөр, проектор, кыргыз күүсү.

  1. Сабактын картасы (Тайм-менеджмент):

Сабактын этаптары, убактысы, мугалимдин жана окуучунун иш-аракети

  1. Уюштуруу (5 мүн.)

Саламдашуу, поэтикалык маанай түзүү жана максатты түшүндүрүү.

  1. Мээ чабуулу (5 мүн.)

«Мен кыргызмын…» логикалык чынжыр оюну жана «уңгу» сөзүн чечмелөө.

  1. Жаңы тема (20 мүн.)

Улуттук баалуулуктардын философиясын талдоо (боз үй, калпак, комуз, Манас).

  1. Бышыктоо (10 мүн.)

Накыл сөздөр, «Жоолук таштамай» оюну жана хор аткаруу.

  1. Жыйынтыктоо (5 мүн.)

Философиялык корутунду жана үйгө тапшырма берүү.

III. Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу жана саламдашуу

Мугалим:

Дайым ачык кабагым,

Дайым даяр сабагым.

Саламатты каалаймын,

Саламатсыңарбы, балдарым!

Күн чыкканда кубанып,

 

Күлүп тосуп алабыз.

Кыргыз тили сабагын,

Биз шаңдуу баштайбыз!

-Сабактын максатын түшүндүрүү

2) Өтүлгөн теманы кайталоо

Суроо-жооп аркылуу талкуу жүргүзүшөт.

Уңгу жол – урпактарга улуу жол

  1. Интеллектуалдык чакырык

Мугалим: Мен кыргызмын, анткени ак элечек кием. Келгиле, бул сүйлөмдү улантабыз.

Асан: Ала-Тоонун боорунда, Акыл калчап бийиктен. Ар намыстуу кыргыздар, Аппак калпак кийишкен.

Гүлүмай: Комуз менен кыргыз күүсүн чертемин.

Ураан: Эр Манасты сүйүп окуп даңктаймын.

Гүлзина: Өз тилимде сүйлөйм, ырдайм, ыр жазам.

Нуркыз: Меймандосмун конок келсе сыйлаймын

Мугалим: Азаматсыңар балдар, “Уңгу” деген сөздү кандай түшүнөсүңөр?

Эрлан: Негиз, тамыр.

Айсезим: Башталыш, өзөк деген.

Мугалим: Ооба, ар бир элдин өзүнүн баскан жолу, тарыхы жана терең тамыры, көөнөрбөс баалуулуктары болот. Кыргыз эли үчүн “уңгу жол” бул миңдеген жылдар бою калыптанган каада-салтыбыз, үрп-адатыбыз, эне тилибиз жана “Манас” баштаган мурасыбыз. Бүгүнкү “Уңгу жол — урпактарга улуу жол” аттуу тарбиялык сабагыбызда улуттук аң сезимди ойготуу, мекенге болгон сүйүүнү арттыруу жана ата-бабалардын жолун татыктуу басып өтүү.

Уңгу жол – урпактарга улуу жол

  1. Негизги бөлүк: Руханий казына

Мугалим: Кыргыздын руханий баалуулуктары жөнүндө эмне билесиңер?

Боз үй – ааламдын модели жана архитектуралык керемет.

  • Зейнеб: Боз үй — элдин сергек акылынан чыккан, теңдешсиз өзүнчө өнөр.
  • Айтгүл: Анын ичинде кыргыздын тарыхы, маданияты, тили жана ой-акылы жатат.

Улуттук сыймык – Ак калпак жана Комуз.

Сыймык: Ак калпак — Ала-Тообузга символдоштурулган, тазалыктын белгиси болгон элдик баш кийим.

Нуркыз: Комуз кыргыз элинин эң байыркы жана эң сүйүктүү үч кылдуу чертме музыкалык аспабы. Ал жөн гана музыкалык аспап эмес кыргыздын тарыхын, тагдырын камтыган рухий казынасы.

Мугалим: Акылман акыл- эстүү ар бир сөзү белгилүү. Кандай накыл сөздөрдү билесиңер?

Айжамал: Элиңдин ким экенин билгиң келсе, анын наркын бил.

Айпери: Нарк кетсе – калк кетет,

Тил кетсе — дил кетет.

Ариет: Уңгусу бекем улуттун келечеги жарык.

Манас – кыргыз рухунун туу чокусу.

Ураан: “Манас” — кыргыздын рухий туусу, улуттун уңгусу.

Сыймык: Атадан калган мал эскирет, атадан калган насаат эскирбейт.

Мугалим: “Манас” кыргыз рухунун туу чокусу Манас-кыргыз элинин улуттук сыймыгы, дүйнө элдеринин алдындагы айтып бүткүс үлкөн мактанычы, руханий кубат берип турчу улуу эстелик мурасы. Элнура: Манас эпосунан үзүндү “Көкөтайдын ашы”.

Уңгу жол – урпактарга улуу жол

  1. Кыргыз элинин улуттук оюндары: Жоолук таштамай

Балдар канча болсо тегерете отурат. Ал балдардын арасынан кызбы, эркекпи жоолугун эшип алып олтурган балдардын аркасы менен кыдырата басып келе жатып,жоолугун бир баланын аркасына эч кимге билгизбей таштап коёт. Анын таштаганын билбей калса дагы айланып басып келип жоолук ташталган баланы жоолукту ала коюп сабап калат. Эгерде аркасына жоолук ташталганын байкап калса, ал (бала же кызды) кууп жөнөйт. Качкан бала ордуна отурганча кууп жетсе, жоолук менен чабат. Жетпей калса, тегерете айланып жоолукту таштап оюнду улантат.

Хор: «Кыргыз калкым». Окуучулар улуттук кийимдин жана меймандостуктун баркын даңазалаган ырды аткарышат.

Хор: Кыргыз калкым

Кемер кур, кемсел өтүк, ак калпагы,

Кээ бирөө билбейт жүрөт анын баркын.

Элинен белги берип тааныштырган,

Киймиңден кагылайын, кыргыз калкым.

Кайырма:

Кыргыз калкым, кыргыз калкым,

Киймиңден кагылайын, кыргыз калкым.

Үйүнө конок келсе жүзү жарык,

Кой союп, сыйлай билет ата – салтын.

Кызытып кымыз берип, май жегизген,

Пейлиңден кагылайын, кыргыз калкым.

Кайырма:

Кыргыз калкым, кыргыз калкым,

Пейлиңден кагылайын, кыргыз калкым.

Жыйынтыктоо: Бүгүнкү күндө биз технологиянын жана маалыматтын заманында жашап жатабыз. Бирок канчалык алдыга жылбайлы, адамдык сапаттар, меймандостук, улууну сыйлоо, кичүүнү ызаттоо жана мекенчилдик сыяктуу “уңгу” түшүнүктөр эч качан эскирбейт. Уңгу жолду улантуу – бул улуттун жашоосун улантуу. Биздин милдет ошол улуу жолду адашпай, келечекке ишенимдүү кадам таштоо.

Үйгө тапшырма: “Үй-бүлөлүк салттар – тарбиянын булагы” деген темада эссе жазуу.

Бөлүшүү

Комментарийлер